Тажикстанда коронавирус катталган эмес, бирок пандемиянын таасири жетти

Орусиядагы карантинден улам мигранттар жумушунан айрылды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиядагы карантинден улам мигранттар жумушунан айрылды
    • Author, Наргиза Рыскулова
    • Role, Би-Би-Си

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаңы коронавирусту пандемия деп жарыялагандан бери бир айга чукул убакыт өттү. Коңшу өлкөлөрдөн айырмаланып Тажикстанда Covid-19 вирусунун бир дагы учуру катталган эмес. Бирок пандемиянын кесепети сезиле баштады.

43 жаштагы Шахло (анын өтүнүчү менен ысымы өзгөртүлдү) Covid-19 тууралуу алгач телевизордон көргөн. Анда вирус өтө эле алыста болуп жаткандай сезилип, өзүнүн жашоосуна таасирин тийгизет деп ойлобоптур.

Жети жыл мурун Дүйшөмбүдөн Москвага жумуш издеп келген тажик мигранты түрдүү жумуштарда иштеди. Бир ай мурун гана дүкөнгө сатуучу болуп жумушка орношкон эле. Шахло Москвада уулу менен чогуу жашайт. Ал эми кызы менен небереси Дүйшөмбүдө турат.

"Күйөөм жарандык согуш учурунда каза тапкан. Балдарды жалгыз бой тарбияладым. Кызым өтө жаш курагында турумушка чыгып, кийин ажырашып кетти. Ошондон кийин ага жардам берип, неберемди бутка тургузайын деп чечтим дагы Москвага сапар тарттым",- деп айтып берди Шахло.

Келгенден бери жаны тынбай иштеп жүргөн Шахло бир ай мурун жумушсуз олтуруп калды. Карантин чараларынан улам ал иштеген дүкөн жабылган. Дүкөн убактылуу жабылганы менен аны жумуштан кетирип жиберишти. Бардык мекеме, ишканалар жабык болгон үчүн жумуш табууга мүмкүн болбой турат.

Шахло алты мекендеши менен чогуу эки бөлмөлүү батирде турат. Карантинге алынган Москвада жумуш издөө оңой эмес.

"Буга чейин эле убактылуу каттоого турган эмес элем. Бул жерде калуу үчүн мага патентти узартууга туура келет. Эми эмне кыларымды билбейм. Батирдин акчасын кантип төгөм, мени эле карап олтурган кызым менен неберемдин абалы кадай болот?",-дейт тажикстандык мигрант аял.

карта

Оңдой берди болуп Шахлонун уулу чабарман (курьер) болуп ишке орношуп алды. Бирок анын маянасы Москва менен Дүйшөмбүдөгү төрт кишини бакканга жетпейт. Шахло кайра Дүйшөмбүгө кайтып барганы менен пайда жок деп эсептейт. Мекенинде жумуш табуу мындан да кыйын болот.

Көз карандылык

Шахлонун кызы миңдеген Тажикстандын тургундары сыяктуу эле мигранттардын акчасына көз каранды болуп жашагандардын бири.

Орусия аймагында миллион чамалуу тажик жарандары эмгектенет. Алар которгон акчалар 2019-жылы өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн үчтөн бирине чамалаган. Жалпы суммасы 2,576 миллиард долларды түзгөн эле.

Саясат таануучу Павриз Муллажановдун пикиринде, эгерде мигранттардан келген каражат кыскарып кетчү болсо, тажик бийлиги чакан жана орто бизнеске басым жасоого аракеттенет. Ошондон улам дагы карантин чараларын жарыялабай турат. Анткени карантин жарыяланса, мындай ишканалардан салык түшпөй калышы мүмкүн.

Президент Таджикистана Эмомали Рахмон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушуна карабастан, өкмөт карантин жарыялаган жок. Ишканалар, мамлекеттик мекемелер, мектеп, окуу жайлар мурдакыдай эле ишин улантууда. Муну өкмөт өлкөдө коронавирус катталбаганы менен түшүндүрүүдө.

Эксперттер утопиялык сценарий ишке ашып, Тажикстан чек араларын толук жаап, вирустан кача алган күндө деле дүйнөлүк экономикалык кризистен четте калбай турганын айтууда. Тажикстан - постсоветтик мейкиндиктеги жакыр өлкөлөрдүн бири.

Азия өнүктүрүү банкы вирус аймактагы өлкөлөрдүн баарынын экономикасына чоң сокку болорун билдирди.

Банктын Тажикстандагы туруктуу өкүлү Прадип Сривастав белгилегендей, соода үзгүлтүккө учурап, кирише кыскарып, инвестициялык долбоорлор жайлап, саламаттыкты сактоого көп акча чыгымдалып, мигранттар которгон каражаттар буулуп, улуттук валюта дагы алсырай түшкөнү байкалды.

Тажикстандын каржы министрлиги түзүлгөн кырдаалдан улам, экинчи баскычтагы чыгашаларды кыскартуу тууралуу айтты. Бирок бул чараларды кеңири түшүндүргөн жок.

Дүрбөлөңдү ээрчигендер

23 жыл мурун жарандык согушту башынан кечирген өлкөнүн жалпы абалына экономикалык каатчылык кандай таасирин тийгизерин айтуу кыйын. Тажик бийлиги калк арасындагы коронавируска байланыштуу дүрбөлөңдү басууга аракет кылууда.

Тажикстандын интернет желесинде өлкөдө Covid-19 жугузуп алгандар болушу мүмкүн деген ушак кептер катуу талкуу жаратууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги эки жолу билдирүү менен чыгууга аргасыз болду. Жаббар-Расул районунда эки киши өнөкөт оорусунан улам көз жумганын айтып, вирустан өлдү деген кеп-сөздү жокко чыгарды. Ал эми алар менен байланышта болгон дарыгердин карантинге алынганын, этияттык чаралары үчүн деп түшүндүрдү.

Оорукананын мурдагы башкы дарыгери Дилмурод Рахматуллоев "Азия-Плюс" басылмасына учурда 400 киши карантинде жатканын айтып берген. Бирок Би-Би-Синин бул боюнча суроосуна Саламаттыкты сактоо министрлиги жооп берген жок.

Мындай кабарлар тажикстандыктарды катуу кабатыр кылууда. Тажикстанга коңшу өлкөлөр өзгөчө абал киргизип, жарандарын зарылчылык болбосо, үйдөн чыкпоого чакырды. Дүйшөмбүнүн көчөлөрүндөгү агым мурдакыдай эле. Ошентсе деле айрым жарандар өз алдынча эле этияттык чаралары үчүн көчөгө чыкпоого аракет кылып жатыптыр.

Жалпысынан Дүйшөмбүнүн жашоосу көп деле өзгөргөн жок

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жалпысынан Дүйшөмбүнүн жашоосу көп деле өзгөргөн жок

Үйгө тамак-аш буюртма кылгандар көйбөгөн. Базарда лимон менен сарымсактын баасы көтөрүлүп кетти. Анткени көптөр вирусту алдын алууга жардам берет деп эсептейт. Жалпысынан Дүйшөмбүнүн жашоосу көп деле өзгөргөн жок.

Чектөөлөр киригизилген жападан жалгыз жай - борбордук стадион болду. Футболдук беттештерди күйөрмандары жок өткөрүүнү чечишкен.

Дүйшөмбүдө социалдык аралыкты кармоо жана беткап менен жүрүүнү эл аралык уюумдун кызматкерлери гана аткарып жатат. Өлкөдөгү эки миллион окуучу жана студенттер окуусун улантууда.

Футболдук беттештерди күйөрмандары жок өткөрүүнү чечишкен

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Футболдук беттештерди күйөрмандары жок өткөрүүнү чечишкен

USAID өкүлү Жошуа Карнс Covid-19 боюнча басма сөз жыйынында тажик бийлиги маалыматты жашырып жатат дегенге эч кандай негиз жок деп айтты.

"Маалыматтарды берүүдө Тажикстандын ачык экенине эч кандай күмөнүм жок. Балким, азырынча коронавирус жуккан учурларды аныктай элек. Менимче, Тажикстан тест алууну күчөтүшү керек",-деди Карнс.

Коронавирус катталган жок деген Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий маалыматын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Галина Перфильева дагы ырастады. Ал министрликтин көрүп жаткан чараларын алкаган.

Тажикистан формалдуу түрдө чек араларын жапкан жана эл аралык аба каттамдарын токтоткон. Ошентсе деле чек ара жабыла элек мезгилде күн сайын жүздөгөн кишилер сырттан кирип чыгып турган деген пикирлер дагы айтылып жатат.