Covid-19: Трагедияга айланган туулган күн кечеси

Сүрөттүн булагы, Family album
- Author, Винисиус Лемус
- Role, Би-Би-Cи, Бразилия
Бир нече апта мурун Бразилиянын Сан Пауло шаарында туулган күндү майрамдоо үчүн чогулгандардын он үчүнөн Covid-19 вирусу аныкталып, үчөө каза тапты.
Үй-бүлөлүк отурушка келген 28 киши келген экен.
Үй-бүлөлүк отуруш катары башталган туулган күн, каргашалуу окуя менен жыйынтыкталды. Туулган күнгө чогулган бир туугандар арасында коронавирус жайылды.
Вирустан үч биртууган көз жумуп, он адам вирустан айыкты.
Отуруш 13-мартта Сан Пауло шаарында өткөн. Ал күнү Бразилиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө 98 киши вируска кабылганын тактаган. 21 миллион калкы бар Сан Паулодо 60 кишиге вирус жукканы белгилүү болгон.
Андан бери өлкөдө 24 миңден ашуун кишиге вирус жукту, 1300дөн ашуун жаран көз жумду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
59 жаштагы Вера Лусия Перейра коронавирус дүйнөгө жайылып жатканын жана вирус Бразилияга жеткенин билген. Ал туулган күнүндө конок чакырбай коюну дагы ойлогон.
"Башында конок чакырбай эле коелу деп ойлодук. Бирок өлкөдө вируска кабылгандардын саны аз болчу. Ошондуктан бир туугандар чогула берели деген чечимге келдик эле",-дейт ал.
Ал учурда Бразилия бийлиги карантин чараларын киргизе элек эле.
28 киши катышкан отуруш
Вера Лусиянын отурушу короодо өткөн. Ага 28 үй-бүлө мүчөсү жана жакын достор катышкан.

Сүрөттүн булагы, Family album
Отурушка келген Вера Лусиянын күйөөсү Пауло Верейра, бир туугандары жана жакын достору көңүл ачып, каалоо-тилектерин айтып кетишкен эле.
Ушундан бир нече күн өткөндөн кийин конокко келгендердин жарымында Covid-19 вирусунун симптомдору пайда боло баштады - дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп, дем ала албай кыйналышкан.
Отурушка чогулгандардын көбү вирустун жеңил формасына кабылган. Алар дарыгерге дагы кайрылган эмес экен.
"Агрессивдүү инфекция"
Ага карабастан Вера Лусиянын күйөөсү, агасы жана сиңдиси вирустун оор түрүн жуктуруп, апрель айынын башында көз жумушту.
Вера Лусиянын сиңдиси Мариянын кызы Рафаэла Би-Би-Сиге маек куруп, апасы коронавирустан улам көз жумганын дарыгерлер тастыктаганын айтты.
"Вирус канчалык агрессивдүү экенине мисал болдук окшойт. Апам ооруканага жаткан, керектүү жабдыктар, дары-дармектер дагы бар эле. Ага карабастан апамдын өмүрүн сактай албай коюшту",-дейт Рафаэла.
Мария диабет илдетинен жабыркап жүргөн. Вирусту жуктуруп алганына бир нече күн өткөндөн кийин, анын абалы тез начарлап жандардыруу бөлүмүнө которулган.
Эми Вера Лусиянын агасы Кловис менен күйөөсү Пауло эмне себептен каза болгонун аныктоо үчүн аутопсия жүрүп жатат.
"Дарыгерлер алар дагы Covid-19 вирусунан көз жумганына 99 пайыз ишенип турганын айтышууда",-дейт Вера Лусия.
Вера Лусиянын өзү жана уулу дагы вируска кабылып, сакайып кетишти.
"Өзүмдү жакшы сезип калдым. Бир аз жөтөлүп жатам. Үй-бүлөбүзгө абдан оор болду. Бир нече күндөн бери азап-тозокто жашап жатабыз",-дейт ал.

Сүрөттүн булагы, Family album
Вирус жукканына ишенишкен эмес
Башында үй-бүлө коронавируска кабылганына ишенген эмес.
"Бразилияда вирусту жуктургандар саны абдан аз эле. Ошондуктан вирус алыста болуп жаткан окуядан эле сезилген",-дейт үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири.
Азыркыга чейин вируска ким биринчи кабылганы белгисиз бойдон.
"Вирусту ким биринчи жуктурганын билген күнү деле, ал эчтекени өзгөртпөйт",-деп кошумчалады ал.
Мария көз жумгандан кийин, Вера Лусиянын агасы 62 жаштагы Кловисти абалы начарлады.

Сүрөттүн булагы, Family album
"Конокко барганыбызга үч күн өткөндөн кийин атам жөтөлүп калды. Башы ооруп, дене табы көтөрүлдү. Ошондой эле тамактын даамын жана жыт сезбей калганын айткан эле",-деди Кловистин уулу Артур.
Карындашы Марияга салыштырганда, Кловистин өнөкөт оорусу жок болчу. Артур 23-мартта атасын ооруканага алып барган. Дарыгерлер аны кайра үйгө жөнөтүшкөн экен.
"Дарыгерлер бул коронавирус болушу мүмкүн экенине көңүл дагы бурган жок",-дейт Артур.
Жандардыруу бөлүмү
Кловистин артынан Вера Лусиянын күйөөсү Пауло ооруканага жатып калды. Анын дагы өнөкөт оорулары жок эле. Ал күн сайын спорт менен алектенип, ден-соолугуна көңүл бурчу.
Пауло ооруканага дем алуусу кыстыгып барган. Дарыгерлер абалын туруктуу деп айтышкан. Бирок эки күндөн кийин ал кайра жандандыруу бөлүмүнө жатып калган экен.

Сүрөттүн булагы, Family album
Кловис менен Пауло бири-бирине жакын эле. Көп ишти чогуу жасап, башынан көп кыйынчылыктарды чогуу өткөрүшкөн.
Акыркы сапарга узатуудагы кыйынчылыктар
Мария 1-апрелде көз жумду. Кловис болсо эмдиги күнү кете берди. Пауло 3-апрелде кечинде кайтып болду. Изоляцияда жаткан үй-бүлө мүчөлөрү биртуугандарын жерге берүүдө бир топ кыйынчылыктарга туш болушту.

Сүрөттүн булагы, Family album
Бразилиянын Улуттук саламаттык агенттигинин кеңешин угуп, Мария менен Пауло жабылган табытта жерге берилди. Кловис болсо кремация кылганга керээз калтыргандыктан, отко өрттөлдү. Кремацияга 10 гана киши катышты. Мария менен Пауло жерге берилип жатканда дагы аз сандагы кишилер катышты.
13-мартта болгон туулган күнгө конокко келгендер учурда изоляцияда кармалууда. Вируска кабылгандар сакайып кеткенине карабастан, алар өздөрүн карантинде кармап жатышат.
Ошондой эле үй-бүлө дүйнөгө кайрылып, үйдөн чыкпай отурууга, дарыгерлердин кеңешине көңүл бурууга чакырууда. (AT)











