Коронавирустан айыгып бутка туруу үчүн канча убакыт керек?

Medical staff in Turkey who contracted Covid-19 are released from hospital

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Жэймс Галлагер
    • Role, Саламаттык жана илим боюнча кабарчы

2019-жылдын аягында пайда болгон Covid-19 вирусу учурда дыкат изилденип жатат. Ага карабастан, вирустан толугу менен сакайып кетүү узак мөөнөт талап кылынары эмитен эле анык болду.

Албете, буга бейтап вирустун оор же жеңил түрүнө кабылганы таасир этет. Айрымдар коронавирустан тез эле айыгып кетет, башкалары көп жылдар бою вирустун ден-соолукка болгон кесепетинен жабыркашы ыктымал.

Ошондой эле, бейтаптын жашы, жынысы жана өнөкөт оорулары дагы таасир этет.

Вирустун жеңил түрүнө кабылгандар

Covid-19 вирусун жуктуруп алгандар анын негизги симптомдоруна кабылат - жөтөлүү жана дене табынын жогорулашы. Вируска кабылгандардын булчуңдары түйүлүп, өзүн алсыз сезип, тамагы жана башы ооруйт.

Көп учурда бейтаптар кургак жөтөлгө кабылышууда. Бирок убакыт өткөн сайын, бейтаптар какырык менен кошо вирус өлтүргөн өпкөнүн клеткаларын жөтөлө баштайт.

Woman with a purple face mask

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Дарыгерлер бул симтомдорду парацетамол сыяктуу даары, көп суюктук ичүү жана эс алуу менен айыктырышууда. Вирустун жеңил түрүнө кабылгандар тез эле сакайып кетет. Дене табы бир жуманын ичинде түшөт, жөтөлүү болсо андан узакка созулат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытай бөлүшкөн маалыматка таянып, жөтөлүү эки аптанын ичинде жок болот деп билдирди.

Вирустун оор түрүнө кабылгандар

Вирустун оор түрүнө кабылгандар симтомдорду 7-10 күндөн кийин көрсөтө баштайт. Бейтаптын ден-соолугу тез арада начарлап, деми кыстыгат. Буга иммунитеттин вирус менен күрөшүп жатканы себеп. Иммунитет болгон чараларды колдонуп жатканда, организм бир топ кыйынчылыкка туш болот.

Айрым бейтаптар дем алууга жардам берген аппараттарды колдонушу керек.

"Деми кыстыккан бейтаптарга вирустан сакайып кетүү үчүн узак мөөнөт талап кылынат. Мындай учурда өпкө шишигенсип калат. Демек, убакыт керек",-дейт дарыгер Сара Жарвис.

Дарыгерлер мындай учурда бейтап 2-8 аптанын ичинде гана айыгат деп билдирди.

Жандардыруу бөлүмүнө кимдер жаткырылууда?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вируска кабылган ар бир жыйырма кишинин бирөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып жатканын билдирди.

Кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандар дагы узак мөөнөттөн кийин гана өзүнө келишет. Жандандыруу бонча медицина факультетинин башчысы Алисон Питтард, жандандыруу бөлүмүндө жаткандар 12-18 айдан кийин гана толугу менен сакайып кетерин айтат.

Узак мөөнөткө ооруканада жаткандар булчуңдарын жоготот. Керебетте көп жаткан айрым бейтаптар басканды кайрадан башынан үйрөнүшү керек, дейт дарыгерлер.

Coronavirus rehabilitation in France

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коронавирустан кийинки терапия, Франция

Жандандыруу бөлүмүндөгү кыйынчылыктан улам, айрым бейтаптар психологиялык дагы жардамга муктаж болот.

Кытай жана Италиянын дарыгерлери бир нече апта бою деми кыстыгып, керебеттен турбай жаткандар вирустан сакайып кеткенден кийин деле өзүн бир нече ай бою алсыз сезип жатканын айтышкан.

Дүйнөдө канча киши вирустан сакайды?

Так маалымат алуу абдан татаал.

Johns Hopkins университетинин 20-апрелге карата маалыматына ылайык, эки миллион үч жүз миңден ашуун киши вируска кабылып, 620 миңден ашуун киши вирустан сакайды. Кыргызстанда болсо 20-апрелге карата 568 учур катталып, 201 киши ооруканадан чыгарылды, жети адам көз жумду.

A patient who recovered from Covid-19 kisses the ground leaving hospital in the city of Sale, Morocco

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мароккодо Covid-19 вирусунан сакайган бейтап оорукананын кире беришин өөп, даарыгерлерге ыраазычылыгын билдирди

Дүйнөдөгү мамлекеттер ар башка усулдарды колдонуп жаткандыктан, так маалыматты айтуу кыйын. Айрым мамлекеттер вирустун жеңил түрүнө кабылгандарды статистикага кошкон жок, башкалары маалымат менен бөлүшкөн жок.

Бирок эксперттер вируска кабылгандардын 99-99.5 пайызы сакайып кетет деп жоромолдошууда.

Covid-19 вирусу экинчи жолу жугушу мүмкүнбү?

Covid-19 вирусунун кайрадан жугушу жана адамдын иммунитетинин бул вируска туруштук берүүсү жөнүндө ар түрдүү жоромолдор айтылып жатат. Азырынча бул багытта далилдер абдан аз.

Вирустан сакайып кеткен бейтаптын иммунитети ага туруштук бериши керек. Айрым эксперттерге ылайык, вирусту экинчи жолу жуктуруп алды делген бейтаптар башынан эле вирустан айыгып кеткиче ооруканадан чыгарылган болушу мүмкүн же вирусту аныктоочу тест туура эмес көрсөткөн.

Учурда бул суроо абдан маанилүү болуп жатат. Өзгөчө вакцинанын үстүнөн иштеп жаткандарга вирусту экинчи жолу жуктурду делгендердин анализи керек. (AT)

Жэймс Галлагерlby Twitterбаракчасы