Европа Лигасы: Баку менен Еревандын маселеси футболго жеттиби?
"Арсеналдын" курамындагы армениялык футболчу Генрих Мхитарян футбол боюнча Европа Лигасынын финалына баруудан баш тартты. Бул өзүнүн жеке чечими болгонун жана аны командасы, машыктыруучусу колдогонун айтты.

Сүрөттүн булагы, Thomas Eisenhuth, Getty Images
Мхитарян Армениянын жараны, буга чейин дагы Азербайжандагы беттештерден баш тарткан. "Арсенал" Европа футбол уюмуна кайрылып (УЕФА), алар аркылуу Азербайжан өкмөтүнөн оюнчулардын коопсуздугу тиешелүү деңгээлде сактала турганына кепилдик алган. Бирок бул жагдай дагы Мхитаряндын чечимине таасирин тийгизе алган жок.
Мындан сырткары көптөгөн теги армян футбол күйөрмандарына Азербайжан виза бербей койгону талкууга түштү.
Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги виза берүүдөн баш тарткан массалык учур болгон эмес деп билдирди. ТИМдин өкүлү Лейла Абдуллаева Би-Си-Сиге билдиргендей, "оккупацияланган Тоолуу Карабак аймагына жана ага жакын жерлерге Азербайжан өкмөтүнүн уруксаты жок мурда келип кеткендерге гана чектөө бар" деп билдирди.
1988-жылдын 15-июнунда Армян ССРинин Жогорку Кеңеши Тоолуу Карабакты республиканын курамына киргизүү тууралуу резолюция кабыл алган. Кийин СССРдин Жогорку Кеңеши бул резолюцияны жокко чыгарган. Жыйынтыгында Карабак жаңжалынан миңдеген кишилер мерт болуп, он миңдегени үй-жайын таштап качып чыккан.
Европа лигасынын финалы 29-майда Баку шаарында өтөт. Анда англиялык "Челси" менен "Арсенал" беттешет. 68 миң адам баткан стадиондун 12 миң гана билетин УЕФА фаннатарга сатыкка койгон. Анлиялык футбол күйөрмандары Бакунун алыстыгын айтып, Азербайжанга жетүү үчүн учак каттамдары аз экенине нааразы.
Азербайжандыктар болсо өлкөгө келе турган фанаттарды жылуу тосуп алабыз деп убада беришти.
Лондондук клубдардын фанаттары эмне деп жатат?
Талкууну 10-майда "Ливерпулдун" башкы машыктыруучусу Юрген Клопп баштаган. Анын командасы Мадрид шаарында Чемпиондор лигасынын финалында ойнойт.
"Мадрид боюнча айтсам, абдан кымбат шаар. Бирок Бакуга салыштырганда, жок дегенде дүйнөнүн аркы четинде эмес. Бакуда финал өткөрүү кызык чечим болгон. Мындай чечимди кабыл алган балдар эрте мененки тамагына эмне кошкон деген суроо чыгат. Бакуга кантип жетсе болорун билбейм. Логистиканы дагы карап, жүйөөлүү чечим кабыл алышы керек болчу",- деп тамашалады Клопп.
УЕФА болсо Баку биринчи жолу Европа лигасынын финалын өткөрүп жатканын маалымдады. Финалды өткөрүү үчүн атайын арыз жазып, инфраструктура жогорку деңгээлде экенин далилдеп берүү керек.

Сүрөттүн булагы, Valery Sharifulin, Getty Images
Ал эми 68700 адамды батырган стадиондун 12 миң гана оруну фанаттарга сатылганын, УЕФА Бакудагы Гейдар Алиев атындагы аэропорт күнүнө 15 миң гана кишини кабыл алаарын жүйөө келтирди.
Ал аңгыча британиялык фанаттар өкмөттүн Азербайжан боюнча кайрылуусун окуп, чуу чыкты. Британ өкмөтүнүн билдирүүсүндө Бакуда террордук чабуул болуу ыктымалдуулугу жогору экени айтылат. Тышкы иштер министрлиги Ирак менен Сириядагы жаңжалдан улам коркунуч дагы деле бар экенин маалымдады.
Болбой эле оюнга барам деген фанаттар жумасына үч жолу Лондондон Бакуга учуп барган азербайжандык Azal аба жолдорунан билет алышы керек. Кызыгы, 29-майга жакын учак билеттери калбай калган. Демек, футбол күйөрмандары Бакуга кыйла эрте учуп баруусу керек, артка 4-июндан кийин гана кайтууга болот. Башка жолдор менен барам дегендер бир нече жолу учак которуп, бир нече билетти сатып алуу үчүн миң фунтка чейин каражат коротот.
"Билетиң колуңда болсо, бирок учак өтө эле кымбат болуп бара албай калганың трагедия. Мен түшүнөм, баары оюнду көргүсү келет, бирок эмнеге Азербайжанды тандашты?",- деген суроону "Арсеналдын" фанаттарынын бири жолдоду.
Бакуда Европа лигасынын финалы тууралуу эмне деп жатышат?
Азербайжандын футбол федерацияларынын ассоциациясы Бакуда фанаттарга атайын "зоналар" түзүлөт деп маалымдады. Бирок УЕФА уруксат бергиче кеңири маалымат берүүдөн баш тартты.
Коопсуздук көйгөйлөрү боюнча Би-Би-Си Азербайжандын Ички иштер министрлигине кайрылып, эч жооп ала алган жок.
Андан тышкары "Арсеналдын" негизги оюнчуларынын бири, Армениянын жараны Генрих Мхитарян өлкөгө киргизилеби деген дагы суроо чыгууда. 2018-жылы "Арсенал" клубунун азербайжандык "Карабак" командасы менен беттешке Мхитарян келген эмес.

Сүрөттүн булагы, Harriet Lander/Copa
Мурда Мхитарян талаштуу Тоолуу Карабак аймагына барганда, аны азербайжандыктар кескин сынга алышкан.
"Азербайжан - тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту бийик туткан туристтик мамлекет",- деп белгиледи Тышкы иштери министрлиги.
Өлкөдө буга чейин дагы маанилүү эл аралык мелдештер тынч өткөн. Жыл сайын белгилүү Формула-1 мелдеши да өтүп турат. (AbA\AT)








