Коронавирус: ЕАЭБ чогуу чара көрүш керек

Сүрөттүн булагы, official
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
14-апрелде Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин видео конференциясы өттү.
Талкууланган негизги тема коронавируска каршы күрөш жана экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу. Бул биримдиктен азыркы кырдаалда Кыргызстан кандай колдоо тапты?
Жыйында президент Сооронбай Жээнбеков пандемиядан Кыргызстан тартып жаткан зыяндар тууралуу билдирди.
«Ушу кезде социалдык, соода-экономикалык жана миграция чөйрөлөрүндө кыйынчылыктарга дуушар болуудабыз. Башка өлкөлөрдө чек араларды жабуу боюнча көрүлгөн чаралар тышкы соодага, демек бюджетибиздин кирешесине таасирин тийгизди. 2020-жылдын биринчи кварталында үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргызстанга импорттолгон товарлардын көлөмү 39% азайган. Биз мындай терс тенденция мындан ары да улана турганын түшүнүп турабыз. Былтыркы жылга салыштырмалуу, өлкөнүн бюджетине келип түшүүчү бажы төлөмдөрү дээрлик 40% төмөндөдү. Тилекке каршы, чакан жана орто бизнестин активдүүлүгүнүн төмөндөшү өлкө бюджетине келип түшүүчү төлөмдөрдүн дагы азайышына алып келет. Натыйжада, биздин божомол боюнча, ушул жылдын аягына карата мамлекеттин бюджетине келип түшүүлөрдүн көлөмү 25%дын тегерегинде кыскарышы күтүлүүдө», - деди Жээнбеков.

Сүрөттүн булагы, official
Президент биримдиктин келишими мүчө мамлекеттердин экономикасына, жарандардын ден соолугу менен жашоо-турмушуна тийгизген кесепеттерин төмөндөтүү боюнча чараларды көрүүгө мүмкүндүк берерин баса белгилегенин анын аппараты билдирди.
Жээнбеков ошондой эле уюмга мүчө өлкөлөр ичинде зарыл болгон товарлар эркин айланыш керектигин, чектөөлөр үчүнчү өлкөлөргө гана тиешелүү болуш керектигин айткан.
Ал чектөөсүз өтүш керек болгон зарыл товарлардын тизмесин түзүү, ага "жашыл коридор" ачуу, жарандарды социалдык жана медициналык жактан колдоо сунуштарын берди.
Казакстан азык-түлүктүн чыгышын чектеди
Ун менен буудай экспорттоодо коңшу мамлекеттер арасында лидер эсептелген Казакстан аны ченеп сатмай болду. Айыл чарба министри августка чейин буудай менен унду сыртка ченеп чыгарабыз деди. Апрелде буудайдын сыртка чыкчу өлчөмүн 200 миң тонна деп бекитишти. Мындай чектөөлөр эң керектүү башка азыктарга, дан эгиндерине да тиешелүү.
Ушундай эле чараларды Орусия да көрүп жатат. Бирок анын документинде чектөө ЕАЭБ өлкөлөрүнөн сырткары мамлекеттерге коюлган.
Мурдагы экономика министри Темир Сариев биримдиктин ичинде чектөө анын мыйзамдарына каршы келерин айтты.
"Биз Казакстандан жылына ашып кетсе 300-400 миң тонна буудай алабыз. Майга да чектөө киргизип жатышат. ЕАЭБ өлкөлөрүнө чектөө коюну мен туура эмес деп эсептейм. Биздин керектөөбүз өтө чоң эмес. Биримдик ички тоскоолдуктар жок болсун деп, ушул багытта түзүлгөн. Бул уюмдун келишимине каршы келет. Көбү өзгөчө кырдаал режимине шылтап жатышат. Анткени мындай режимде көп мыйзамдар токтойт. Бирок эл аралык келишимдер улуттук мыйзамдардан жогору турат", - деди Сариев Би-Би-Сиге.
Темир Сариев бүгүнкү жыйындан кийин ушул жана башка маселелер чечилет болуш керек деди.
Бирок экономикалык туруктуулукту камсыздоо маселеси 8-апрелде Жогорку Евразия экономикалык комиссиясы да талкуулаган. Ал вице-премьер министрлер чогулуп турган жыйын. Андан эки күндөн кийин өкмөт башчылардын деңгээлиндеги видео конференция өттү. Анда да товар жүгүртүүнү жеңилдетүү, айрым товарларга "жашыл коридор" түзүү тууралуу сөз болгон.
Ал эми мүчө мамлекеттер бири-биринин жарандарына кам көрүү эрежелери негизги келишимде да белгиленген.
Экономиканы көтөрүүгө чара көрүү көбүнесе эпидемия аяктагандан кийинки маселе. Адегенде вирус менен күрөшүү милдети турат.
Вируска чогуу каршы турса баарына пайда
Сариев ушул тапта уюм вируска каршы күрөшүү боюнча чукул чечимдерди кабыл алуусу зарыл экенин да белгиледи.
"Биримдиктин биринчи жумушу медициналык кызматташуу болуш керек. Уюмдагы кубаттуу мамлекеттер аркылуу көп маселелерди чечсе болот. Бул - Орусия. Коргоочу атайын кийимдер, тесттер менен камсыздоону тез арада чечиш керек. Чек аралар мурдагыдай иштеп, коронавирустун өтүп кетүү коркунучу жок болуш үчүн ушундай чогуу көмөктөшүүгө барыш керек", - деди Сариев.
Ал биримдик ичиндеги дагы бир маанилүү жагдай мигранттардын абалы экенин белгиледи. Сариев башка өлкөлөр кыргыз жарандарын өз жаранындай караш керек жана келем дегендерди алып келүүгө көмөктөшүш керек деди.
Ушундай эле пикирди "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Жалбырак" каналындагы кайрылуусунда айтты:
"Биздин жарандар Беларуста, Орусияда, Казакстанда оруп кала турган болсо, ошол жерден бекер даарыланганга жетишибиз керек. Союз, достук ушундай оор кырдаалда аныкталат, анын тагдыры чечилет. Орусияга "чын эле союздаш болсоң биздин жарандарды талаага калтырбай, ооругандарын өзүңдүн жарандарың катары дарылап, көз сал" деп айта турган күн келди. Ал эми өкмөт баарын алып келе албайбыз деп өзүнүн позициясын жарыялаганга чейин келем деп билет алып, аба майданда калып калгандарды алып келиш керек. Алар эскертилген эмес".

Сүрөттүн булагы, official
Доллар менен эсеп жүргүзгөн ЕАЭБ
Ал тапта Кыргызстан Орусиянын газын доллар менен алаары белгилүү болуп отурат. Ай башында "Газпром Кыргызстан" ишканасы доллардын расмий баасы көтөрүлгөнүнө байланыштуу апрелден тарта газдын баасы кымбаттаганын сайтына жарыялады.
Февралда калк үчүн бир куб метр газдын баасы 15,3 сом, бизнес үчүн 18,7 сом болсо, апрелде тургундар үчүн 17,6, коммерциялык жактар үчүн 21,3 сомго жеткен.
Бирок 14-апрелде өкмөттүн расмий каналдары баалар мурунку боюнча кала турганын ишкана менен макулдашышканын билдирди.
Ошентсе да келишим эмне үчүн доллар менен жана тариф курстан көз каранды болуп түзүлгөн деген суроо азырынча калууда. Ошондой эле март айына эл кайсы тариф менен төлөөрү белгисиз.
Вице-премьер министр Эркин Асрандиев бул боюнча Жогорку Кеңештин комитеттеринин 14-апрелдеги жыйынында комментарий берди:
"Азыркы келшимидин негизинде бул жака келип жаткан газдын баасы доллар менен бекитилген экен. Курска жараша тарифтин өлчөмү ай сайын эсептелип турат экен. Бирок, туура, бүгүнкү күнү дүйнөдө мунай менен газдын баасы түшүп жатат. Ошондуктан бул маселе , газ менен мунайдын эсеп-кысаптарын улуттук валютага өткөрүү суроосу ЕАЭБ алкагында коюлган".
Кыргызстандын товар жүгүртүүсү эң көп Орусия жана Казакстанга туура келет.
Ал эми жарандары эң көп Орусияда жашап, иштейт, алардын расмий саны 600 миңден ашык, эсепке кирбегендерди кошо алганда бир миллионго жетет деген маалыматтар бар.
Ушу тапта Кыргызстанга келе албай аба майданда жана убактылуу жайларда 300дөн ашык жаран бар экени айтылат. Буга чейин чартердик каттамдар менен ондогондору келген.












