Дарыгер Ниттла: “Жаны кыйналбай оо дүйнө узасын деп, аппаратты өчүрөм”

Nurse by a bed in a ICU

Сүрөттүн булагы, INA FASSBENDER / AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кайра жандандыруу бөлүмүндө иштеген дарыгерлер күн сайын оор чечим кабыл алышат. Коронавирус кеңири жайылгандыктан улам дем алууга жардам берге аппараттар тартыш болууда
    • Author, Сваминатан Натаражан
    • Role, BBC World Service

Дем алууга жардам берген аппараттын колдо болгону Covid-19 вирусун жуктурган бейтаптын өмүрүн сактап калышы ыктымал. Бул аппараттар деми кыстыккан бейтаптардын өпкөсүнө аба жеткирип, көмүр кычкыл заттарды чыгарып турат.

Бирок мындай аппарат оорусу өөрчүшүп кеткендерге жардам бере албайт. Ошондуктан дүйнөнүн булуң-бурчундагы дарыгерлер күн сайын оор чечим кабыл алууга аргасыз болушууда.

"Дем алууга жардам берген аппаратты өчүрүү абдан оор, психологиялык кыйынчылыктар болот. Айрым учурда бейтаптын өлүмүнө өзүмдү күнөөлөйм",-дейт Хуанита Ниттла.

Ал Лондондогу Королдук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнүн башкы медаймы.

A patient getting ventilator support

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дем алууга жардам берген аппараттар (сол тарапта) Covid-19 бейтаптарынын өмүрүн сактап калууда

Индияда туулуп-өскөн медайым 16 жылдан бери Британиядагы ооруканада иштейт.

Коштошуу

Апрель айынын башында Британиядагы коронавирус пандемиясына байланыштуу абал кескин курчуду. Ниттла ишке келгенде, жетекчилер медкызматкерлерди жыйынга чакырган экен. Чогулушта Covid-19 вирусунан сакайып кетүү ыктымалдуулугу төмөн болгон бейтаптардын дем алууга жардам берген аппараттарын өчүрүү керек экенин айтылган.

Ниттла иштеген ооруканада вируска кабылган 50 жаштагы аял бар эле. Көрсө бейтап дагы өмүр бою медайым болуп иштептир. Ниттла анын кызы менен сүйлөшүп, процессти түшүндүрүп берген.

"Ага "апаңыздын эч жери оорубайт, ал эчтекени сезбейт" деп айттым жана анын диний ишенимин, акыркы сапарга узатууда кандай жөрөлгөнү каалаганын сурадым",-дейт Ниттла.

Жандандыруу бөлүмүндө бейтаптар бири-бирине коңшу жатат. Жакында көз жумат делген аял эсин жоготкон башка бейтаптардын арасында жаткан эле.

"Ал 8 керебети бар жандандыруу бөлмөсүндө эле. Абалы абдан оор болчу. Мен пардаларды тартып, аппараттан чыккан добуштардын баарын өчүрдүм".

Juanita Nittla in the ICU where she works

Сүрөттүн булагы, Juanita Nittla

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пандемиянын айынан Ниттла сыяктуу медайымдар тынымсыз иштеп жатат

Медицина кызматкерлери дагы жылбай туруп калышкан.

"Медайымдар, дарыгерлер сүйлөбөй калышты. Телефонду алып, бейтаптын кулагына койдум. Мен жөн эле бейтапты жакындары менен байланыштырып жатам деп ойлодум. Бирок анын үй-бүлөсү үчүн бул өтө маанилүү болду. Алар коштошууга мүмкүнчүлүк алышты. Бейтаптын жакындары видео аркылуу сүйлөшүүнү дагы өтүнүштү. Бирок жандандыруу бөлүмүнө уюлдук телефон алып кирүүгө тыюу салынган",-дейт Ниттла.

Аппаратты өчүрүү

Бейтаптын өтүнүчүнөн улам Ниттла музканы ойнотуп, аппаратты өчүрдү.

"Жанына отуруп, колун кармап турдум",-дейт ал.

Royal Free Hospital in London

Сүрөттүн булагы, Juanita Nittla

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вирусту жуктургандардын саны абдан көп болуп жаткандыктан, Британиядагы ооруканалар Кайра жандандыруу бөлүмүн чоңойтушту

Дем алууга жардам берген аппаратты өчүрүү боюнча чечимди бир нече дарыгер бирге кабыл алат. Алар бейтаптын абалы, дарылардын таасири жана сакайып кетүү ыктымалдуулугун анализдейт.

Ниттла аппаратты өчүргөндөн кийин бейтап беш мүнөттүн ичинде көз жумган. Ал бейтапка дары жеткирип жаткан ийнелерди алып жатканда, кызы телефон аркылуу дагы деле энеси менен коштошуп жатканын уккан. Ошондо Ниттла телефонду алып, суук кабарды угузган.

Medical staff by a patient's bed in an ICU in Brazil

Сүрөттүн булагы, SILVIO AVILA / AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жандандыруу бөлүмүнө бейтаптардын жакындарына кирүүгө тыюу салынган

Бейтап көз жумгандан кийин Ниттла сыяктуу медайымдын иши улана берет.

"Кесиптешимдин жардам менен бейтапты жууп, шейшеп менен ороп, атайын кутучага салдык",-дейт Ниттла.

Коронавирус коркунуч жок болгон маалда дарыгерлер бейтаптын жакындары менен бетме-бет сүйлөшүп турат эле. Бейтап менен коштошуу үчүн эң жакын үй-бүлө мүчөлөрү жандандыруу бөлүмүнө киргизилет. Бирок азыркы кырдаалда андайга жол берилбейт.

"Бейтаптын жалгыз көз жумганын көргөн абдан оор. Мурда жакындары колун кармап, кулагына ыраазычылыгын шыбырап, коштошот эле",-дейт Ниттла.

Коронавирус дарыгерлердин ишин абдан татаалдаштырды. Ниттла деми кыстыгып, муунуп жаткандай кыйналган бейтаптарды көрүп "абдан стресс" болоорун айтат.

Ambulance with a patient in London

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коронавирус учурунда жандандыруу бөлүмүнө бир гана дарыгерлер кире алат

Ниттла иштеген оорукананын жандандыруу бөлүмүндө 34 керебет бар болсо, азыр ал алтымышка көбөйдү. Учурда анын баары бош эмес.

Жандандыруу бөлүмүндө 175 медайым иштейт.

"Мурда бир медайым бир бейтапты карачу. Азыр бир медайым үч бейтапты карайт. Эгерде абал курчуса, бир медайым алты бейтапты карап калышы ыктымал",-дейт Ниттла.

Бул көйгөйдөн тышкары вирус айрым медайымдарга жугуп, алар ишке чыкпай калууда.

"Ишке киришип жатканда, бири-бирибизге сак бол деп айтабыз. Бири-бирибизге көз салып турабыз. Коргонуучу кийимдерди кийип, бири-бирибизди текшеребиз",-дейт ал.

Nurses in protective equipment before the start of the shift

Сүрөттүн булагы, Juanita Nittla

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ниттла жана анын кесиптештери
Juanita Nittla (in the middle, with two fellow nurses)

Сүрөттүн булагы, Juanita Nittla

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Коркуп жатабыз, баары коркуп жатат",-дейт Ниттла (ортодо)

Учурда дем алууга жардам берген аппараттар, дары-дармек тартыш болуп жатат. Ниттла ооруканада коргонуучу кийимдер жетиштүү экенин айтат. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө күнүнө бир киши көз жумат. Мурда мындай көрсөткүч жок эле.

"Абдан кейиштүү. Бул кырдаал түшүмө дагы кирет, уктабай чыгам. Вирус мага дагы жугат деп корком. Кесиптештер менен көп сүйлөшөбүз, алар дагы коркот. Мен жооптуу болгон бейтаптар көз жумуп жатканы дагы абдан оор. Ооруканадан чыкканда, аны ойлобой турууга аракеттенем, бирок ойлой бересиң",-дейт Ниттла.