Дания карантин чараларын жеңилдетти, мектептер ачылат

Сүрөттүн булагы, Adrienne murray
Дания коронавируска байланыштуу киргизген чектөөлөрдү жеңилдете баштады. Шаршембиден тарта 11 жаштан ылдыйкы курактагылар мектеп жана бала бакчага бара алат. Мектептердин баары бир ай мурун жабылган эле.
Европа өлкөлөрүнүн ичинен Дания биринчилерден болуп кишилердин кыймылына чектөө киргизип, карантин чараларын кабыл алган өлкө.
Эпидемиянын тарашы көзөмөлгө алынды, мындан ары экономика кыймылда болуп турушу керек деп жатат өкмөт. Бирок чектөөлөр өтө акырындык менен жана этият шартта алынып баштайт. Премьер-министр Метте Фредериксен мунун "кыл аркандын үстүндө бараткандай" деп салыштырды.
Азырынча чек аралар жабык бойдон кала берет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дания эпидемияны токтото алдыбы?
Европанын башка өлкөлөрүнөн айырмаланып, Дания катаал чараларды киргизүүнү батыл кабыл алган. Айталы, британ өкмөтүнөн 12 күн мурун чектөө чараларын тездик менен киргизди.
11-марттан баштап Данияда кишилерге ондон ашык чогулууга тыюу салынып, зарылчылык болбосо үйдөн чыкпоо эскертилген. Чек араны жабышкан.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Мунун баары коңшулаш Швециядан кескин айырмаланат. Ал өлкөдө мурдакыдай эле жашоо өкүм сүрүүдө. Жакында гана 50 кишиден ашуун чогулбагыла деген эскертүү берилди. Ошентсе дагы Даниядагы чаралар Британия менен Францияга салыштырганда жумшак болду.
Медициналык статистика пандемияга карата даниялык мамиле өзүн актаганын көрсөтүп турат.
"Менимче, биз чаралардын жеңилдешине даярбыз",-дейт Түштүк Дания университетинин клиникалык микробиология боюнча профессору Ханс Йерн Колмос.
Өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын жалпы саны алты миңден ашты. 285 киши каза тапкан. Бирок ооруканага, өзгөчө жандандыруу бөлүмүнө түшкөн бейтаптар саны кескин кыскарды.
"Бизде ооруканада жана жандандыруу бөлүмүндө жетиштүү орундар бар. Андан сырткары өпкөнү жасалма дем алдырган аппараттар дагы жетиштүү санда", -дейт профессор Ханс Йерн Колмос.
Анын айтымында, өлкө коронавирустун экинчи толкунуна даяр болушу керек жана тест өткөрүүнү жайылтуу зарыл.
Чектөө чараларын киргизгенге караганда, аны алуу оор болот. Мектептердин иш тартиби эми даярдалып жатат. Окуучулар бири-бири менен аралыкты сактап жүрөт. Имарат тез-тез атайын каражаттар менен тазаланып турат деп айтылды. Мектептерди баарын ачууга мүмкүн болбойт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Чектөөлөр экономика үчүн чоң жоготууларды алып келди. Бирок ошого карабастан, айрым чектөөлөр 10-майга чейин алынбайт. Азырынча айрым ишкерликтин түрлөрү качан ишин баштай турганы белгисиз. Маселен, ресторандар качан ачыла турганы айтылган жок.
Массалык иш чараларга сентябрга чейин тыюу салынган. Даниянын өкмөтү калкка каржылык жардам көрсөтүү үчүн жүз миллиарддаган крон сарптады. Бирок Өндүрүшчүлөр конфедерациясы дагы кошумча экономикалык жардам керектигин айтууда.
Чектөө чараларынын баарын алып салганга дагы бир топ убакыт керек жана өкмөт көптөгөн жаңы эрежелерди киргизет.
"Коронавирус эпидемиясы башталганга чейинки биз билген жашоо кайра кайтып келет деп ойлобойм",-деди Даниянын премьер-министри. (AbA)












