Өзгөчө абал: "жармач эле малы жок, жарды байкуш кантти экен"

Өкмөт өкүлдөрү

Сүрөттүн булагы, official

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылып, ал Нарынга, Ат-Башыга да кошулуп жатат. Бирок бизнестин айрым түрлөрүнө жана калктын турмушуна маанилүү айрым жумуштарды жасаганга уруксат берүү каралууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламентте бүгүн коронавирус боюнча сандардын өсүшү алдыда экенин билдирди. Ал башка өлкөлөрдөгү жагдайды караганда, өзгөчө абал жарыялангандан 30-40 күндөн кийин илдеттин жугушу азая баштайт.

Президент эч ким колдоосуз калбайт деди

Президент өзгөчө абал режиминен элге ыңгайсыз болуп, айрымдары кыйналып жатканын да кошумчалады.

"Азыркы кырдаалда эч ким колдоосуз калбайт. Муктаж болгондорго жардам берүү эң башкы милдет катары аныкталган. Мамлекет социалдык коргоонун бардык механизмдерин колдонот. Аярлуу катмарды күнүмдүк тамак-аш менен камсыз кылуу маселесин чечебиз", - деди Жээнбеков.

президент жээнбеков

Сүрөттүн булагы, official

Президент ошол эле учурда Кыргызстанда башка өлкөлөрдөгүдөй "коопсуздук жаздыгы" жок экенин мойнуна алды. Ал ошондуктан эл аралык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алгачкы жардамдар алынганын билдирди.

Бирок президент ошол эле учурда акыркы жылдары Кыргызстандын экономикасы өсүп келатып, вирус ага тоскоол болгонун айта кетти.

Бардык тармак колдоого муктаж

Өзгөчө абал режими узарса калктын түрдүү катмарына таасири болору Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынындагы талкуулардан көрүндү.

Кыргызстанда айрым аймактарга өзгөчө абал киргизилген

Өкмөт жетекчилери бизнеске же башка тараптарга пайызсыз насыя бере албай турганын, салыктан да бошотууга шарт жок экенин айтып келатат.

Мамлекет субсидия бермек тургай, депутат Канат Исаевдин айтымында, Улуттук Банк коммерциялык банктарга элге кредит берүүдө карманууну тымызын сунуштап жатыптыр.

"Кризис абалында насыялар кайра кайтпайт, тобокелчиликтер чоң деген сөз болуп жатыптыр. Силер ушул абалдан чыгарып, элга кайра акча бергендин ордуна чектөө киргизе турган болсоңор... Эртең коронавирусту да жеңебиз, анан ишкерлер кантет, мамлекет кантет?", - деген Исаев "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары эки айлык маянасын вируска каршы күрөшүп жаткандарга жолдогонун айтты.

КСДП фракциясынан депутат Аалы Карашев өкмөт мүчөлөрүнө иштөөгө уруксаат берилчү тармактакрды аныктап, жарыялоодо кечигип жатасыңар деди.

"Адамдар азыраак байланышта боло турган жумуштарга улам уруксат бербейсиңерби. Өзүн өзү иштеп баксын да. Минтип отура берсек эртең бүт ишканаларыбызды жокко чыгарып алабыз", - деди Карашев.

Ушул эле маанидеги сунуштарды башка депутаттар да айтышты.

Өзгөчө абал режими узартылганга байланыштуу айрым талаптар жумшарып, кээ бир жумуштарга уруксат берүү каралып жатканын парламентте президент Сооронбай Жээнбеков да белгиледи.

Өкмөт мүчөлөрүнүн айтымында, адегенде курулуш, киши аз иштеген тейлөө мекемелери өңдүү жумуштарга уруксат берилет.

Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Бороновдун айтымында, коронавирус алгач табылган Жалал-Абад облусунда аны дээрлик токтотушту, азыр абал Бишкек менен Ошто курч. Боронов бул жерлерде да жылыштар болгондон кийин өзгөчө абалдын катаал талаптары алына баштайт.

Эпидемияга каршы күрөшүү боюнча атайын эсептин акчасы 15-апрелге карата 125 млн сом. Анын 38,5 млн сомун медицина кызматкерлерине кошумча айлык катары берүүгө кеткен. Калганы турат. Ал эми Социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебине 13,5 млн сом чогулган, анын 4,3 млн сому муктаж үй-бүлөлөргө жардам иретинде сарпталды.

Келип жаткан жардамдарды help.covid.kg сайтынан көрүп турса болот.

Жогорку Кеңеште пенсия менен жөлөк пулду көбөйтүү пикири да айтылды.

Сыртта калган мигранттар

кыргыз мигранттары

Эл өкүлдөрүн эң көп кызыктырган жагдай чет жердеги кыргызстандыктардын абалы болду. Өкмөттүн маалыматына караганда 6300дөн ашык кыргызстандык алып келинди.

Дагы 4400гө чукул кыргызстандык келүүгө аракет кылып, келе албай турат.

Алардын эң көбү Орусияда. Ал жакта да жумушка чыгууга тыюу салынган эле, бирок 15-апрелден тарта айрым катмарларга жумушка барууга уруксат берилди. Миграция кызматынын өкүлү Москвадагы элчилик кыргызстандыктарга жумуш тарбууга көмөк көрсөтүүдө деди.

Өкмөт чет бул жарандарды алып келүүгө өкмөткө бир апта убакыт чектеди. Депутаттардын айтымында дээрлик ар бирине жарандар кайрылып жаткан экен.

Тамак аштын азабы

базар

Андан сырткары негизги маселелердин бири - азык-түлүк коопсуздугу. Буга чейин өкмөт жардамга муктаж болгон жарандарды 200 миңдей деп тизмесин түзгөнүн айткан.

Депутат Махабат Мавлянова өтө жакырлар тизмесинен сырткары деле колдоого муктаждар көп болуп жатканын белгиледи.

"Режим дагы узарса, күнүмдүк кирешесин күндө тапкандар ач калуу коркунучунда турат. Алар азыр жумушу токтоп турган ишканалардын кызматкерлери. Аларга жардам көрсөтүү каралганбы?", - деди ал өкмөт мүчөлөрүнө.

Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Бороновдун айтымында, калктын аярлуу катмары катары Социалдык өнүктүрүү министрлигинде каттоодо тургандардан сырткары күнүмдүк каражаты менен жашагандар азыр эсепке киргизилип жатат. Айтымында, алар шаардагы такси айдоочулары, базарлардагы араба тарткандар, курулушта иштегендер жана башкалар.

"Тамак-аштан тартыштыгы болуп жаткандарды кошуналарынын, квартал башчыларынын маалыматына ылайык тизмеге кошуу каралган. Статусуна карабай муктаж болгондорго берилет. Акча эмес, азык-түлүк менен жардам берип жатабыз. Мамлекеттик кампадагы он миң тонна ундун беш миң тоннасы таратылган. Сырттан келип жаткан ундардан да берилет", - деди Боронов.

Эл өкүлдөрү азык-түлүк өтө зарыгып отурган адамдарга жетпей жаткан чакта, аны тараткандар арасындагы тааныштары аркылуу колунда бар адамдар тартып кетип жатканын да айтышты. Вице-премьер министр Эркин Асрандиев бул нерсени мойнуна алды.

Дыйкан, фермерлер толук кандуу иштей албай жатканы, керектүү жабдыктар, каражаттар үчүн алар шаарларга өтө албаганы айтылды.

Депутат Канат Исаев дары-дармекти көзөмөлдөш керектигин, алардын баасы асмандап баратканын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков кырдаал дүйнөдө турукташканга чейин мамлекеттик чек аралар тыкыр көзөмөлдөнүп, облустар, райондор арасындагы байланыш да тескелерин белгиледи.