Азербайжан эмнеге аскердик мобилизация баштады?

Сүрөттүн булагы, Mod.gov.az
- Author, Магеррам Зейналов
- Role, Би-Би-Си, Баку
Азербайжанда күтүүсүз жерден резервдегилерди аскерге чакыруу башталды. Аларды аскер комиссариатына чакырып, андан ары дароо машыгууга жөнөтүп жатышат. Көчөдө дагы полиция унаага салып алып кетип жаткан учурлар болду. Бирок өлкөдө эч кандай аскердик абал же жалпы мобилизация тууралуу жарыяланган жок.
Дүйшөмбү күнү эрте менен Фуад (каармандын жана жубайынын ысымдары өзгөртүлдү) жумушка жөнөп жаткан маалда аскер комиссариатынан коңгуроо болду. 20 жыл мурун аскер кызаматын өтөп келген Фуад запастагы аскерлердин катарында.
"Аны аскер комиссариатына келип кет деп чакырышкан. Барган бойдон кайра үйгө келген жок",-дейт жубайы Севда.
Ал кабатыр болуп түн жарымга чейин күтүп олтурган. Акыры күйөөсү чалып, аны машыгууга алып кетишкенин кабарлаган. Башында 15 күндөй болобуз деп айтып, кийин эки айдай кармаларын билдирет. Телефонун алып койгондуктан такай байланыш жок.
Мобилизация?
Аскер кызматына чакыруу жана мобилизация боюнча мамлекеттик кызмат билдирүү таратты.
"Аскердик милдет жана аскердик кызмат тууралуу" мыйзамга ылайык, запастагылар машыгуу жана текшерүү үчүн чакырылып турат, деп айтылган билдирүүдө. Андан тышкары 21-сентябрда полиция жеке менчик пикаптарды унаа токтотуучу жайларга алып кете баштаганы тууралуу кабарлар тарады. Ички иштер министрлиги полиция "Аскер техникаларын каттоо эрежелери" боюнча иш алып барып жатканын түшүндүрдү.

Сүрөттүн булагы, AzerTag
Жакында эле болгон жаңжалдын жаңырыгы
Эч кандай жалпы мобилизация жарыяланбай туруп эле резервдегилерди аскерге чакыруу тургундарды катуу чочулатты. Жергиликтүү саясатчылар болсо Армения менен жаңжал чыгып кетпейби дегенди талкуулап жатат.

Эки өлкө ортосундагы конфликтин чордонунда Тоолуу Карабахтын макамына байланыштуу талаш турат. Советтик мезгилде аймак автоном облус саналып, Азербайжан ССРинин курамында болгон. Анын кимге таандык экени тууралуу талаштар согушка чейин өсүп жетип, 1994-жылы жарашуу келишими кабыл алынган.
Азыркы маалда эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган көз карандысыз Тоолуу Карабах республикасын армян күчтөрү көзөмөлдөйт. Баку аймак оккупацияланган деп санайт. Ереван болсо расмий түрдө анын көз карандысыздыгын тааныганы менен анын коопсуздугун өз кепилдигине алган. Тоолуу Карабахтагы армиянын бюджети Армения тарабынан каржыланат.

Бир нече күн мурун Армения менен чек ара тилкесинде азербайжандык аскер каза тапты. Ушундан соң Азербайжан президенти Ильхам Алиев Армения согушка даярданып жатат деп айыптады.
19-сентябрдагы билдирүүсүндө президент Алиев "Армения аскер күчтөрүн топтоп баштады", "бардык багыттар боюнча Товуздагыдай коргонобуз" деди.
Президент сөз кылган Товуз - Армения менен чек ара тилкесиндеги район. Бул жерде июль айында кагылышуулар болгон. Анда Азербайжан тараптан жоготуулар болуп, генералы жана полковниги каза тапты. Армения дагы аскерлерин жоготту.
Тараптар кырдаалды курчутту деп, бири-бирин айыптады. Бакуда миңдеген кишилер катышкан акция өттү.
Бул жердеги айыгышкан кармаш 2016-жылдын апрелинде болгон эле. Анда Карабахтагы "беш күндүк согуштан" ондогон аскер кызматкерлери жана жайкын тургундар каза тапты.
Азербайжандык эксперттерден комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Көпчүлүгү сылык баш артты. Британдык саясатчы жана иликтөөчү Лоуренс Броерстин пикииринде, Азербайжан дагы, Армения дагы толук масштабдуу согушка кызыкдар эмес.

Сүрөттүн булагы, president.az
Июлдагыдай окуя кайталанып кетиши мүмкүнбү?,-деген сурообузга Азербайжандын Коргоо министрлигинин атайын өкүлү Вагиф Даргяхлы жооп берүүдөн баш тартты.
Карабах жаңжалы жана Армения менен мамиле - азербайжан коомундагы эң оор тема. Аны коронавирус пандемиясы дагы басаңдата алган жок.
Армениянын Тышкы иштер министрлиги бул аптада Азербайжан менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирүүдө. (AbA)












