Кыргызстандын футбол командасына президенттин ыраазычылыгы

Бириккен Араб Эмиратында өтүп жаткан футбол боюнча Азия Чемпионатында Кыргызстандын курама командасы тайпалык оюндардан чыга алды.

Кыргызстандын футбол командасына

Сүрөттүн булагы, FFKR.KG

Кечээ күнү Филиппин менен беттеште 3:1 эсебинде жеңишти камсыз кылып, тайпада 3-орунду алганы менен Кыргызстан эң мыкты оюн көрсөткөн төрт команданын бири катары 1/8 баскычка өттү.

Эрежеге ылайык, Азия Чемпионатында 24 команданын ичинен 16 команда кийинки баскычка өтөт.

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы

Тайпада биринчи жана экинчи оюнду алган командалар, ошондой эле үчүнчү орунду алып, жакшы көрсөткүчө ээ болгон 4 командага кийинки баскычка өтүүгө мүмкүндүк берилген.

Кыргызстан курама командасы тарыхында биринчи жолу Азия Чемпионатына катышууда. Кийинки баскычка өткөнү чоң ийгилик катары бааланды.

Буга чейин президенти Жээнбеков Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн

Сүрөттүн булагы, President.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Буга чейин президенти Жээнбеков Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн

"Жалпы кыргызстандыктар кечээ кыргыз спортунун чоң жетишкендигине күбө болушту. Биздин футбол боюнча курама командабыз Азия чемпионатында эбегейсиз чоң ийгиликке жетишти. Филиппин курама командасын 3-1 эсебинде утуп элибизге укмуш зор маанай тартуулашты. Биздин команданын Азия кубогунун оюндарына тарыхта биринчи чыгышы эле чоң ийгилик болгон. Баардык оюндарда ийгиликтүү ойноп, биздин командабыз оюндардын кийинки этабына чыгуусу да бул чынында эбегейсиз чоң тарыхый жетишкендик. Эң негизгиси, биздин балдар тайманбай ойношуп, кызыктуу оюн көрсөтүп жатышты", -деп билдирген президент Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстан курама командасы 3:1 эсебинде Филиппин командасын жеңип алды

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстан курама командасы 3:1 эсебинде Филиппин командасын жеңип алды

Президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө Жээнбековдун жалпы элдин атынан футболчуларга, алардын башкы тренерине, бардык командага ыраазычылык билдирип, алкыш айтканы белгиленген.

Кыргызстан алаа ээлери болгон Бириккен Араб Эмираттары менен 21-январда ойнойт

Сүрөттүн булагы, AMA/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстан алаа ээлери болгон Бириккен Араб Эмираттары менен 21-январда ойнойт

"Кийинки оюнда мазмундуу оюн көрсөтүп, ийгиликке жетишет деп жалпы кыргызстандыктар күйөрман болобуз! Биздин жигиттерибизди Жараткан өзү колдосун!", -деген президент.

Кыргызстан футбол командасы

Сүрөттүн булагы, FFKR.KG

Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин

Сүрөттүн булагы, FFKR.KG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин

Кыргызстан курама командасы кийинки баскычта талаа ээлери болгон Бириккен Араб Эмираттары менен беттешмекчи. Оюн 21-январда өтөт. (AbA)

*