Бахадыр Кочкаров: калыстар "өрттөнүп" турган оюнчуларга "суу себиши" керек

Бахадыр Кочкаров

Сүрөттүн булагы, Бахадыр Кочкаров

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 48 жаштагы футбол калысы жалпысы болуп дүйнөлүк чемпионаттагы 9 оюнда калыстык кылган.
    • Author, Айбек Абдылдаев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

ФИФАнын белгилүү футбол калысы кыргызстандык Бахадыр Кочкаров бул жолку дүйнө чемпионатында ушул кезге чейин калыстар одоно ката кетирип, оюнга таасир эткен учурлар болгон жок деди Би-Би-Сиге берген маегинде.

Каптал калысынын милдетин аткарган Бахадыр Кочкаров өзбекстандык калыс Равшан Ирматовдун тобунда 2014-жылы Бразилияда өткөн дүйнө чемпионатында беш оюнга калыстык кылган. 48 жаштагы футбол калысы жалпысы болуп дүйнөлүк чемпионаттагы 9 оюнда калыстык кылган. Жакында эле Орусияга барып, дүйнө чемпионатынын бир нече оюндарына күбө болуп келди. Бул ирет күйөрман катары барып келген. Биз андан бул чемпионат эмнеси менен өзгөчөлөндү деп сурадык.

Бахадыр Кочкаров: Дүйнөлүк футбол бирикмесинин (ФИФА) чакыруусу менен Москва менен Санкт-Петербург шаарларындагы оюндарды көрүп келдим. Уюштуруу иштери көңүлүмө толду. Чынын айтайын мыкты болуп жатат. Москвада жүргөндө совет мезгилиндегидей сезим болуп кетти. Анткени, мурдагы советтик өлкөлөрдөн келген күйөрмандар абдан көп экен. Анан ээн-эркин жүрүшөт. Украиндер, эстондор, тажик, кыргыз, казак, балтикалык өлкөлөрдөн келгендер менен баарлашып калып жаттым.

Би-Би-Си: Мурда калыс болгондон кийин кайсыл бир командага жан тарта албайм деп айтчу элеңиз. Бул ирет күйөрман катары сырттан байкоо салып жатасыз, кимди сүрөөнгө алдыңыз?

Бахадыр Кочкаров

Сүрөттүн булагы, Бахадыр Кочкаров

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Чынын айтайын, мен финалдан Бельгия менен Хорватияны күткөмүн".

Бахадыр Кочкаров: Чынын айтайын, мен финалдан Бельгия менен Хорватияны күткөмүн. Бразилия менен Мексика дагы мыкты оюндарды көрсөтөт деп үмүттөндүм эле. Мен үчүн чоң ачылыш - Орусия болду. Азаматтар, мындай оюн көрсөтөт деп такыр ойлогон эмесмин. Бул жолу командалык оюн өтө өнүккөнү көрүндү. Мурдагыдай бир-эки лидер оюнчу команданы сүйрөп кете албай калды. Оюндун тактикалары өзгөрүп, такыр башка деңгээлдеги футбол жаралууда.

Бахадыр Кочкаров

Сүрөттүн булагы, screenshot

Би-Би-Си: Бул ирет калыстарга көмөк көрсөткөн VAR деген жаңы система иштеп жатат. Муну эми кыргызча "калыстын видео жардамчысы" дейбиз го. Ушул система кандай иштеди деп ойлойсуз. Айталы, тайпалык оюндардан кийин бразилиялык Folha de S. Paulo басылмасы видео кайталоону анализдеп чыккан. Жыйынтыгында, видео кайталоону көргөн 11 учурдун тогузунда калыстар пикирин өзгөрттү деп жазып жатат. Мунун алты учурунда 11 метрлик айып тобу көрсөтүлгөн экен. Times басылмасы болсо, VAR аркылуу кабыл алынган 15 чечимдин бирөөсү - Ирандын дарбазасына коюлган 11 метрлик айып тобу (Портулгалия менен беттеште) туура эмес болду деп белгилейт. Сиздин пикир кандай?

Бахадыр Кочкаров: VAR мыкты экен. Мындан кийин чоң беттештерде ар дайым иштесе жакшы болот. Бирок, ар дайым эле видео кайталоону карай берген дагы туура эмес. Оюндун кызыгын кетирбеш үчүн адам фактору баары бир маанилүү. Албетте, өтө талаштуу болуп калган учурда VAR калыска чоң жардам көрсөтүп жатат. ФИФАнын бул табылгасын мыкты жетишкендик деп кабыл алдым. Калыстын чечими кийин видео кайталоодон деле туура болгонун тастыктаган көп эле учурлар болду.

Би-Би-Си: Дүйнөлүк чемпионаттын бардык эле беттештери курч мүнөздө өтүп, оюн учурунда футболчулар эмоцияларын баса албай калышат. Өткөн чемпионатта сиз калыстык кылган оюндарда дагы оюнчулар чуркап келип, сүйлөнгөн учурларды кадрдан көрдүк. Орой сөздөрдү айтышпайбы?

Бахадыр Кочкаров: Калыстык кылуу - өтө оор жумуш. Ар бир команданын артында өлкөсү, күйөрмандары, андан бери футбол уюмдары бар эмеспи. Мен үчүн эсте калган оюндар 2010-жылы ТАРда өткөн чемпионат болоду. Азырга чейин ар бир ирмеми эсимде. Биринчи беттеште Түштүк Африка менен Мексиканын беттешине калыстык кылганбыз. Аргентина - Германия, Ховатия - АКШ, Коста-Рика - Нидерланддар беттешинде калыстык кылдык. Калыстар кызуу кандуу, "өрттөнүп" турган оюнчуларга "суу сээп" жүрүшү керек. Алжир менен Англия оюнунда мен ошондой эмоцияларды көп көрдүм. Орой сүйлөбөйт, болгону суранат, өзүнүкү туура экенин түшүндүргүсү келет. Карагыла, талаада "миллионерлер" чуркап жүрөт. Алар үчүн калыс ким? Албетте, айрым оюнчулар өздөрүн кармай албай калышат. Туш тарабында видео байкоолор болгондуктан оюнчулар калыстарга өтө оройлугун деле көрсөтө бербейт.

Алжир менен Англия оюнунда мен ошондой эмоцияларды көп көрдүм.

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Алжир менен Англия оюнунда мен ошондой эмоцияларды көп көрдүм".