Коронавирус: Пандемия аял менен эркекке эмнеге эки башка таасир берет?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Covid-19 пандемиясынын кесепети аялдар менен эркектерде эки башка болот экен.
Бул вирус эч кимди тандабайт, эч кимди аябайт, айдоочубу, премьер-министрби – баары бир. Вирус жаны жок, ал өзүнчө эле бир генетикалык материалдын бир бүдүрчөгү го. Ошентсе да ал аялдар менен эркектерге ар башкача таасир берет экен. Бул айырмачылык оорунун кандай өткөнүндө эле эмес, анын ден соолукка зыяны жана экономикалык кийинки кесепетинен да көрүнөт. Оорунун таң калыштуу айырмачылыгы өлүм-житимдин деңгээлинен билинет. Мисалы, АКШда коронавирустан көз жумган эркектер аялдардан эки эсе көп. Батыш Европада коронавирустан каза тапкандардын 69% эркектер. Ошондой эле көрүнүш Кытайда жана бүт дүйнөдө байкалат.
Лондондун университеттик коллежинин окумуштуулары дүйнөнүн өлкөлөрүндөгү оорунун гендердик статистикасын жүргүзүп, мындай айырмачылыкты түшүнүүгө аракет кылууда. Себебин азырынча аныкташа элек.
Теорияга келсек, вируска аялдардын иммундук системасынын реакциясы күчтүү болот, дейт Оксфорд университетинин иммунология профессору Филип Гулдер.
"Аялдарда эркектерге караганда вакциналарга жана инфекцияларга иммундук реакция көбүрөөк агрессивдүү жана эффективдүү»,-дейт ал.
Мунун бир себеби, аялдарда Х-хромосома экөө, а эркектерде бирөө, коронавирус менен кагышканда бул өзүнчө роль ойношу мүмкүн.
"Мисалы, коронавирусту тааныта турган белок Х-хромосомада катылган,-дейт Гулдер. – Натыйжада белок эркектерге караганда аялдарда көпчүлүк иммундук клеаткада эки доза түрүндө болот. Ошол себептүү аялдын организминде иммундук реакция күчтүүрөөк болот».








