Тынчтыкты каалап, бирок согушка даярданган Армения менен Азербайжандын аскер кубаты

Армениянын аба күчтөрү

Сүрөттүн булагы, AFP

Армян-азербайжан чек арасындагы жаңжал 2016-жылдан берки эң курч кырдаалды пайда кылды. Бирок бүт чөлкөм сестенип жаткандай толук масштабдуу согушка жетпейт.

Бир жагынан акыркы жылдары Армения менен Азербайжан курал-жаракты активдүү сатып алып турду. Демек, эки тарап тең согушка даярдангандай. Деген менен потенциалдуу согуш аракеттери эки тарапка тең ийгилик алып келбейт дейт эскперттер.

Армения менен Азербайжан чек арасындагы кагылышуулар этникалык жаңжалдын бир көрүнүшү. Анын борборунда Тоолуу Карабактын макамына байланыштуу аймактык талаш турат. Советтик мезгилде аймак автоном облус саналып, Азербайжан ССРинин курамында болгон. Анын кимге таандык экени тууралуу талаштар согушка чейин өсүп жетип, 1994-жылы жарашуу келишими кабыл алынган.

Азыркы маалда эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган көз карандысыз Тоолуу Карабак республикасын армян күчтөрү көзөмөлдөйт. Баку аймак оккупацияланган деп санайт. Ереван болсо расмий түрдө анын көз карандысыздыгын тааныганы менен анын коопсуздугун өз кепилдигине алган. Тоолуу Карабактагы армиянын бюджети Армения тарабынан каржыланат.

Күчкө күч

Жаңжалдашкан тараптардын колунда жаңы курал-жарактар бар. "Искандер-М" комплекси

Сүрөттүн булагы, Russian Defence Ministry\TASS via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңжалдашкан тараптардын колунда жаңы курал-жарактар бар. "Искандер-М" ракета комплекси

Армения жана Азербайжан армиясынын колундагы куралдар тууралуу ачык булактарда маалымат жок. Санын жана аскер техникаларынын үлгүлөрүн эки тарап тең жашыруун сыр катары ачыкка чыгарбайт. Армения айрым аскер техникаларын Тоолуу Карабак аймагына жайгаштырып койгону дагы кырдаалды курчутту.

СССР ыдырагандан кийин жана Тоолуу Карабактагы согуштан соң Армения менен Азербайжандын колунда эски курал-жарак калган. Тараптар соңку мезгилде куралдарын жаңыртып алды. Муну 2016-жылдагы "төрт күндүк согуш" деген аталыш менен белгилуү болгон жаңжалдан байкасак болот.

Бул кагылышта армян тарап Тоолуу Карабактагы бир канча жерди көзөмөлүнөн чыгарды. Ар кандай маалыматтар боюнча 500дөн 800 гектарга чейин деп айтылып жүрөт. Негизгиси Азербайжан үстөмдүгүн көрсөттү. Муну менен Азербайжан армиясын жаңы курал менен камсыздоо жагынан Армениядан озуп кеткени ачык байкалды.

ЦРУнун 2014-жылдагы маалыматы боюнча, Азербайжан аскер керектөөлөрү үчүн ИДПнын 5,1 пайызын, Армения 4,29 пайызын сарптаган. Бул эми Баку Ереванга салыштырганда курал-жаракты көп сатып алды деген сөз. Айталы, авиация тармагында Азербайжандын колунда аскер учсактары артыкчылык кылары байкалат.

Танк жана учактар

Азербайжан сатып алган орусиялык Т-90 танкы

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азербайжан сатып алган орусиялык Т-90 танкы

Би-Би-Си эсебинде, 2016-жылы Азербайжанда 314-750 танк, Арменияда 100-166 танк; зооттолгон унаа Азербайжанда 1100-1500, Арменияда 140-636; оор артиллериялык система 240-469 жана 150-240 чамалуу болгон. Бирок бул сандар чындыкка жакын болгону менен так болбошу толук мүмкүн.

БУУнун маалыматында 2006-2011-жылдары Азербайжанга Украинадан МиГ-29 үлгүсүндөгү 27 учак, Белорусиядан Су-25 үлгүсүндөгү 11 штурмовик келген. БУУ регистринде 2013-жылы 12 украиналык Ми-24 тик учагы жана үлгүсү көрсөтүлбөгөн 25 тик учак Орусиядан келгени көрсөтүлгөн. Кеп бул жерде Ми-35 үлгүсүндөгү орусиялык тик учак сатып алуу келишими тууралуу жүрүп жаткан болушу мүмкүн. Ошондой эле Орусиядан дагы 12 тик учак сатып алынган.

БУУнун регистриндеги армян тараптын маалыматында 2004-жылы он даана Су-25 штурмовиктерин Словакиядан сатып алганы көрсөтүлгөн. 2004-2010-жылдары Украинадан төрт L-39S алынган. Армениянын аскер учактарын сатып алганы БУУнун регистринде катталган эмес.

Ушул эле булакта 2016-жылы Азербайжан 482 танкты (122 Т-72 Беларусиядан, 48 Т-72, 50 Т-55 жана үлгүсү көрсөтүлбөгөн 100 танк Украинадан, 162 танк Орусиядан) сатып алган.

Орусия 2013-жылы Арменияга 35 танк сатканын билдирген. Регистрдеги маалыматта 2016-жылы Азербайжан 400 чамалуу, Армения 110 зооттолгон аскер унаасын сатып алганы көрсөтүлгөн. Азербайжан 900, Армения 12 артиллериялык система сатып алган.

Бирок бул маалыматтар жакындаштырылган гана мүнөзгө ээ. Эки тарап тең советтик армиядан калган курал-жаракка ээ. Аларды саноо мүмкүн эмес. Андан сырткары Армения өзүнүн курал-жарагынын бир бөлүгүн Тоолуу Карабак аймагына жайгаштырып салган.

Маселен, Armenian Research & Development Institute департаментинин жетечиси Леонид Нерсисяндын айтымында, азыркы маалда Армения менен Тоолуу Карабакта 300-400 чамалуу танк бар. Анын ичинен 250 чамалуусу Тоолуу Карабах та.

Бакуну кууп жетүү

2020-жылдын июнундагы чыңалган абал аба мейкиндигиндеги дрондор согушун көрсөттү

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2020-жылдын июнундагы чыңалган абал аба мейкиндигиндеги дрондор согушун көрсөттү

2016-жылдагы жаңжал курал-жаракка карата чыгымдарга туш болгон Еревандын мамилесин өзгөрттү. Биринчи кезекте сатып алуу көлөмү көбөйдү. Стокгольмдагы SIPRI эл аралык изилдөө институтунун маалыматы боюнча Армениянын 2014 -2019-жылдар аралыгындагы аскердик импортунун көлөмү - 2009 -2014-жылдарга салыштырганда үч эсеге көп.

2020-жылдагы информация SIPRI маалымат базасында жок. Бирок маалымат каражаттары март айында Индия менен 40 миллиондук келишим тууралуу жазышкан. Ага ылайык, Swathi Weapon Locating Radar үлгүсүндөгү төрт артиллериялык радар сатып алууда. Июнь айынан Арменияда Калашников үлгүсүндөгү АК-103 автоматын жасай турган завод лицензия алып, ишин баштады.

Эки тараптын колунда тең орусиялык куралдар негизги ролду ойнойт

Сүрөттүн булагы, Anton Novoderezhkin/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эки тараптын колунда тең орусиялык куралдар негизги ролду ойнойт

Армения 2016-жылдагы жаңжалдан кийин "Искандер-Э" үлгүсүндөгү ракета комплексин жана Су-30СМ учагын сатып алган. Төрт аскер учагы Арменияга жеткирилген, дагы сегизи кийин келет деп айтылган эле.

Баку орусиялык куралдарды сатып алууну азайтты

Азербайжан болсо акыркы жылдары курал-жарак сатып алууну кыскартты. 2016-жылдагы жаңжалга чейин Азербайжан орусиялык куралды сатып алган негизги керектөөчүлөрдүн бири болгон. Расмий маалыматтарга караганда, жалпы аткарылган келишимдердин көлөмү 5 млрд долларды түзгөн.

Т-72 танкы

Сүрөттүн булагы, Sergei Bobylev/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азербайжан Орусиядан 5 млрд долларлык курал-жарак сатып алган

Баку эң мыктыларды сатып алууга умтулуп келди. "Смерч" реактивдүү системасын, ТОС-1А "Солнцепек", БМП-3, "Мста-С", ЗРК С-300 жана "Тор-М2Э" сыяктууларды.

2016-жылдан кийин Орусиядан сатып алуу кескин кыскарып, Израилден ала баштады. Маселен, дрондорду сатып алган.

Дрондор согушу

Армения дрондор саны боюнча артта калып кетти. Дрондор чалгында, кайсыл объектке сокку урууда өзгөчө мааниге ээ. Азербайжан болсо дрондорду Израилден сатып алууда.

Израиль 2016-жылы эле Азербайжанга ракетага каршы Spike-LR жана РСЗО Lynx комплексин, Heron жана Searcher дрондорун саткан.

дрон

Сүрөттүн булагы, MINISTRY OF DEFENSE OF AZERBAIJAN / HANDOUT

Июлдагы жаңжалда азербайжандык куралдуу күчтөр эки офицерин жоготту. Армения тарап дрон аркылуу сокку урганын айтты. Бирок Азербайжан муну ырастаган жок. Ошондой болсо дагы армяндык аскерлер интернетке дрон аркылуу соккусун жарыялап, алардын дрондору Израил чыгарган үлгүдөн кем калышпай жатканын даңазалашты.

Жаңжалдан эки тараптан тең аскер кызматкерлеринин өмүрү кыйылууда

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңжалдан эки тараптан тең аскер кызматкерлеринин өмүрү кыйылууда

Азыркы учурдагы кырдаалдын чыңалышы - толук масштабдуу согуш эмес, стратегиялык аймакты көзөмөлгө алуу үчүн күрөш. Эксперттер Тоолуу Карабак маселесин күчкө таянып чечүү мүмкүн эмес экенин айтууда. Мунун саясий каражаттар аркылуу гана жайгарууга мүмкүн. (AbA)