Армения-Азербайжан жаңжалы: туңгуюкка кептелген көйгөй

Баку

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency

Армения менен Азербайжандын чек арасындагы жаңжалдан улам Баку шаарында чоң демонстрация болду.

Жүздөгөндөр калаанын негизги көчөлөрүнөн басып, айрымдары парламентке кирип барууга аркеттенди. Аларды полиция кызматкерлери токтотуп калды. Айрым маалыматтарга караганда, демонстранттар чек арадагы абалга нааразы болушуп, курал дагы талап кылышты.

Адам өлүмү менен коштолгон азери-армян чек арасындагы жаңжал жемшемби күнү башталган. Эки өлкөнүн чек арасындагы Тавуш районундагы тирешүүдөн улам шейшемби күнү Азербайжандын генералы жана полковниги каза тапты. Салгылашууларда Азербайжан тараптан 11 аскер, Армения тараптан төрт чек арачы мүрт кетти.

Азербайжандын аскерлери

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адам өлүмү менен коштолгон азери-армян чек арасындагы жаңжал жемшемби күнү башталган

Жаңжал Тоолуу Карабак аймагынан үч жүз чакырым алыста болуп жатат. Армения менен Азербайжан бул аймакты отуз жылдан бери талашып келет. Армяндар жашаган Азербайжандагы Тоолуу Карабак автономиясы үчүн согуш 1988-жылдан 1994-жылга чейин созулуп, кийин тынчтык келишимине барышкан. Андагы сүйлөшүүлөрдүн бирин Кыргызстандын "Легендарлуу парламенти" уюштурган.

12-июлда Армениянын коргоо министрлиги Азербайжандын аскерлери чек араны эки жолу мыйзамсыз өткөнүн кабарлаган.

"Болжолу менен саат 12:30 Азербайжандын аскерлери Тавуш районундагы чек араны белгисиз себептер менен кесип өтүштү. Армениянын аскерлери эскертүү бергенден кийин гана алар кайтып кетишкен",-деп жазылат Армениянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шушан Степаняндын "Фейсбук" баракчасында.

Дом в деревне

Сүрөттүн булагы, AZƏRBAYCAN XİN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эки тарап жайкын тургундарды, турак-жайларды бутага алды деп бири-бирин күнөөлөп жатат

Бул кабардан кийин Азербайжандын кыштактары артиллериялык аткылоо кабылды деген жаңылыктар келе баштады. Армениянын Коргоо министрлиги кыштактар эмес, аскердик имараттар менен техниканын бутага алынганын билдирди.

Азербайжан тарап дагы жайкын тургундарды бутага алган эместигин белгиледи. Ага карабастан эки тарап жайкын тургундарды, турак-жайларды бутага алды деп бири-бирин күнөөлөп жатат.

Ал тапта Бириккен Улуттар Уюму, ЕККУ, Орусия жана АКШ эки тарапты сабырдуулукка чакырып, ок атышууну токтотууга үндөдү.