Карабах жаңжалында үйлөрүн алмашкан айылдар
Мындан 30 жыл илгери, 1988-жылдын 15-июнунда Армян ССРинин Жогорку Кеңеши Тоолуу Карабахты республиканын курамына киргизүү тууралуу резолюция кабыл алган. Кийин СССРдин Жогорку Кеңеши бул резолюцияны жокко чыгарган.

Жыйынтыгында Карабах жаңжалынан миңдеген кишилер мерт болуп, он миңдегени үй-жайын таштап качып чыккан. Мындай тагдырга туш болбой, боору бүтүн калган эки айыл тууралуу айтып беребиз.
Түштүк Кавказда тагдыры татаал болгон эки кыштак бар: Азербайжандагы Керкенж жана Армениядагы Дзюнашох.
30 жыл мурун Керкенжде армяндар жашаган. Ал эми Дзюнашох (ал учурда Кызыл-Шафаг аталчу) азербайжан айылы эле.
Союздук республикалардын ортосунда мамиле чыңалып, он миңдеген кишилер качкынга айланган учурда, бул айылдар кырдаалды колго алууга умтулушкан.
Карабах конфликти башталгандан кийин, 1988-жылдын этегинде азербайжан, армян кыштактары бопбош калды. Качып кетпеген Керкенж жана Кызыл-Шафаг кыштагындагылар эле болду окшойт.
"Баары 88-жылдары башталды,- деп эскерет ошол учурдагы Кызыл-Шафаг совхозунун жетекчиси Байрам Аллазов. - "Aзербайжандарды армяндар депортация кылат экен" деген кабар келди".
Муну уккан коңшу айылдар "унааларга жүктөнүп, качып кетишкен". Кызыл-Шафаг тургундары болсо, башка салганын көрөбүз деп качпай турушту.
"Сырт дүйнө менен байланышсыз калышкандыктан, кеп-сөздүн баарын тааныш армяндар аркылуу угуп турдук. Айылдын коопсуздугун сакташ үчүн Москвадан жаш курсанттарды жиберген",- деп эскерет Байрам.

Сүрөттүн булагы, ВВС
Бир жолу жакшы тааныш чиновниктен Аллазов: "Нан менен тузду бөлүшүп жеген жакын кишим эле сенсиң... Айтчы мага, мунун баары эмне менен бүтөт?",-деп сураган.
"Аллазов, сен эмдигиче түшүнгөн жоксуңбу?",-деп кайра суроо менен кайрылат.
"Ошондо гана бул жерден көчүп кетишибиз керек экенин түшүндүм. Бирок көчүү жагын жалгыз чечкен жокпуз, баарыбыз айылдык кеңеште чечим кабыл алдык",-деп эскерди Аллазов.
Көчүү түйшүгү
Керкенж айылы тууралуу Аллазов Бакудагы тааныштарынан уккан. Ошол маалда союздук эки республиканын ортосунда өз ара ишеним начарлап кеткен эле. Ошондуктан бийлик "айылдарды алмашабыз деген сунуш менен Керкенжге бара турган" Аллазовго араң уруксат берди.

Ошентип Керкенждеги кесиптеши Ишхан Цатурян баштаган делегация менен жолугуп, тараптар айылдагы үйлөрдү алмашуу үчүн бааларын бычышты.
Эки тарапта тең нааразылар көп эле, бирок аларда башка тандоо жок болчу. Кызыл-Шафаг айылында эки кабат, ичинде жылытуу, канализациясы бар үйлөр бар эле. Кыштактагы үйлөрдүн саны 350 болгон. Керкенжде 150 гана үй бар эле. "Мына ушул абал кишилерди нааразы кылды",- дейт Аллазов.
Ишхан Цатурян минтип эскерет:
"Көчүп кетердин алдында койлордун баарын текейден арзан сатып жибергенбиз. Азербайжандыктарга бир топ жеңил болду. Анткени Грузиянын аймагындагы буларга коңшулаш азербайжандардын айылы бар эле. Көчкөндө мал-жандыктарын ошол айылга убактылуу калтырып, кийин айдап келип алышты".

Керкенж тургундары беш оор жүк тарткан унаа таап, Кызыл-Шафаг айылына алып келишкен. Азербайжандыктардын жүгүн жүктөп, Керкенжге алып келип, кайра унааларга өздөрүнүн жүгүн жүктөп Кызыл-Шафагга көчүп кетишкен. Ошентип эки айылды алмашып алышты.
Цатуряндын айтымында, жолдо кыйынчылыктар болгон эмес. Болгону жол узак эле. Керкенж Азербайжандын борбордук бөлүгүндөгү кыштак. Кызыл-Шафаг (азыркы аталышы Дзюнашох) - Грузия менен чек арадагы айыл болчу. Эки айылдын ортосундагы аралык болжолу 400 чакырым.
"Оор жүк тарткан унаалардын мамлекеттик номери азербайжандыкы эле. Жолдо чогулган кишилер көп эле. Армяндар экенин билгенде, таш бараңга алышмак",-деп эскерет Ишхан Цатурян.

"Эч ким ишенген эмес"
Карабах согушу 850 миң азербайжан, 360 миң армянды жер которууга аргасыз кылды. Ар кандай маалыматтарга караганда, 1994-жылдагы жарашуу келишимине чейин эки тараптан тең 20дан 30 миңге чейин киши мерт болгон.
Бул конфликт азырга чейин чечилбей, кез-кезде ок атышуулар болуп келүүдө.
Карабах жаңжалы - постсоветтик мейкиндиктеги үрөй учурган биринчи окуялардан болгон деп эскеришет. Айрымдар СССРдин урашына алып келген негизги себептердин бири катары дагы көрсөтүп жүрүшөт.

Чек аранын экинчи тарабы
Кызыл-Шафагдан өткөн Армения менен Грузиянын чек арасы көп жылдар шарттуу бөлүнүп келген. Армяндар менен азербайжандар жакшы соода-сатык, алака-катыш кылып келген Ирганчай деген кыштак бар эле, деп эскерет Аллазов. Кызыл-Шафаг айылынан төрт гана чакырым аралыкта эле.
1997-жылы Байрам Аллазов ушул айылга туугандарынын үйлөнүү тоюна келип кеткен. Байрамдын кичүү уулу Фуад сегиз жыл мурун калтырып кеткен өз үйүн алыстан гана жүрөк сыздап караганын эскерет:
"Биз ал жерден көчкөн учурда 16 жашта элем. Үйүмдү алыстан көргөндө, жүрөгүм ооруду. Жакын барып көргүм келди, бирок корктум. Балким, мени барымталап алышат го деп кооптондум",-дейт Фуад.
Атасынын барба деген өктөм талабына карабастан, ноябрдын тумандуу таңында Фуад грузиялык унаага олтуруп, чек араны кесип өткөн. Эки гана жолу унаадан түшүп эки жагын кароого батына алды: биринде ата-бабаларынын сөөгү калган көрүстөнгө токтоду, экинчисинде, өзү туулуп өскөн үйдүн дарбазасын сүрөткө тартып алды.

Сүрөттүн булагы, Фуад Аллазов
Андан бери көп суулар акты. Азыр эки айыл тең дээрлик бош калды. Аллазов Керкенжде жашайт, анын балдарынын баары Бакуда. Дзюнашохта (Кызыл-Шафаг) 150 түтүндөн 150 эле киши калды. Көпчүлүгү баш калаага же Орусияга кетип калышкан.
Ишхан Цатурян болсо жылдар өтүп, балдары менен неберелери эски үйүн унутуп калганын айтып берди. Бирок ал Керкенждин тарыхын дайым айтып келет. 100 жыл мурун түптөлгөн бул айылды Ирандан келген ата-бабалары курганын кеп салат.
"Биздин балдарыбыз ал айылды сагынбайт. Аларды тарткан эч нерсе жок",-дейт Ишхан.
Макаланын авторлору: Магеррам Зейналов, Темур Кигурадзе.








