Тоолуу Карабак конфликтин чечүүдө Кыргызстандын орду

Сүрөттүн булагы, EPA

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы

Азербайжан жекшембиде ок атууну бир тараптуу токтотконун билдирген менен Тоолуу Карабакта кагылыш үчүнчү күн уланууда. Кыргызстан аларды элдештирүүгө мурдагыдай арачылык салымын кошо алабы?

Армениянын коргоо министри Азербайжандын бир катар танкы жок кылынганын билдирди. 22 жыл мурдагы согуштан кийин талаштуу анклав үчүн кагылыш эң оор деп сыпатталууда.

Бузулган тынчтык келишими

Азербайжан Тоолуу Карабактагы акыркы салгылашта Армения колдогон козголоңчулар тарабынан үч аскери өлгөнүн билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматында, дем алыш күндөрү эки тарапта биригип, кеминде 33 адам мерт болуп, 200дөй киши жаракат алган, арасында балдар да бар.

Ал арада конфликт боюнча өлкөлөр позицияларын билдирүудө. Токсонунчу жылдары тутанган бул конфликтин жааттарын элдештирүүдө Кыргызстандын "Легендарлуу парламенти" роль ойногон. Кыргызстан азыр ошол аракетти жасай алабы?

Жекшембиде Азербайжан ок атууну бир тараптуу токтотконун билдирген менен Армения аны маалыматтык капкан деди.

Эки тарап тең кайсы бир мааниде сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген.

Маалымат каражаттары Азербайжан Түркия, Армения Орусия менен акылдашып жатканын жазышууда. Бир катар өлкөлөр ок чыгарууну токтотууга чакырды. Расмий Казакстан бүгүн позициясын билдирип, эки тарапты элдешүүгө үндөдү.

Сүрөттүн булагы, RIA Novosti

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги позициясын даярдап жатканын кабарлады.

Кыргызстандын арачылык ролу

Тоолуу Карабак боюнча биринчи согушта Кыргызстан парламенти аны токтотууда роль ойногон. Коомдук ишмер, мурдагы депутат Токон Мамытов Жогорку Кеңеш ошону кайталаш керек дейт.

«Башка сырткы мамлекеттер же Арменияны же Азербайжанды колдоп жаткан оор абалда Кыргызстандын парламенти, Кыргызстан КМШ аянтын пайдаланып, тараптарды Бишкекке чакырыш керек деп ойлойм. Бир үстөлдө маселени ийри отруп, түз чечкенге жардам берип койсо, Кыргызстандын да, парламенттин да, кыргыз элинин, бийлигинин аброю мындан да артмак деп ойлойм. Парламенттик өлкө болгондон тарта кыргыз парламентине кызыгуу артып, сыйга ээ», - деди Мамытов.

Ал эми азыркы Жогорку Кеңеш парламенттик ассамблея ичинде бул маселеде канчалык аракет көрө алат? Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрага орун басары Абдывахаб Нурбаев ассамблеяда кыргыз парламентинин аброю жакшы дейт.

«Согуштан эки тарап тең утпайт, адам өмүрүнө эч нерсе татыбайт. Мындан улам биз дагы четте турбай, өз көз карашыбызды билдиришибиз керек. Эртең биздин комитеттин жыйыны болот, ошондо ушул маселени карайбыз», - деп билдирди эл өкүлү Нурбаев.

Элдешүүгө салым кошкон "Легендарлуу парламенти"

Сүрөттүн булагы, EPA

"Легендарлуу парламенттин" спикери Медеткан Шеримкулов Армения, Азербайжан жана Тоолуу Карабактын парламент башчылары менен бир үстөлгө отуруп, маселени кантип чечкенин ошондогу депутат Кубанычбек Идинов айтып берди:

«Ал бул жактын жумушчу тобу менен, Азербайжандын, Армениянын жана Тоолуу Карабактын парламент башчылары менен, ал убакта Эл депутаттар кеңеши деп аталчу, отуруп маселени талкуулашкан. Бири-бирине болгон таарынычты, болгон бардык көйгөйдү бетме-бет айтышкан. Андан кийин Тоолуу Карабакка барып келишкен. Талкуудан кийин бир чечимге келип, Тоолуу Карабак өзүнчө автономия, бийлигин өзү жүргүзгөн, бюджетин өзү түзгөн аймак болуп, Азербайжандин ичинде калат дешкен. Протоколго кол коюлган»,-деди Кубанычбек Идинов.

Конфликт 1988-жылы көпчүлүгүн армяндар түзгөн Тоолуу Карабак автономиясы Азербайжан ССРинен чыгып, Арменияга кошулуу каалоосун билдиргенде башталган.

Алты жылга узаган согушта 30 миңдей киши өлгөн. 1994-жылы башка өлкөлөрдүн киришүүсү менен конфликт токтоп, тынчтык келишими түзүлгөн.

Ал келишим өткөн аптанын соңунда бузулуп, ишемби таң менен эки тарап тең бири-бирин окту биринчи чыгарууда айыптады.

Армяндар жашаган Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагында. Алар Арменияга ыктаса, Азербайжан болсо жерин жоготууну каалабайт. Андан сырткары Арменияда христиандар, ал эми Азербайжанда мусулмандар басымдуу, бирок Тоолуу Карабактын тегерегинде түрк жана перси элдеринин ислам таасири да күчтүү.

Кыргызстан Армения менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунда, андан чыгып кеткен Азербайжан менен түрк тилдүү элдердин бирикмесинде турат.