Индонезия: карантинди бузгандарды коркуткан "арбактар"

Ыктыярчылар Дери Сетъяван менен Септиан Фебриянто ушундай кебетеси менен кечинде көчөгө чыккандарды коркутат

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ыктыярчылар Дери Сетъяван менен Септиан Фебриянто ушундай кебетеси менен кечинде көчөгө чыккандарды коркутат

Индонезия айылдарынын биринде коронавирус эпидемиясына байланыштуу кишилерди көчөгө чыкпай кармоо кыйынга турду. Ошондуктан атайын ыктыярчылардын жардамына таянып, "көрүмчү" же "арбактын" кейпинде тургундарды коркутуп башташкан.

Ооба, мунун баары тургундар кечинде үйдөн чыкпай олтурсун деген максатта. Ява аралындагы Кепух айылынын жергиликтүү бийлиги мындай чараны марттын соңунда киргизди. Индонезиялык фольклордо "көрүмчү-поконг - өлгөндөн кийин оо дүйнөгө жетпей калган маркумдарды арбагы" катары сүрөттөлгөн.

Индонезияда коронавируска чалдыккан кишилер саны 4500гө жетип, 400 бейтап каза тапкан. Бирок сандар мындан дагы көп болушу мүмкүн деген кооптонуу бар.

Индия полициясы жаңы коронавирус формасындагы баш кийим менен

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индия полициясы жаңы коронавирус формасындагы баш кийим менен

Рейтер агенттигинин журналисттери бул "арбактар" кандай иштеп жатканын билүү үчүн аталган айылга барып келген. Башында бийликтин бул аракети тескери натыйжа берип, кишилер кайра "арбакты" көрүү үчүн көчөгө көп чыга баштаган экен. Кийин "арбак" кейпин кийиген ыктыярчылар ар кайсыл жерден күтүүсүз пайда боло баштаганда, жергиликтүү тургундар жымырылып олтуруп калды.

Жергиликтүү тургундардын бири Карно Супадмо кечки намаздан кийин эч ким үйдөн чыкпай калды дейт. Мечиттин кароолчусу Анжардын айтымында, бул чын эле натыйжасын берди. Муну менен вирус өтө кооптуу экенин дагы элге кыйыр түрдө түшүндүрүп жатышат дейт ал.

Идеяны полицияга жардам берип жаткан жаштар уюмдары сунуштаган. "Анткени "арбак-поконг" баарынын үшүн алат",- деп айтып берген Рейтерге жаштар уюмунун лидери Анжар Панканингтяс.

Индонезия президенти Жоко Видодо өлкө боюнча карантин жарыялай элек. Эгерде изоляциянын катаал чаралары көрүлбөсө, саламаттыкты сактоо тармагы ооруларды тейлей албай калышы мүмкүн деген чочулоо бар.

Индия

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индия

Индияда болсо, кишилерге Covid-19 коркунучун эскертип туруу максатында полиция вирустун формасындагы баш кийим кийип баштады. (AbA)