Айткандын оозу жаманбы?: Дарыгерлерди коркутуп-үркүтүү нааразылыкты күчөттү

Сүрөттүн булагы, ATTA KENARE
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда Covid-19 вирусун жуктурган дарыгерлердин саны 79га жетти. Бул жалпы бейтаптардын 20 пайызын түзүп калды. Депутат Элвира Сурабалдиева вирус менен күрөшүү дарыгерлерди тыйып жаткан УКМКнын да милдети деди.
Вирусту жуктурган медкызматкерлердин арасында бейтапканада кандай адис иштесе, баары бар. Ашкана кызматкери менен санитардык кызматкерден дарыгерге чейин. Көбү Ошто.
Медкызматкерлер кандай тартипте иштеди?
Алар кандай шартта иштегени тууралуу кенен маалымат жок, бирок күн өткөн сайын улам жаңы жагдайы белгилүү болуп келатат. Мисалы, вирус тастыкталып ооруканага жаткырылган бейтаптарды кароо үчүн дарыгерлер бригадасы менен 14 күнгө кирип, ошол бөлүмдөн чыкпай иштеп жатышат.
Бирок диагноз так коюлганга чейин вируска шектүү катары обсервацияга алынган жарандар менен канча медик иштеген? Аба майдандан тарта, үйлөрдү, мейманканаларды бейткапканада кадимки башка кишилерди кабыл алган канча медик кыдырып турду? Алар кайсы адистиктеги дарыгер экенине карабай, бир суткадан нөөмөткө чыгып жатышты.
Мурдараак муну Би-Би-Сиге Бишкектеги ири бейтапканалардын биринде иштеген дарыгер айтып берген:
"Менин нөөмөтүм келген экен "Гансидеги" обсервацияга барып келдим. Бир сутка ошол жерде ар бирин карап, дене табын текшерип жүрдүк. Эки киши иштедик. Кол кап, беткап, коргоочу кийимди кийип кирдик. Эртеси нөөмөт бүткөндө чыгып кеттик".
Бирок вирус жуккан биринчи учур аныкталганга чейин, андан кийин деле мындай кызматкерлер өздөрү карантинге алынган жок.
Ал эми вирус такталган бейтаптарды караган биринчи агымдагы медиктердин 14 күндүк нөөмөтү бүткөндө эле вируска кабылган дарыгерлердин саны өстү. Жада калса дарыгерлердин анализин учурунда чыгарууга реагент болгон жок. Муну Би-Би-Си аймактагы бейтапканалардын бириндеги кызматкерлердин сөзүнөн билди. 29-мартта кызматкерлерден анализ алынса, кеминде он күндө жыйынтыгы чыкты жана ошол учурдан бери саны өсүп келатат.

Сүрөттүн булагы, official
Коргоонуунун азабы
Апта соңунда Ысык-Ата районунда иштеген Бектур аттуу жаш дарыгер "Твиттерде" беткап жетишсиз экенин жазган. Бирок кийин аккаунтун өчүрүп, жалган маалымат берген үчүн кечирим сураган видеосу тараган. Коомдук тармактардын колдонуучулары аны УКМК кечирим суратты деп дарыгерди колдоого алышууда.
Андан мурда Ошто вирусту жуктурган медкызматкерлердин биринчи вице-премьер министр Кубатбек Бороновго наарызы болгону белгилүү.
Вице-спикер Аида Касмалиева Ошто дарыланып жаткан дарыгерлер менен байланышканын, абалы оор экенин айтууда.
Алар өкмөттүн акчасына да ыраазы экенин айтып, болгону атын каралабоону суранышкан.
"Алар жумушта жуктурдук дешти. Жашы улгайганына карабастан умрадан келгендерге жиберилген. Обсервацияга киргенде форма кийишкен. Бирок аны туура кийип чечүү, туура жок кылуу боюнча үйрөтүшкөнбү? Кесиптештер чогуу тамактанышчу экен. Эртең менен жана кеч баарын бир минибус ташыган, бир унаада көп киши болуп жатат. Жумуш учурунда жуктурган да", - дейт Касмалиева.
Касмалиеванын айтымында, биринчи вице-премьер министр ажы тойго барып бардык кесиптештерине жуктурду деген дарыгердин абалы оор.
Бул дарыгерлер да обсервацияда иштеген жана өздөрү бир жолу байланышка баргандан кийин карантинге алынганбы?

Сүрөттүн булагы, official
Дарыгерлерди коркутуу менен коопсуздук чечилеби?
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева дарыгерлерди коркутууну токтотуп, ачык маалымат берүүнү өкмөттөн талап кылды.
"Дүрбөлөң салбайлы деген шылтоонун арты мыйзамсыз коркутуулар болуп жатат. Мыйзамда мындай нерсе жок. Мен шайланган Сокулук районундагы үй-бүлөлүк бейтапкананын башкы дарыгеринин орун басарына УКМКнын райондук кызматкерлери барып, мындай сүйлөгөн болбойт деп кадимкидей сүйлөшүү жүргүзүп кетишиптир. Видеодо сүйлөтүштү. Сокулукта райадминистрация курчоого алынганын айткан бир жигитти да кармап, телевизордон көрсөтүп коркутуп-үркүтүштү", - деди Сурабалдиева Би-Би-Сиге.
Сурабалдиева ар мекемеде өзүнүн ишин билбеген адистер сыяктуу эле коопсуздук эмне экенин билбеген кызматкерлер да бар деди.
Ал вирустун Кыргызстанда жайылышына УКМК да түздөн-түз жоопкерчиликтүү деди:
"Бул мамлекеттик коопсуздук. Жетекчиликке алдын ала маалымат берип, элди тиякка чыгарбаш керек, киргизбеш керек деп иштей турган ушул орган болчу. Биз болсо саламаттык сактоо министри менен социалдык тармакты жетектеген вице-премьер министрди гана күнөөлөдүк. УКМКда эч кимге жете электе жеткен маалымат болот. Анан булар кандайча маалымат чыгарган адамдарды жазалоого өтүп алышканын түшүнгөн жокмун".
Кыргызстанда вирус менен күрөшүүгө медкызматкерлер тартыш экенин, алар алтынга тете болуп жатканын мурдагы вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова Би-Би-Сиге 2-апрелде айткан. Анда бир да вирус жуктурган медкызматкер жарыялана элек болчу.
Азыр тастыкталган 79 дарыгер, алар менен байланышта болгон башка дагы канча кызматкер обсервацияда жатканы, бейтаптардын дарылануусу кандай жүрүп атканы бүдөмүк.
Дарыгерлердин иштөөгө күчү калыш керек
Бишкекте иштеген дарыгер, активист Эрмек Исмаилов кесиптештерине азыркыдай мамиле улана берсе, алардын иштегенге күчү да, каалоосу да калбай калат дейт:
"Аларга коронавирус жугуп жатат, оор шартта иштеп жатышат, кооргочу каражаттар жетишсиз десе, кечирип суратып жатат. Дарыгерлерди азыр ар тараптуу колдош керек эле. Аларды жергиликтүү эл, өздөрүнүн бөлүм башчылары, жетекчилери, миинистрлик колдош керек. Дарыгерлерге психологиялык жактан оор болуп жатат. Кысым көрсөтө берсек иштегенге кара күчү да, моралдык күчү да калбайт".
Исмаиловдун баамында, маселе өкмөттө, ар бир оорукананын өзүндө жана бөлүмдөрүндө болуп жатат. Ошондуктан айрым жерлерде коргоочу каражаттар менен шарт бар дешсе, айрым жерлерде алгачкы күндөрү такыр эле эч нерсеси жок иштешкен.
Орто деңгээлдеги жетекчилерден көп нерсе көз каранды экенин депутат Элвира Сурабалдиева да белгиледи. Ал Караколдо 200 беткапты жетекчибиз үйүнө алып кетип калган деген медкызматкерлердин кайрылуусун мисал келтирди.
Ал эми дарыгерлердин жумуш шартын элге ачык көрсөтүш керек деген доктор Исмаилов маселе кесиптештерине да байланыштуу экенин айтты. Ал белгилегендей, жергиликтүү дарыгерлер журналисттер менен байланышкандан көрө тынч жүрөйүн деген көз карашты карманышат.









