Коронавирусту биринчи аныктаган айым

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Коронавирусту биринчи аныктаган адам Шотландияда автобус айдап иштеген адамдын кызы эле.
Жюн Алмейда вирустардын көрүнүшүн сүрөткө түшүргөн дүйнөдөгү алдыңкы вирусологдордун бири болгон. Бирок анын ысымы жана жетишкендиктери азыркы пандемияга чейин унутта калды.
Covid-19 коронавирустун жаңы түрү, бирок бул инфекция Алмейда айым 1964-жылы Лондондогу лабораторияда биринчи болуп аныктаган коронавирус үй-бүлөсүнө кирет.
1930-жылы төрөлгөн вирусолог Шотландиянын Глазго шаарында өскөн. Ал 16 жашында мектепке барбай калган, бирок билими жетишсиз болгонуна карабастан Глазго шаарындагы лабораторияда техник катары иштеген. Кийин Лондон шаарына көчүп келип, венесуэлалык сүрөтчү Энрике Алмейдага турмушка чыккан.
Сасык тумоону изилдөө
Жаш жубайлар Канадага көчүп барып, Жюн Алмейда Торонто шаарындагы Рак илдетине каршы күрөшкөн институтунда билим алган. Окумуштуу дал ушул институтта электрондук микроскопту өздөштүргөнү айтылат.
Алмейда айым вирустарды сүрөткө так түшүрүү үчүн антителаларды колдонуп, жаңы ыкма ойлоп тапкан. Медицина тарыхын изилдеген Жорж Уинтердин айтымында, Жюн Алмейданын ыкмасы Лондондогу окумуштууларды таң калдырып, 1964-жылы аны Ыйык Томас ооруканасы жумушка чакырган экен. Учурдагы Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавируска кабылганда дал ушул ооруканага жаткырылган.
Лондонго кайтып келгенде Алмейда айым дарыгер Дэйвид Тиррелл менен чогуу иш алып барган. Доктор Тиррелл сасык тумоонун түрлөрүн изилдеп жаткан эле. Окумуштуулар ыктыярчылардын анализинен сасык тумоонун көп түрүн аныкташкан, бирок B814 деп аташкан анализден инфекциянын түрүн аныктай албай жаткан эле. Изилдөөчүлөр бул вирус адамдан адамга жугуп жатканын билген. Ага карабастан өз алдынча өстүрө албай коюшкан.
Андыктан Тиррелл мырза Алмейда айымдан B814 анализин электрондук микроскоптон изилдеп, сүрөткө түшүрүп берүүнү өтүнөт.
Жюн Алмейда вирусту изилдеп, ал грипп инфекциясына окшош экенин, бирок айырмалар бар экенин тапкан. Ошентип Алмейда айым адамга жуккан биринчи коронавирусту аныктаган эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жаңы табылганы четке кагышкан
Тарыхчы Жорж Уинтер доктор Алмейда буга чейин чычкан жана тоок ылаңдарын изилдеп жатып, дал ушундай көрүнүштөгү инфекцияларды көргөнүн жазганын айтат. Ага карабастан, окумуштуулар Алмейданын табылгасын четке кагышкан. Илимий журналдар "бул жөнөкөй грипптин начар түшүрүлгөн сүрөтү" деген шылтоо менен Алмейда айымдын изилдөөсүн чыгарбай коюшкан.
Бирок Алмейда B814 анализинде жүргүзгөн изилдөөсүнөн кайтпай, ишин далилдей берген. 1965-жылы Британиянын Медицина журналы Алмейда айымдын табылгасын басып чыгарган, эки жылдан кийин белгилүү Вирусология боюнча журнал дагы Алмейданын ишин жарыялаган.
Ошентин коронавирус деген атты изилдөөчүлөр Алмейда, Тиррелл жана Ыйык Томас ооруканасынын башчысы профессор Тони Уотерсон койгон экен.
Жюн Алмейда илимий изилдөөсүн улантып, докторантура ишин жактаган. 1980-жылдары ВИЧ инфекциясын дагы изилдеп, аны сүрөткө түшүрүүгө көмөк көрсөткөн. Алмейда айым 2007-жылы, 77 жашында дүйнөдөн кайтты.
Окумуштуунун көз жумганына 13 жыл өткөндөн кийин гана, Жюн Алмейда алдыңкы вирусологдордун бири болгонун дүйнө түшүндү окшойт. (AT)












