Коронавирус коркунучун көзгө илбей: Карабахтагы шайлоо

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган Тоолуу Карабах республикасы президенттик жана парламенттик шайлоо өткөрдү. Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам добуш берүүнү жылдыруу тууралуу сунуштар эске алынган жок.
"Кавказский узел" басылмасынын маалыматына караганда, өзүн республика жарыялаган аймактагы президенттик шайлоодо мурдагы министр Араик Арутюнян алдыга чыкты. БШК добуш берүүгө шайлоочулардын 72 пайызы келгенин кабарлады.
"Шайлоо 31-март күнү өттү. Ага чейин талапкерлер, журналисттер жана байкоочулар тарабынан шайлоону жылдыруу боюнча сунуштар түшкөн. Бирок Карабах бийлиги тобокелге барып, муну аймакта вирустун бир да учуру катталбаганы менен түшүндүргөн. Ошондой эле шайлоочуларды беткап жана антисептиктер менен камсыздоону убада кылды",-дейт Би-Би-Си кабарчысы Григор Атанесян.
Эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган Тоолуу Карабах республикасы менен тыгыз карым-катнашты карманып келген Арменияда өзгөчө кырдаал жана катаал карантин чаралары киргизилген. Бул өлкөдө беш жүз чамалуу киши вируска кабылганы белгилүү.
Тоолуу Карабах Азербайжан менен Армения ортосундагы талаштуу жер. Баку аймакты армяндар оккупациялап алган деп эсептейт.
Ереван расмий түрдө Тоолуу Карабахтын көз карандысыздыгын тааныган эмес. Бирок аймактын бюджети жана армиясы Армения менен тыгыз байланышта.
Азербайжан Тоолуу Карабахтагы шайлоону тааныбай турганын билдирди.
Башка шарт болгондо, Карабах шайлоосу Армения үчүн чоң саясий окуя катары кабыл алынмак. Бирок өзгөчө кырдаал абалында анын мааниси көмүскөдө эле калып кеткендей болду.
Эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган Тоолуу Карабах республика калкынын саны 150 миң киши. Шайлоого катышуу үчүн 103 миң шайлоочу катталган. (AbA)











