Пандемиядан коркпогон Беларус лидери жана футбол

Дүйнөдө бардык спорт мелдештери токтоп, көп өлкөлөр карантинде жашап жатат. Мына ушундай абалда Беларус футболу дүйнөдөгү футбол ышкыбоздорунун көңүлүн бурууда.
Беларус - Европадагы футбол жана хоккей беттештери кадимкидей уланып жаткан жалгыз өлкө. Күйөрмандар дагы беттешке келүүдө. Бирок күйөрмандар арасында кооптонуп жатканын айткандары бар.
Көп өлкөлөр вирустан улам чектөө киригизип жатканда, беларус лидери Александр Лукашенко эч кандай чектөөлөрдү киргизген эмес. "Тизелеп жашагандан көрө, тик туруп өлгөн артык" деп, өз эли үчүн антивирус коктейлин сунуштады: арак, мончо, спорт жана талаа жумуштары.

"Бул жерде эч кандай вирустар жок. Учуп жүргөн вирусту көрүп жатасыңарбы?",-дейт Лукашенко.
Бирок футбол күйөрмандар буга ишенишпейт. Айрым фанаттар мелдештерге барып жатса, башкалары үйдө олтурууну туура көргөн.
"Башында италиялыктар да вирусту четке кагып, олуттуу кабыл алышкан эмес. Кийин барган сайын абал курчуп, эми катастрофа болуп жатат. Биздин бийлик жана эл да алардай мамиле кылып жатканы оор кесепетке алып келиши мүмкүн",-деди тургундардын бири Алексей.

"Футбол командамды колдоосуз калтыргым келбейт. Канчалык ага жан тартарымды көргөзгүм келет жана аягына чейин турам. Балким, бул кичине ойго сыйбас нерседей сезилеттир, бирок бул менин жеке чечимим",-дейт күйөрмандардын бири Александр Бубнов.
Коронавирус беларус футболуна дүйнөнүн назарын бурду. Чемпионатты өлкөнүн ичиндегилер гана көрчү. Эми болсо 11 өлкө өзүнүн футбол ышкыбоздору үчүн бул оюндарды алып көрсөтүүдө. (AbA)











