Ачууга жакындарга карантин жакшы шылтоо болдубу?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Марттын соңку аптасында Орусияда арак, виски,сыранын сатылышы 47 пайызга өскөн. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги Nielsen маркетинг компаниясына шилтеме берип жазып чыкты.
Ушул эле убакыт аралыгында АКШда алкоголдук продукцияларга талап өткөн жылга салыштырганда, 55 пайызга өскөн.
Nielsen маалыматын боюнча, ушундай эле тенденция Британия, Францияда байкалды.
Ачуу ичимдиктер коронавирусту алдын алуунун жолу деген имиш кептерден улам Кытайда дагы эпидемиянын биринчи айларында алкоголь көп ичилген. Кыязы, мындай имиштер кытайлык айрым басылмаларга ушундай маалыматтар чыгып кеткенден кийин күчөдү окшойт. Бирок кеп сырттагы буюмдарда вирус калбаш үчүн спирт аралашмасы менен сүртүү тууралуу жүргөн экен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пандемия маалында спирт ичимдигин жана чылымды колдонбоого чакырды. Мунун зыяны чоң болот.
Айрым өлкөлөр катуу чарага барып, эпидемия учурунда алкоголь жана чылым сатууга тыюу салды. Маселен, ТАР, Таиланд, Индия.
"Мен дайыма ичип турам. Үйгө камалып, ичпей олтуруп калат дегенди кабыл алуу кыйын",-дейт Индиянын тургуну, 47 жаштагы сценарист Ратиш Сукумаран.
Ал жашаган Тривандрам шаарында даарыкана менен азык-түлүк саткан дүкөндөн башкасы бүт жабылды.
Индияда ичкиликке убактылуу чектөө тууралуу жарыяланганда Ратиш биротоло аракты таштап салайын деп чечкен. Ал болгону бир апта гана чыдады.
"Организмим талап кылып туруп алды. Эч нерсеге көңүл бура албай калдым. Кино көргөнгө аракет кылдым, болбоду",-дейт Ратиш.
Абстиненция синдрому - организмдин адаттагы этанол дозасын талап кылганы. Ал түрдүүчө болуп, айрым учурда үй-бүлө мүчөлөрүнө болгон агрессияны пайда кылат, психоз болот.
Керала штатынын дарыгерлери алкоголь абстиненциясынан улам өмүрүнө кол салган учурлар көп экенин белгилешет. Ошондуктан ичкиликке берилип калган бейтаптарына анда-санда арак берүүнү сунушташкан. Бирок кийин бул кадамдан баш тартышты. Анткени ичкилик саткан дүкөндөр ачылып кетип, "рецепти жок эле" сатып алам дегендер четтен чыгат.
Ратиш айласыз кырдаалга көнүүгө өзүн мажбурлап жатат. Биринчи кезекте ичкилик туурабы же баарлашуубу? Ал өзүнө ушундай суроо берип, күрөшүп жаткан маалы.
Психологдор белгилегендей, көптөр үчүн карантинде олтуруу менен мурдагы адаттарынан, көңүл ачууларынан айрылгысы келбей жатат. Британияда өткөн айда Google аркылуу "шарапты үйгө жеткирип берүү" кызматын издегендер саны 20 эсеге өскөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Психологдор ичкилик стресстен арылууга жардам бербей турганын такай эскертип келүүдө. Британия норма катары аптасына алты бокал вино сунуштаган. Ошону менен бирге эле дайыма ичимдиксиз күн өткөрүүгө аракет кылуу керектигин белгилейт. (AbA)












