Тоолуу Карабахтагы жаңжал: Армения менен Азербайжан аскердик абал жарыялады

Нагорный Карабах

Сүрөттүн булагы, Getty Images

"Азербайжандын Коргоо министрлиги дүйшөмбү күнү эрте менен армян аскерлери Тертер шаарын аткылоо алганын кабарлады",-деп жазды Интерфакс.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабахта кырдаал күчөп кеткенден кийин аскердик абал жарыялады. Жекшембиге оогон түнү эки өлкөнүн аскер күчтөрү кагылышты.

Азербайжандын Коргоо министрлиги жекшемби күнү эрте менен билдирүү таратып, Армения калктуу конуштарды аткылоого алганын билдирди. Азербайжан армиясы жайкын тургундарды коргоо үчүн толук масштабдуу контрчабуулга өткөнүн жарыялаган.

Ал эми Армения болсо, биринчи болуп Азербайжан чабуулга өткөнүн айтууда. Премьер-министр Никол Пашинян маалымдагандай, Азербайжан жергиликтүү убакыт боюнча эрте мененки саат 8:00 абадан жана ракета аркылуу чабуулга өттү.

Кагылышуулардан соң эки өлкө тең аскердик абал жарыялады. Армения бүт аймагына, Азербайжан бир нече аймагына гана аскердик абал киргизди.

Ереван дагы жашы 55ке чейинкилерге жалпы мобилизация баштады

Сүрөттүн булагы, Melik Baghdasaryan\TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ереван дагы жашы 55ке чейинкилерге жалпы мобилизация баштады

Армения эки жайкын тургуну каза тапканын кабарлады. Азербайжан - жети киши каза таап, 19 киши жаракат алганын ырастаган. Мындан сырткары армян тараптан 16 аскер окко учуп, жүздөйү жаракат алаганы кабарланууда. Азербайжан расмий түрдө аскердик жоготуулар тууралуу айткан жок. Армения болсо 200 чамалуу азербайжан аскери окко учту деп ырастап жатат.

Жаңжал болгон күнү эки тарап тең аскер техникаларын жок кылышканын кабарлап, муну ырастаган видеолорду жарыялашты.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян "Азербайжан согуш жарыялады, бирок биз ага даярбыз" деп айтып, муну "өтө масштабдуу чагым" катары баалады.

Карта

Азербайжан президенти Ильхам Алиев Коопсуздук кеңешинин жыйынында Карабахтагы жаңжалды жөнгө салуу "Азербайжандын тархый милдети" деп билдирүү жасады.

"Мен бул боюнча көп жолу айттым, бүгүн дагы айтам: биз бул маселени Азербайжан эли канааттана турган кылып чечишибиз керек. Тарыхый акыйкатты калыбына келтирүүбүз зарыл. Биз Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтиребиз",-деди Алиев.

Карабахтагы жаңжал бир нече жылдан бери уланып келүүдө (архив сүрөт)

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Карабахтагы жаңжал бир нече жылдан бери уланып келүүдө (архив сүрөт)

Эки өлкө ортосундагы конфликтин чордонунда Тоолуу Карабахтын макамына байланыштуу талаш турат. Советтик мезгилде аймак автоном облус саналып, Азербайжан ССРинин курамында болгон.

Карабах жаңжалы 1988-жылы башталган. Анда Тоолуу Карабах автоном облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарылган. Кийин 1992-1994-жылдардагы эки өлкөнүн ортосундагы аскердик тирештин жүрүшүндө Азербайжан Тоолуу Карабахка көзөмөлүн жоготту. Жаңжалды жайгаруу боюнча 1992-жылы ЕККУнун Минск тобу түзүлөт. Аймактын кимге таандык экени тууралуу талаштар согушка чейин жетип, 1994-жылы жарашуу келишими кабыл алынган.

Азыркы маалда эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган көз карандысыз Тоолуу Карабах республикасын армян күчтөрү көзөмөлдөйт. Баку аймак оккупацияланган деп санайт. Ереван болсо расмий түрдө анын көз карандысыздыгын тааныганы менен анын коопсуздугун өз кепилдигине алган. Тоолуу Карабахтагы армиянын бюджети Армения тарабынан каржыланат.

2020-жылы апрелде пандемия күчөп турган маалда эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган Тоолуу Карабах республикасы президенттик шайлоо өткөрдү. Өзүн республика жарыялаган аймактагы президенттик шайлоодо мурдагы министр Араик Арутюнян 88% добуш менен утуп чыкты. Бирок шайлоону эл аралык коомчулук тааныган эмес.

Азербайжандын чабуулу

Армениянын Коргоо министрлиги тараткан тасмада азербайжандык танкалары чабуулга өткөнү тартылган

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Армениянын Коргоо министрлиги тараткан тасмада азербайжандык танкалары чабуулга өткөнү тартылган

Эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган Тоолуу Карабах республикасынын президенти Араик Арутюнян бир нече позициялар боюнча азербайжандык аскерлерге чегинип берүүгө аргасыз болушканын айтты.

Азербайжан күчтөрү Талыш айылы тараптан чабуулга өтүп, Тоолуу Карабахтын түштүгүндөгү бир катар позицияларды ээлеген.

Мунун алдында эле Азербайжандын коргоо министрлиги армия жаңжал болуп жаткан аймактагы алты айылды жана бир нече стратегиялык бийиктиктерди ээлеп алганын кабарлаган.

Бирок Армения тарап муну четке какты.

Түркиянын ролу

Тоолуу Карабах маселесинде Түркия толугу менен Азербайжанды колдой турганын айткан. Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар Тоолуу Карабахтагы кырдаалды курчутуп жиберди деп Арменияны айыптап, Ереванды Азербайжанга каршы "агрессияны токтотууга" чакырды.

"Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн сактап калуу үчүн күрөштө Түркия азербайжандык агайындар тарапта болуп, колунан келгенин кылат",-деп жазды Хулуси Акар "Твиттер" баракчасына.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкөсү мурдагыдай эле Азербайжанды колдой турганын айтты.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян эл аралык коомчулукту Карабах жаңжалына Түркияны аралашуусуна жол бербөөгө чакырды

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги расмий билдирүүсүндө, тараптарды тез арада ок атышууну токтотуп, кырдаалды стабилдештирүү үчүн сүйлөшүүгө чакырды.

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун басма сөз катчысы Владимир Зайнетдинов РИА Новости менен интервьюсунда Тоолуу Карабахта ок атышпоо тууралуу режим орношу керектигин айткан.

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш тараптарды куралын таштоого үндөдү. (AbA)