Мина талаасындагы футбол: финалга жеткен Хорватиянын "согуш балдары"

    • Author, Фернандо Дуарте
    • Role, Би-би-си

Англия менен беттештен кийин Москванын "Лужники" стадионунан хорватиялык күйөрмандар топ-тобу менен сыртка чыгып жатышты. Алардын бири Якоб Монтичтен мексикалык журналисттер: "алдыдагы финал курама команда үчүн өтө оор эмеспи" деп сурады.

The Croatian football team celebrate victory over England

Сүрөттүн булагы, Getty Images

"Силер Лука Модричти билесиңерби? Ал мина коюлган талаада футбол ойногон. Ал үчүн да, биз үчүн да корко турган эч нерсе жок",- деди он жети жаштагы күйөрман.

Чынында эле Модрич "согуш балдарынын" бири. Бул "балдар" хорват спортунун тарыхындагы жаңы баракты ачты. Команданын курамындагы бир нече оюнчу 1991-жылы Югославия ыдырагандан кийинки кандуу жаңжалды башынан кечирген.

Словения менен Хорватия эгемендигин жарыялаганына серб-югославиялык күчтөр жазалоо операциясы менен жооп берген.

"Согуш балдарынын" кучакташуусу: Лука Модрич жана Иван Ракитич Англияны утуп алган оюндун соңунда.

Сүрөттүн булагы, Getty

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Согуш балдарынын" кучакташуусу: Лука Модрич жана Иван Ракитич Англияны утуп алган оюндун соңунда.

Модрич жана анын командадагы өнөктөшү Ведран Чорлука өзүнүн өлкөсүндө качкынга айланган.

Бозгунчулук

Болочоктогу футболчулардын көбү Хорватиядан качып чыккан үй бүлөлөрдөн. "Барселона" клубунун жылдызы Иван Ракитичтин бүлөсү Швейцариядан башпаанек тапкан. Кийин ал эр жеткенде Хорватия командасын өзү таап келди.

"Балканда эмне болуп жатканын бала кезде түшүнүү кыйын болчу. Ата-энебиз агам экөөбүз менен согуш тууралуу, жакындарынан кантип айрылышканы тууралуу сүйлөшчү эмес. Бизге оңдой берди болгон",-деп жазган Ракитич Players' Tribune сайтына.

Англияга чечүүчү голду киргизген Марио Манджукичтин бүлөөсү дагы бозгунда болгон. Ал Германияда чоңойду.

Модричтин ата-энесинин үйүн өрттөп салышкан.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Модричтин ата-энесинин үйүн өрттөп салышкан.

Албетте, Модрич мина талаасында топ кубалаган эмес. Бирок, анын алгачкы топ тээп футболго ынтызар болгон учуру порт шаары Задарда болду. Анда бул аймак сербиялык аба чабуулдарына кабылып турган. Анын чоң атасы каза таап, үйүн өрттөп кетишкен. Балалыктын жүрөктө калган дартынан футбол айыктырган.

Ал учурда ата-энеси бомбадан жашырынган жер төлөдөн алыс кетпегиле деп айтчу экен. Балдары талаада минага жарылып кетеби деп кооптонушкан.

"Согуш мени күчтүү кылды"

"Ал учурда мен сегиз гана жашта элем, өтө оор мезгил эле",-деп эскерген 2008-жылы Модрич. Бул анын согуш тууралуу айткан сейрек учурларынын бири эле.

Жөө аскерлерге каршы коюлган миналар азыр деле хорват балдары үчүн кооптуу.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жөө аскерлерге каршы коюлган миналар азыр деле хорват балдары үчүн кооптуу.

"Согуш мени күчтүү кылды. Бул эскерүүлөр мени өмүр өткөнчө коштоп жүрүшүн каалабайм. Бирок, унутуп да салгым келбейт".

Ушундай эле эскерүү коргоочу Деян Ловрендин дагы жүрөгүндө жашайт. Анын бүлөсү согуштан качып, Германиядан башпаанек алган. Кийин алар 2000-жылдардын башында өз өлкөсүнө кайтып барышкан. Ал учурда Деян өз эне тилин дээрлик унутуп калгандыктан, кийин анын азабын далай тартканын эскергени бар.

Хорват футболчулары жеңишин майрамдап жатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хорват футболчулары жеңишин майрамдап жатат.

"Бүгүн сириялык жана башка качкындарды көргөндө, биз аларга мүмкүнчүлүк беришибиз керек деп ойлоном. Алар башкалар өөрчүткөн согуштан оолак болгусу келип жатат. Болгону алардын колунан келгени - андан алыс качууу",-дейт Ловрен.

Калкынын саны аз

Хорватиянын калкынын саны 4,1 млн киши. 1950-жылдагы Уругвайдын ийгилигинен кийинки футбол чемпионатынын финалына жеткен эң чакан өлкө - хорваттар болду.

Бийик патриоттук демди бардык жерден байкаса болот. Айталы, Англия менен беттештин алдында хорватиялык Jutarnji басылмасы: "биримдикте, кашык каныңар калганча кармашкыла" деген чакырык менен чыкты.

1950-жылдагы Уругвайдын ийгилигинен кийинки футбол чемпионатынын финалына жеткен эң чакан өлкө - хорваттар болду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1950-жылдагы Уругвайдын ийгилигинен кийинки футбол чемпионатынын финалына жеткен эң чакан өлкө - хорваттар болду.

Дагы бир кошумчалай кетчү окуя - өлкөнүн президенти Колинда Грабар-Китарович Орусиядагы беттештерге келген учурунда эки жолу протоколду бузду. Биринчисинде, стадиондун VIP бөлүгүндө улуттук кураманын футболкасы менен келди, андан кийин орус премьер-министринин алдында жеңишин абдан эмоцияналдуу майрамдады.

Croatian football is drenched in patriotism and nationalism

Сүрөттүн булагы, Getty

Деген менен Хорватия жашыл талаада өтө мыкты оюнун көрсөтүүдө. (AbA)