Пандемия учурунда лидерлик сапатын көрсөткөн башчылар

These female leaders have acted quickly and based on scientific considerations
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул аял лидерлер илимий жүйөөлөргө таянып, тез арада чара көргөн
    • Author, Пабло Учоа
    • Role, BBC World Service

Жаңы Зеландия, Германия, Тайвань же Норвегияда Covid-19 вирусунан көз жумгандар саны салыштырмалуу аз болуп жатат. Ал эми эксперттер бул мамлекеттердин лидерлери туура убакытта, туура чара көргөн деген пикирин билдиришүүдө.

Абройлуу Forbes журналы бул өлкөлөрдүн башчылары кризис учурунда "чыныгы лидерлик сапаттарын" көрсөтө алды деген тыянак чыгарды.

"Адамзатка оор болгон учурда аялдар чыныгы лидер кандай болушу керек экенин дүйнөгө көрсөтүп жатышат",-деп жазат Forbes журналы.

Учурда Жер бетиндеги мамлекет башчыларынын 7 гана пайызы аялдар. Ага карабастан, дал ушул өлкөлөр Covid-19 вирусу менен натыйжалуу күрөшүп жатат.

Эмнеге аял лидерлери коронавирус менен ийгиликтүү күрөшүп жатат?

Эрте чара көрүү

Исландиянын премьер-министри Катрин Якобсдоуттир вирусту аныктоочу тесттерге басым жасаган. Өлкөнүн калкынын саны аз - 360 миң.

Ошондой эле, премьер-министр Январдын аягында эле жыйырмадан көп кишинин топтолгонуна тыюу салган. Бул учурда Исландияда вирусту жуктурган бир дагы киши жок эле.

Austurstraeti street in downtown Reykjavik, Iceland on April 3, 2020.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Исландия вирусту аныктоочу тесттерге басым жасап, жыйырмадан ашуун кишиге топтошууга тыюу салган

21-апрелге карата Исландияда 1770ден ашуун киши вирусту жуктуруп, он киши көз жумду. Бул Исландиянын коңшу мамлекеттерине салыштырганда абдан ийгиликтүү көрсөткүч.

Тайванда (расмий Кытайдын бир бөлүгү) президент Цай Инвэнь дароо эпидемияны көзөмөлдөө борборун түзүп, вирустун жайылышына байкоо жүргүздү. Өлкө лидери вирустан коргонуучу кийимдерди жана беткап сыяктуу башка каражаттарды өндүрүүгө буйрук дагы берген. Дүйнөдө вирустун коргонуучу каражаттар тартыш болуп жатканда, Тайвань жетиштүү көлөмдү өндүрүп жатты. 24 миллион калкы бар өлкөдө алты адам вирустан көз жумду.

Ал тапта Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн Covid-19 вирусуна каршы эң катаал чараларды кабыл алды. Башка мамлекеттер вирустун жайлышынын туу чокусуна жетүүнү көздөп турганда, Ардерн айым аны толугу менен жок кылууга умтулуп жатат. 21-апрелге карата Жаңы Зеландияда 12 киши вирустан көз жумду.

Taiwan President Tsai Ing-wen (C), seen wearing a face mask amid the COVID-19 coronavirus pandemic alongside soldiers and officials

Сүрөттүн булагы, SAM YEH/AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тайвандын лидери Цай Инвэнь

Бул мамлекеттерди аялдар башкаргандан тышкары башка окшош жактары бар. Мисалы, бул мамлекеттерде экономика мыкты өнүгүп жатат, аярлуу катмарга жардам жогорку деңгээлде көрсөтүлөт жана бул өлкөлөрсоциалдык өнүгүү жаатында дагы алдыңкы мамлекеттердин катарына кирет. Коронавирус пандемиясы учурунда абдан маанилүү болгону, бул өлкөлөрдө саламаттыкты сактоо системасы мыкты өнүккөн.

Ошондо бул мамлекеттер лидеринин сапаттары үчүн ийгиликке жетиштиби же аял лидери болгон мамлекеттердин өзгөчөлүктөрү болобу?

A woman, wearing a face mask, walks past a sign guiding people to the entrance of a corona testing station at the Vivantes Wenckebach hospital in Berlin

Сүрөттүн булагы, ODD ANDERSEN/AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Берлиндеги коронавирусту аныктоо бөлүмү. Канцлер Анлега Меркель болушунча көп тесттерди өткөрүүгө басым жасады

"Кептин баары ар тараптуулукта"

Байкоочулар аял лидерлеринин саясатта баскан жолу чоң ролду ойнойт дешүүдө.

"Аялдардын лидерлик ыкмалары окшош деп айта албайм. Алар эркектерге салыштырганда өзгөчөлөнүп турат деп дагы айта албайм. Бирок өлкөнү аял башкарып жатса, чечим кабыл алууда ар тараптуу пикирлер айтылат. Аялдын жана эркектин дагы көз карашы эске алынат. Демек, мыкты чечим кабыл алынат. Кептин баары ар тараптуулукта",-дейт Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү Гита Рао Гупта.

Айталы, аял лидерлер АКШнын президенти Дональд Трамп же Бразилиянын лидери Жаир Болсонару сыяктуу эл алдына чыгып вирустун коркунучун четке кагып, өзүн күчтүү адам катары көрсөткөн эмес.

President Jair Bolsonaro shakes hand with a supporter on 15 March, amidst the Covid-19 outbreak in Brazil, 15 March

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бразилиянын президенти Жаир Болсонару Covid-19 вирусун "болбогон тумоо" катары мүнөздөп, социалдык аралыкты сактоо эрежелерди шылдыңдаган

Лондондогу Королдук колледжинин Аял лидерлеринин глобалдык институнун башчысы Рози Кампбелл дагы Гупта айымдын "аял менен эркектин айырмалуу лидерлик ыкмалары болбойт" деген пикирин колдоду.

"Лидер болууда өзгөчөлүктөр жок. Бирок аялдар сезимтал, боорукер болушат жана башкалардын пикирин угууга даяр болот. Айрым эркек лидерлери, тилекке каршы, эгоисттик, өзүн сүйгөн, атаандаштыкты ашыкча жактырган категорияга кирип калып жатат",-дейт Кампбелл.

Окумуштуунун айтымында, дүйнөдөгү популисттик толкундан улам айрым эркек лидерлер популисттик көз караштын торуна түшүп калды.

Саясаттагы популизмдин коркунучу

Популисттик лидерлер колдоо табуу үчүн өтө жөнөкөй билдирүүлөр менен чектелет, дейт изилдөөчү Кампбелл. Бул кадам пандемия менен күрөшүүдө натыйжасыз болду.

АКШ, Бразилия, Израиль жана Венгрия сыяктуу мамлекеттердин лидерлери даярдыктын чабалдыгы үчүн башка өлкөлөрдү күнөөлөдү. Мисалы, айрым лидерлер вирусту чет өлкөдөн келген мигранттар алып келүүдө деген көз карашка басым кылды.

"Трамп же Болсонару сыяктуу лидерлер өзүн күчтүү көрсөтүүгө аракеттенип жатат. Бул алардын биологиясынан чыгып жаткан көрүнүш эмес. Алар ушундай болууну тандап жатышат",-дейт профессор Кампбелл.

Angela Merkel

Сүрөттүн булагы, Clemens Bilan - Pool/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Канцлер Меркель коронавирус менен күрөштө "Европанын лидери" катары сыппаталууда

Албетте, Covid-19 вирусуна дүйнөдөгү ар бир мамлекет өзүнүн социалдык-экономикалык жагдайына жараша жооп кылды. Ошондуктан пандемияга каршы ийгиликке аял лидердин таасири деле болгон жок деп айтууга да болот.

Профессор Кампбеллге ылайык, популизмге басым жасабаган, өзүн күчтүү көрсөтүүгө аракетенбеген эркек лидерлери деле пандемияга каршы ийгиликтүү күрөшкөнүн айтууда. Мисалы, Түштүк Кореянын лидери Мун Чжэ Ин кризис учурунда өзүн мыкты көрсөткөндүктөн 15-апрелде өткөн парламентик шайлоодо анын партиясы ири жеңишке жетти.

Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис дагы коронавируска каршы туура чараларды көрдү. 11 миллион калкы бар өлкөдө 114 киши вирустан көз жумду. Буга салыштырмалуу 60 миллион калкы бар Италияда 22 миңде ашуун киши көз жумду. Греция дагы илимий кеңештерге басым жасап, социалдык аралыкты сактоо ыкмаларына өзгөчө көңүл бурууда. Премьер-министри Кириакос Мицотакис калкты социалдык аралыкты сактоого биринчилерден болуп чакырган.

Woman selling flowers

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Covid-19 вирусу түзгөн экономикалык каатчылык өзгөчө аялдарга таасир этүүдө

Ошол эле учурда айрым аял лидерлери коронавирустун жайлышын токтото албай жатат. Мисалы, Бангладештин премьер-министри Шейх Хасина вирустун жайылышын басаңдата алды. Бирок вирусту аныктоочу тесттердин жана дарыгерлердин коргонуучу каражаттарынын тартыштыгынан улам вирус дагы деле коркунуч түзүүдө.

Татаал чечимдер

Covid-19 вирусунун жайылышын токтотуу үчүн экономикага терс таасир эткен карантин сыяктуу татаал чечимдерди кабыл алуу керек. Профессор Кампбелл популисттик саясатчылар мындай оор кадамга баруудан кооптонот деген пикирде.

Ал эми вирус менен натыйжалуу күрөшкөн лидерлер калкка ачык кайрылуу жасап, вирустун коркунучу тууралуу толук маалымат берген. Калктын сынынан жашынбай, экономиканы сазга батырса дагы татаал чечимдерди кабыл алган. Мындай кадамга барган лидерлердин рейтинги башында төмөндөгөнү менен, убакыт өткөн сайын рейтин кескин жогорулаган.

Мисалы, Германиянын лидери Ангела Меркель Covid-19 вирусу калкка коркунуч жаратарын дароо белгилеп, элге кайрылуу жолдоп, журналисттер менен улам маек куруп жатты. Ал вирустун коркунучун калкка жеткирүү менен бирге, вирусту аныктоочу тесттерди кеңири жүргүздү, коронавирусту жуктургандарды аныктоо жана аларды изоляцияга алуу схемасын ишке ашырды. 83 миллион калкы бар Германияда 4600 киши вирустан көз жумду. Бул Италия менен Испанияга салыштырганда кыйла жакшы көрсөткүч.

Ал эми Норвегия менен Даниянын аял лидерлери өзүн күчтүү көрсөтүүгө аракеттенген эркек лидерлердин өзгөчө айырмаланып турган жолду тандашты.

The Prime Ministers of Norway, Erna Soldberg (L), and Denmark, Mette Frederiksen
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Норвегия менен Даниянын премьер-министрлери окуучуларга дагы басма сөз жыйын өткөрүштү

Норвегиянын премьер-министри Эрна Сульберг менен Даниянын лидери Метте Фредериксен журналисттерден тышкары, балдар менен окуучуларга өзүнчө басма сөз жыйын өткөрүп жатты. Бул жыйынга бир гана жаштар катышууга укуктуу. Жаңы Зеландиянын лидери Жасинда Ардерн дагы балдардын мектеп жана башка суроолоруна жооп берген.

Изилдөөчүлөр жаштардын суроолоруна дагы көңүл буруу, коронавирус пандемиясы бардык топтордун саламаттыгына таасир этип жаткандыгын моюнга алуу катары баалашууда. (AT)

line
100 women BBC season logo

«Жүз айым» долбоору

Би-Би-Синин «Жүз айым» долбоору жыл сайын дүйнөдөгү таасирдүү жана эргүү берген аялдарды даңазалайт. Би-Би-Си аялдардын жетишкендигин көрсөтүү үчүн документалдык тасма, маектер жана атайын программаларды даярдалат.

Би-Би-Синин «Жүз айым» долбоорун Instagram жана Facebook баракчаларынан таап, талкууга кошулуңуз.