Индия Кытай чыгарган вирусту аныктоочу тесттерден баш тартты

Employees of Dr Lal PathLabs, that provides diagnostic and health tests, check results of coronavirus tests at their lab during a government-imposed nationwide lockdown as a preventive measure against the COVID-19 coronavirus, in New Delhi on April 2, 2020.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Covid-19 вирусун тез арада диагноз койгон тесттер бейтаптын иммундук системасы иштеп чыккан антителолорду аныктайт

Индиянын өкмөтү Кытайда чыгарылган Covid-19 вирусун тез аныктаган тесттер талаа шартында так эмес экенине таянып, андан баш тартууда.

Бул тесттер вируска кабылган бейтаптардын иммундук системасы иштеп чыккан антителолорду аныкташы керек. Мындай тесттер отуз мүнөттүн ичинде жыйынтык чыгарып, дарыгерлерге тез арада чара көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул ыкма менен бейтап байланышта болгон кишилерди дагы бат аныктап, изоляцияга алышат.

Бирок мындай тесттер коронавирусту так аныктабай жатканын бир нече индиялык окумуштуу айтып чыкты. Кытай болсо дооматтарды четке кагууда.

"Кытайда жасалып, экспортко чыгарылган медициналык товарлар дыкат текшерүүдөн өтөт. Ошондуктан Кытайда чыгарылган тесттер "так эмес" деп айтуу адилетсиздик жана жоопкерчиликсиздик. Мурда калыптанган терс көз карашка таянып, жалган жыйынтык чыгарбоого чакырабыз",-деди Кытайдын Индиядагы эличилигинин өкүлү Жи Роң.

Индиянын бир нече аймагы өлкө жетиштүү тесттерди өткөрбөй жатканына нааразы болуп, Кытайда чыгарылган тесттерди колдонууга үндөшкөн. Индиянын медициналык изилдөө кеңеши башында Кытайда чыгарылган, диагнозду тез койгон тесттерди колдонуудан баш тартканы менен, кийин Кытайдын эки компаниясынан тесттерге буюртма берген.

Бирок өлкөдө тесттер колдонулуп башталганда, алар беш гана пайыз так экен деген сөздөр тараган. Ошондой эле тесттер вирусту жуктурганы аныкталган кишилерге дагы колдонулганда, тест иммунитеттеги антителолорду таба албай, диазнозду туура эмес койгон.

Индиянын медициналык изилдөө кеңеши дагы маселени өз алдынча териштирип, бул тесттер "так эмес" деген жыйынтык чыгарды. Ошондуктан Индия беш жүз миң тесттен баш тартты.

Өкмөт өкүлдөрү буюртмадан баш тартканы үчүн өлкө бир дагы тыйын акча коротпой деп билдиришүүдө.

Коронавирус тууралуу жаңылыктарда иллюстрация үчүн колдонулган сүрөттөр кыямат тууралуу тасмалардай эле элес калтырат. Сүрөттө Түштүк Кореянын армиясы айыл жеринде дезинфекция кылып жүргөн учуру
Коронавирус