Өкмөттүн дарыгерлерге мамилеси "өлгөндүн үстүнө көмгөнбү"?

Саламаттык сактоо министрлиги тараткан сүрөт

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саламаттык сактоо министрлиги тараткан сүрөт
    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Ош шаарында бир ооруканада медкызматкерлер тобу менен коронавирус жуктургандан кийин ал жердеги ири бейтапканалардын башкы дарыгерлери алмашып жатканы кабарланууда. "Адилет" укуктук клиникасы дарыгерлерге куугунтукту токтотуу боюнча президентке кайрылды.

Ош шаардык ооруканасына жаңы жетекчи келатканын кызматкерлери айткан менен Саламаттык сактоо министрлиги расмий маалымат берген жок.

Бул боюнча Ош шаардык мэриясынан тактоого да мүмкүн болгон жок. Медкызматкерлер ооруканага буга чейин Облустар аралык балдардын клиникалык бейтапканасын башкарып келаткан Кыялбек Ташполотов коюлуп жатканын айтышты.

"Ашууда ат алмаштырып"

Катардагы дарыгерлердин айтымында, эки жердин баш дарыгери орун алмашууда.

Шаардык бейтапканага кызматкерлери коронавирусту жуктуруп алган Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар бейтапканасы карайт.

Медкызматкерлер коргоочу каражаттар эми гана келип жатканын айтышууда

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Медкызматкерлер коргоочу каражаттар эми гана келип жатканын айтышууда

Буга чейин Ала-Бука региондор аралык ооруканасынын башкы дарыгери жумуштан алынган. Кызматкерлери эпидемия учурунда жетекчибизди кетирбей, кайра коюп берсин деген талаптарынан кийин да кызматка кайтарышкан жок.

Алар тараткан видео кайрылууда дарыгерлердин бири "Биз буга психологиялык жактан да, физиологиялык жактан да даяр эмес болчубуз. Жетекчибизге тийишпей, ишин кылышсын. Андан көрө умрадан келгендерди бизге жайылтпай алып калыш керек болчу" деп жашып жиберген.

Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов ал жерде эки бейтапты караш үчүн жети кызматкер вирус жуктурган, жетекчиси алдын ала чара көрбөгөнү үчүн алынды деди.

Саламаттык сактоо министрлигинин байкоо кеңешинин мурдагы төрайымы Нурхан Жумабаева азыр вирус жуккан үчүн жетекчилерди жазалоо учуру эмес дейт.

"Башкы дарыгерлер кызматкерлерин коргоо каражаттары менен камсыз кыла албаганы акчага байланыштуу болбодубу. Жетекчиге коюлуп жаткан айыпты адегенде комиссия териштириш керек. Жетекчилердин баарын жазаласак, ким иштейт? Негизи эле жетекчисиз калганда жамааттын маанайы жоголуп, чөгүп кетишет, ал эми мындай учурда ого бетер бул жагдай маанилүү. Аларды тилдегендин оордуна коргошубуз керек эле", - деди Жумабаева.

Ал эпидкырдаалга даяр эместиги билинип жаткан өкмөт органдары биринчи катарга дарыгерлерди коюп, кайра аларды жазалашы адамдык абийирге деле тескери экенин кошумчалады.

Обсервацияга жарандарды кабыл алган медиктерге каражаттар жетиштүү болбогону айтылууда

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Обсервацияга жарандарды кабыл алган медиктерге каражаттар жетиштүү болбогону айтылууда

Жумабаева эл менен катар дарыгерлер да коркуп, жаңы илдетке бетме-бет келип, алапайын таппай турганда жазалоо максатында эмес, башкы дарыгерлердин ордун алмаштыруу деле маселени чечпейт деген ойдо. Ал Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги жакшылап ойлонуп чечим чыгарса болмок деди.

"Кара эчкиге жан кайгы, касапчыга мал кайгы"

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, Социалдык маселелер боюнча комитеттин мүчөсү Жанарбек Акаев эпидемиялык кырдаалга карабай башкы дарыгерлерди дайындоодо саясий кызыкчылыктар уланып жатканын белгиледи.

"Азыр эч бир партиянын, саясий топтун өкүлү же жакыны, тууганы, бажасы деген нерсеге карабаш керек. Илдетти жеңүү үчүн адискөй менеджерлерге гана басым жасаш керек. Ушундай учурда ротация кылып, ошондо дагы саясий топтордун жакындарын жетекчилик кызматтарга коёбуз деген аракет такыр туура эмес. Өкмөт ар кандай кландарга багынып бербей, азыр дарыгерлердин кызыкчылыгын коргоо үчүн катуу туруш керек", - деди Акаев Би-Би-Сиге.

Ал эми Жумабаева кандай болгон күндө да акыркы чечим министрликте экенин белгилеп, бир жетекчини кызматтан алууга негиз болуш керек деди.

Дарыгерлерди куугунтуктоону токтоткула

Ал тапта "Адилет" укуктук клиникасы медициналык кызматкерлерди куугунтуктоону токтотуу талабы менен президентке кайрылуу жолдоду.

Анын жетекчиси Чолпон Жакупова көп дарыгердин вирусту жуктуруп алганы алардын оозун жаап, медициналык каражаттардын жетишпегенин айттырбай, жашырып келген саясаттын жыйынтыгы деп эсептейт.

34 медкызматкер вирусту жуктуруп, алар байланышта болгон кесиптештери да обсервацияда

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 34 медкызматкер вирусту жуктуруп, алар байланышта болгон кесиптештери да обсервацияда

"Азыр дарыгерлер өтө оор абалда турушат. Ошого карабай биздин чоңдор аларды колдогондун ордуна коркутуп үркүтүп жатышат. Азыр баары коркуп калган. Вирус биринчи аныкталган күндөн тарта коомдук тармактарда коргоочу каражаттары жок экенин айтышты. Бирок бийлик андай эмес, бюджетте акча бар деп оозун жапты. Медицина кызматкерлеринин статусу боюнча мыйзам жазуу үчүн биз уктук нормаларды караганда укук коргоо органдары - ИИМ, УКМК дарыгерлер менен мугалимдерге караганда социалдык жактан корголгонун көрдүк. Кенемтелер ошолорго төлөнөт экен, үйлөр ошолорго берилет экен. Биз социалдык эмес эле, полиция өлкөсү экенбиз", - деди Жакупова Би-Би-Сиге.

Дарыгерлер журналисттерден жаа бою качып, жумушу тууралуу айтып берүүдөн баш тартышты. Ошол эле саналуу күн мурда жетекчибизди кайра жумушка коюп бергиле деген Ала-Бука районундагы оорукананын кызматкерлери да маалымат берүүдөн карманып, азыр баары жакшы болуп калганын айтышты.

Ал эми жетекчилери алмашып жаткан ооруканалар боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Коронавируска каршы штаб дарыгерлердин вирусту жуктуруу маселесин иликтөө үчүн адистер Ошко кеткенин билдирди.

"Вирусту конокто эмес, жумушта жуктурдук"

Оштун балдар жугуштуу ооруканасынын обсервацияда жаткан кызматкерлери вирусту конокко барып эмес, бейтаптан жукканын айтып билдирүү таратышты. Он жети кызматкердин аты-жөнү, колу турган катта ушинтип айтылат.

Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов

Сүрөттүн булагы, Gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов

Биринчи вице-премьер министри Кубатбек Боронов 8-апрелде бир медкызматкер жети кесиптешине жугузганын айткан эле:

"Айрым медкызматкерлер вирусту жумуштан сырткары жуктурган. Бир дарыгер умрага барып келип элди чакырган кошунасынын чайына барып вирусту жуктуруп алганы такталып жатат. Анализи чыкканга чейин өзү да байкабай жүрүп, кесиптештерине жуктурганы боюнча саламаттык сактоо министрлиги бизге маалымат берди".

Ал эми медкызматкерлер обсервацияга бейтаптарды жаткырып, өздөрү коргоочу каражаттары жок иштешкенин айтышууда.

Укук коргоочу Чолпон Жакупова өкмөт аба майданда карантиндик зоналарды уюштурбай, умрадан келгендерди элге аралаштырып жиберип, обсервацияга кабыл алган дарыгерлерди коргоочу кийим менен камсыздабай бир нече каталарды кетирди деди . Ал бийлик иш-аракеттерин тез арада жөнгө салыш керек деген ойдо.

9-апрелге Кыргызстанда 34 медицина кызматкери коронавирусту жуктурганы же жалпы сандын ар бир сегизинчиси медик экени аныкталды.