Карабах, камакка алуулар жана коронавирус: Пашиняндын интервьюсу

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Би-Би-Синин HARDtalk программасына интервью берди.
Пашинян өкмөттүн эки жылдык иш-аракетинин натыйжасы тууралуу суроодон баштады. Ал 2018-жылы жаз айында элдик толкундоолор арты менен бийликке келип, ушул эле жылдын декабрындагы шайлоону утуп чыккан. Байкоочулар шайлоо акыйкат жана ачык өткөнүн белгилешкен эле.
Пашинян белгилегендей, өткөн жылы Арменияда Европадагы экономикалык өсүүнүн рекордду катталды - ИДӨ 7,6% өскөн. "Пандемиялык кырдаал биздин секирикти токтотуп койду, бирок биз улантабыз",-деди премьер.

Арменияда аткаруу жана сот бийлиги ортосунда келишпестиктер болду. Жыйынтыгында премьердин парламенттеги санаалаштары өлкөнүн Баш мыйзамын өзгөртүү үчүн референдум өткөрүү чечимин кабыл алган. Бул мурдагы аткаминерлерге, анын ичинде экс-президент Роберт Кочаряндын камакка алынышына байланыштуу чыккан келишпестиктен улам болгон. Камакка алуулар боюнча Пашинян билдирүү жасап, муну менен соттор, тергөө жана прокурорлор алектене турганын айткан эле.
"Кимди камап, кимди бошотушту мен чечпейм",-деди премьер.
Иш жүзүндө чуулгандуу тергөө иштерин Атайын тергөө кызматы жана Улуттук коопсуздук кызматы иликтейт. Алардын жетекчисин болсо премьер-министр дайындап, ага такай маалымат берип турушат эмеспи. Мындан сырткары 2018-жылы генерал Юрий Хачатуровду камакка алуу боюнча кабыл алынган чечим тууралуу телефон сүйлөшүү интернетке чыгып кеткен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Коронавирус
Премьер-министр коронавирус менен күрөштөгү өкмөттүн аракети чабал болду дегенге макул эмес. Азырынча баа берүү эрте деп айтты. Бирок коңшулаш Грузиядагы инфекциянын аз катталышы сыяктуу фактыларга комментарий бергиси келген жок.
Салыштырсак, Грузияда вирустан 17 киши каза тапса, Арменияда 806 киши кайтыш болду.
Карабах жана геосаясат

Сүрөттүн булагы, AFP
Июлдагы Армения менен Азербайжан ортосундагы жаңжал келишимдин кезектеги бузулушун көрсөттү. Бул жолу тараптар Карабахта эмес, армян-азербайжан чек арасында атыша кетти.
Жыйынтыгында аскердик аракеттер 17 аскер кызматкеринин өмүрүн алды. Ошондой эле азербайжандык жайкын тургундардын бири каза тапты. Армения тараптан бир нече жайкын тургун жаракат алды.
Пашинян биринчи болуп Азербайжан кол салды деп билдирди. Баку болсо тескерсинче айтып жатат. Кырдаал чыңалып кеткенде эл аралык коомчулук ушул эки гана жүйөөнү угат. Ошондуктан чектешкен аймакта мониторинг системасын орнотуу зарыл деп моюнуна алды Пашинян.
Премьер белгилегендей, тынчтык эч качан бир тараптын аракеттер менен орнотулбайт. Ал Азербайжан президенти Ильхам Алиевди аскердик чакырыктары жана күч менен чечем деген позициясы үчүн сынга алды.
"Эмне үчүн мен Тоолуу Карабах, Арцах [аймактын армянча аталышы] - бул Армения деп айтып жатам? Биринчиден, Тоолуу Карабах миңдеген жылдардан бери армяндар жашап келген жер. Айтмакчы, Арцах деген аталышына эле миңдеген жылдар болду",-дейт Пашинян. Улутчулдук маанайда айтып жатасыз деген алып баруучунун эскертүүсү менен макул болгон жок.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Би-Би-Си алып баруучсу Пашиняндан Карабах жаңжалы учурундагы аскердик кылмыштар үчүн кечирим суроого даярсызбы деп сурады. Алып баруучу конкретүү фактыларды атады. Эл аралык байкоочулар 1992-жылдагы армян күчтөрүнүн чабуулунан Хожалы айылында жайкын тургундар арасында жоготуу көп болгонун белгилеп жүрүшөт. Армян премьери бул суроодон качты. Ал бул окуя үчүн азербайжан оппозициясын айыптап сүйлөдү.
Маектин соңунда геосаясаттагы Армениянын багыты тууралуу сөз болду. Пашинян Армения Москванын стратегиялык өнөктөшү бойдон каларын белгиледи. Ошону менен бирге эле Ереван ички саясий реформалары үчүн негизги колдоону Европа Биримдигинен алат. Армян армиясы НАТО менен кызматташып, анын ичинде Ооганстандагы жана башка өлкөлөрдөгү тынчтык орнотуу миссиясынын блогуна катышат.












