Баарыбызды бир муштумга айланткан футбол керемети

Сүрөттүн булагы, FIFAKR
Кечээ Кыргызстан уктаган жок. Ооба, сөздүн түз маанисинде эле, өлкө уктабады. Алды менен баарыбыз ызаага муунуп, Кыргызстан-БАЭ оюнун көзөмөлдөгөн калыстын ата-жотосуна жеткире сөгүп алдык.
Андан кийин кан басымды көтөргөн толкундоолорду баса албай жаттык окшойт.
Бир дагы саясий чакырык, бир дагы саясий идеология бизди мындай абалга жеткире алмак эмес. Баарыбызды бир муштумга бириктире алмак эмес. Футбол болсо бириктирди.
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы, 1
Эч ким маани бербеген, жергиликтүү клубдардын оюндарында стадиондорго чакан гана күйөрмандар топтолгон өлкөнүн футболу бир учурда баарбызды түйшөлтүп, толкундантып, ыйлатып, сыймыктантат деп ким ойлоптур.
Кытай калысты сөгүп жатсак, ал өлкөдө окуп, иштеген мекендештер чыкты "мына кытайлардын өзү дагы калысты сөгүп жатат", "кытайлык күйөрмандар биздин командага баа берди" деген билдирүүлөрдү жазышты коомдук сайттарга.
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы, 2
Бирок, ага карабай коомдук сайттарга калыска нааразылык билдирген акцияларды баштап жиберишти. Мунун баары футбол керемети!
Кыргыз футболу - эгерим футбол көрбөгөн, ага кызыкпаган кишилердин жүрөгүн ээледи! Эмнеге? Эмнеге мынчалык катуу толкундандык? Футбол тарыхында чакан өлкөдөн чыккан өжөр командалар көп эле болгон. Дөө-шааларды талкалап, чоң мелдештерди уткандар болгон. Анда эмнеге биз мынча толкундандык?
Көрсө, мындайды мурда баштан өткөргөн эмес экенбиз. Чоочун, бөтөн өлкөлөргө эле жан тартып келиптирбиз. Өзүбүздүн команда эл аралык ири мелдешке чыкканы биринчи ирет болуптур.

Сүрөттүн булагы, FIFAKR
Ошентип кыргыз футболунун жаңы барагы ачылды. Өз киндигин өзү кесип, бирин-экин мекенчил кишилердин колдоосу менен жашап келген кыргыз футболу өз сөзүн айтты.
Чоңдорубуз баш болуп, ооз кургап, жеңишти кудайдан тилеп олтурдук. Болгондо дагы миллиондогон каражат сарптап, футболун өнүктүрүүгө аракет кылып жаткан өлкөлөр менен кармашты. Кытай - ички чемпионатын көтөрүү үчүн жылдызга айланган дүйнөлүк оюнчуларды сатып ала баштаганына бир топ болду. Түштүк Корея - Азия футболундагы азуулуу командалардын бири. Башкы машыктыруучусу буга чейин Дүйнөлүк чемпионатты уткан, Европа мелдешине катышкан тажрыйбалуу. Оюнчулары Европа футбол клубдарына чыгып ойноп жүрөт. Капчыгы жука болсо деле кыргыз футболчулары буларга каршы кандай ойноду!
Бала кезде футбол ойнойбуз деп жөнөп калсак, ата-энелерибиз "бут кийим жыртасың" деп урушуп калат эле. Кыргыз бүлөсүндө футбол менен машыккан же ага кызыккан баласына шарт түзүп бергендер сейрек болсо керек. Андан көрө жакшы окуп, чоң кызматта иште дешет. Ушундай мамиле эми оңолоттур.

Сүрөттүн булагы, FIFAKR
Өлкө бийлиги маанилүү беттештерде эле футболчуларды эстебесе, өз казанында өздөрү эле кайнап келген. Эми бул дагы өзгөрсө керек...
1/8 финалдагы беттештен кийин Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин: "Биз туура жолдо баратабыз",-деди. Туура жолдобуз.
Айбек Абдылдаев







