Быйылкы футболдун соңку нотасы - Чемпиондор лигасы
Быйылкы футболдук сезон соңуна чыгууда. Бул жылы Европадагы эң престиждүү мелдештерде англиялык клубдардын ооматы жүрдү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
29-май күнү кечинде Европа лигасынын финалында лондондук клубдар ойноп, "Челси" 4:1 эсебинде "Арсеналды" утуп алган.
Бул жолку еврокубоктун финалдык оюну өтө саясатташкан талкуулары менен эсте калды. Эки ири футболдук уюм - УЕФА менен ФИФА футболду популяризация кылуу үчүн түрдүү шаарларда өткөрүп келе жатканын айтып келүүдө. Бирок бул ирет финалдык беттештин Азербайжан баш калаасында өткөнү талкууга себеп болду. Анткени бул өлкөгө барууга де-факто Армения жарандарына чектөө коюлган. Ошондон улам "Арсеналдын" курамындагы армениялык футболчу Генрих Мхитарян футбол боюнча Европа Лигасынын финалына баруудан баш тартты. Бул өзүнүн жеке чечими болгонун жана аны командасы, машыктыруучусу колдогонун айткан.
Эми алдыдагы дем алышта Мадрид шаарында Чемпиондор лигасынын финалдык беттеши өтөт.
"Мадрид боюнча айтсам, абдан кымбат шаар. Бирок Бакуга салыштырганда, жок дегенде дүйнөнүн аркы четинде эмес. Бакуда финал өткөрүү кызык чечим болгон. Мындай чечимди кабыл алган балдар эрте мененки тамагына эмне кошкон деген суроо чыгат. Бакуга кантип жетсе болорун билбейм. Логистиканы дагы карап, жүйөөлүү чечим кабыл алышы керек болчу",- деп тамашалаган "Ливерпулдун" башкы машыктыруучусу Юрген Клопп.
ЧЛ финалында дагы англиялык клубдар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Chris Brunskill/Fantasista
Дем алыш күнү өтө турган финалдык оюнга дагы англиялык эки клуб чыкканы белгилүү.
Лондондук "Тоттенхэм Хотспур" клубу Амстердамдагы коноктогу оюнда "Аяксты" утуп, финалга чыкса, "Ливерпуль" футбол дүйнөсүн таң калтырган оюну менен экинчи жыл катары менен Чемпиондор лигасынын финалына жетти. Биринчи беттеште "Барселонадан" 3:0 эсебинде утулгандан кийин футбол дүйнөсү жеңишти католондуктарга ыйгарган. Бирок "Ливерпуль" күйөрмандарынын чоң колдоосу астында футбол дүйнөсүнүн оозун ачырып, 4:0 эсеби менен "Барселонаны" жер муштаткан. "Энфилд" стадиону шарактап кайнап турду. Акыркы жылдардагы дүйнөнүн эң мыкты клубдарынын бири эч нерсе кыла албай, калдастап калды.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Ливерпулга" алтынчы ирет Европадагы беделдүү сыйлыкты утуп алуу мүмкүнчүлүгү жаралды.
"Ливерпуль" европалык футболдун элитасында:
"Ливерпуль" Европадагы эң башкы жана беделдүү клубдук мелдештин финалына тогузунчу ирет чыкты. Мындай жолду мадриддик "Реал" (16), "Милан" (11) жана "Бавария" (10) басып өткөн.
"Манчестер Юнайтедден" (2008-2009) кийин Чемпиондор лигасынын финалына эки жыл катары менен чыккан англиялык клуб болуп калды.
"Барселона" европалык мелдештерде мурда-кийин англиялык командалардан мынчалык ири эсепте утулган эмес эле.
Чемпиондор лигасынын бул жолку финалы 2013-жылдан бери биринчи жолу Лионель Месси жана Криштиану Роналду жок өтмөкчү. (AbA)
*








