Футбол: Дүйнө чемпионатынын тарыхындагы эң мыкты командалар
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын Азия Кубогундагы ийгилиги миңдеген өспүрүмдөрдү шыктандырып, өлкөгө чоң кубаныч тартуулады. Бул окуя кыргыз футбол тарыхынын жаңы барагын ачты.

Сүрөттүн булагы, FFKR.KG
Тарых демекчи, биз окурмандарга Дүйнө чемпионатындагы эң мыкты курама командалар тууралуу айтып беребиз.
ГФР курама командасы, 1974-жыл
Германия Федеративдик Республикасы (ГФР) 1974-жылдагы Дүйнө чемпионатын утуп алган. Ырас, 1966-жылы дагы алар финалга чыгып, бирок кошумча берилген убакытта Англияга чемпиондукту тарттырып жиберишкен эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Allsport
Сегиз жылдан кийин кайра финалга жетип, футбол күйөрмандарынын сүймөнчүгүнө айланган голландарды утуп алды. Албетте, бул көптөрдүн маанайын түшүргөн. Бирок жеңгендерди эч ким күнөөлөй албайт эмеспи.
ГФР курамында Герд Мюллер, Пауль Брайтнер жана Беккенбауэр сыяктуу мыкты оюнчулар бар эле. Бул курама команда 1972-жылы Европа чемпионатын дагы уткан.
Франция курама командасы, 1998-жыл
Франция бул чемпионатта өтө таасирдүү оюндары менен көпчүлүктүн эсинде калды. Алар чоң кыйынчылык менен күчтүү атаандаштарын мелдештен сүрүп чыгарышты. Айталы, Парагвайды араң жеңип, Италияны пенальтилер сериясы менен гана утуп кетти.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жарым финалда Хорватия менен беттеши чыңалган абалда өтүп, 2:1 менен жыйынтыкталды.
Бирок финалдагы беттеши күйөрмандарынын төбөсүн көккө жеткирген десе болот. Футболдун падышасы болуп, таажысын башынан түшүрбөгөн Бразилияны 3:0 эсеби менен талкалаган. Зинедин Зидандын жылдызы жаркырап жанды.
Эки жылдан кийин Франция Европа чемпионатын дагы утуп алган. 2018-жылы француздар кайрадан ийгиликке жетип, бүтүндөй жаш курамы менен экинчи жолу чемпион болушту.
Уругвай
Кыязы, Дүйнө чемпионатынын тарыхындагы анчейин бааланбаган курама команда - Уругвай болсо керек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жок эле дегенде эң чакан өлкөнүн чемпиондукту утуп алганы дагы эскерүүлөргө татыктуу. Уругвайдын калкынын саны төрт миллионго жетпейт. Уругвайдын өз талаасында 1930-жылы Дүйнө чемпионатын утуп алганы көптөрдүн эсинен чыкты.
Баса, бул команда 1950-жылы Бразилияда талаа ээлерин 2:1 эсеби менен утуп, экинчи ирет чемпиондукту утуп кеткен. Бул беттеш тарыхта "Мараканасо" деп аталып калды. Беттешке келген күйөрмандар саны рекорд жаратып, азыркыга чейин аны жаңырткан учур боло элек.
Венгрия, 1954-жыл
"Дүйнө чемпионатын бир дагы утпаган мыкты команда" деген аныктама Венгрия курама командасына туура келет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
1950-1954-жылдары Венгрия футбол дүйнөсүн ээлеп, оюн талаасында өктөмдүгүн көрсөтө баштады. 50 беттештин 43үн утуп, мыкты курамаларды тизе бүктүрдү. Англия менен конокто 6:3 эсеби менен ойноп, Будапеште өз талаасында 7:1 эсебинде талкалап салды.
1952-жылдагы Олимпиаданы утуп алган Венгрия курама командасы 1954-жылдагы Дүйнө чемпионатынын финалында ГФР менен бет келет. Беттештин соңу 3:2 менен жыйынтыкталып, Венгрия жеңишти тарттырып жиберди. Кызыгы тайпалык оюнда алар ГФР командасын 8:3 эсеби менен утуп алган эле.
1956-жылы өлкөдөгү СССРге ыктаган өкмөткө каршы жүрүштөр орун алды. Көтөрүлүш советтик аскерлердин күчү менен басылган. Ошондон кийин курама командадагы мыкты оюнчулардын көбү Батыш өлкөлөрүн көздөй кетип калган. Кийин Ференц Пушкаш, Шандор Кочиш жана Золтан Цибор сыяктуу футболчулар "Реал" жана "Барселона" сыяктуу атактуу клубдарда ойношкон.
Бразилия, 1958-62-жылдар
Бразилия футбол тарыхында Дүйнө чемпионатын эки жолу катарынан утуп алган экинчи өлкө. Эки чемпионатта тең бирдей курама менен келген. Ал учурда улуттук команданын курамында Пеле жана Гарринч сыяктуу мыкты футболчулар бар эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
1958-жылдагы чемпионатта бразилиялыктар алты беттештин бешөөнү уткан. Болгону тайпалык оюнда Англия менен беттеш 0:0 эсеби менен жыйынтыкталган. Финалга чейин Бразилия 16 гол киргизип, өз дарбазасына төрт гана гол өткөрөт.
Төрт жылдан кийин кайрадан жеңишти камсыз кылышты. 1962-жылы Пеле жаракатына байланыштуу ойной алган эмес. Бирок бардык беттештерди жеңип, чемпион болушту. Бул ирет дагы Англия менен бир тайпага түшүп калып, аларды 3:1 эсебинде жеңип алышкан.
Нидерланддар, 1974-жыл
Эгерде спорттук ыңкылап жөнүндө айтсак, анда муну 1974-жылы Дүйнө чемпионатында Нидерланддар ишке ашырган десек туура болот.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнө бул курама команданын инновациялык тактикалык ыкмаларынан оозу ачылган. Йохан Круифф башында турган команда тайпалык оюнда бардык атаандаштарын утуп, Швеция менен гана тең чыгат. Финалга чейин Аргентина менен Бразилияны жеңди. Ал эми финалдык беттеште ГФР курамасына башында эле гол киргизген менен 2:1 эсебинде утулуп калган.
2010-жылы курама команда кайрадан финалга жетип, бул ирет испандарга жеңишти алдырып жиберди.
Испания, 2010-жыл
Испания акыры Дүйнө чемпионатын утту. Испандар көп жылдар жакшы көрсөткүчтөргө ээ болгону менен бир да жолу чоң ийгиликтерге жетпей келген эле. Бирок алардын тайпалык оюндары өтө деле көзгө көрүнөрлүк болбоду десек болот. Биринчи эле беттеште испандар Швейцарияга 0:1 эсеби менен утулуп калат. Чейрек финалда Парагвайды утуп, жарым финалда Германияга каршы ойногон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Финалдагы Испания менен Нидерланддар беттеши эреже бузууга бай болду. 48 ирет эреже бузулуп, калыс оюндун жүрүшүндө 12 сары айып кагазын көрсөткөн.
Деген менен бул жеңишке испандар татыктуу жетти. Мунун алдында Евро-2008 жеңип алышкан эле. Чемпионаттан кийин 2012-жылы кайрадан Европа биринчилигин утушту.
Бразилия, 1970-жыл
Бул жылдагы Бразилиянын курамын көпчүлүк футбол адистери тарыхтагы эң мыкты курам деп аташат. Командага жаракатынан айыккан Пеле кайтып келди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бразилия 1970-жылдагы чемпионатта бардык беттештерди утуп, 100 пайыз жеңишти камсыз кылган. Атаандаштарынын бирөөсү дагы чоң коркунуч жарата алган эмес. Финалда Италияны ири эсеп менен утуп алган.
Хорватия, 2018-жыл
2018-жылы Орусияда өткөн Дүйнө чемпионатында хорваттар финалга биринчи жолу чыкты. 1998-жылы Францияда өткөн чемпионатта хорваттар көптөрдү таң калтырып, жарым финалга чейин жетип, кийин коло медалды багындырган эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2018-жылдагы чемпионаттын тайпалык оюндарында Хорватия Нигерияны 2:0, Аргентинаны 3:0, Исландияны 2:1 эсеби менен утту. 1/8 финалда Хорватия-Дания 1:1 (Хорватиянын жеңиши пенальти аркылуу 3-2). 1/4 финалда Орусия -Хорватия 2:2 (Хорватиянын жеңиши пенальти аркылуу 4-3). Жарым финалда Хорватия - Англия 2:1.
Бирок финалда француздарга жеңишти алдырып жиберген. Хорватиянын калкынын саны 4,1 млн киши. 1950-жылдагы Уругвайдын ийгилигинен кийинки футбол чемпионатынын финалына жеткен эң чакан өлкө - хорваттар болду. (AbA)











