Коронавируска каршы вакциналардын бири сыноодон ийгиликтүү өттү

Сүрөттүн булагы, Reuters
Америкалык Moderna компаниясы вакцинаны кишилерге сынаган биринчи баскыч ийгиликтүү болгонун жарыялады.
Коронавирустун тарашын токтоткон антитела изилдөөгө катышкан сегиз кишиден табылган. Бул Covid-19 менен ооруган кишилерде иштелип чыккан антителага окшош деп белгиледи изилдөөчүлөр.
АКШнын Аллергия жана инфекциялык оорулар институтунун көзөмөлү алдында иштеген Moderna компаниясы вакцинаны биринчилерден болуп кишилерге сынап көрдү. Массалык сыноонун кийинки баскычы июлда башталат.
Учурда дүйнөдөгү окумуштуулардын 80дей тобу вакцинаны иштеп чыгуу үчүн иш алып барууда. Оксфорд университети дагы вакцинаны кишилерге сынай баштаган эле. Бирок жыйынтыгы тууралуу маалымат бере элек.
Оксфорд университети менен ДССУ сыноосу

Сүрөттүн булагы, EPA
Апрелдин соңунда Улуу Британиянын ооруканаларында Covid-19 дарысы клиникалык сыноодон өткөн. Ага сегиз миңден ашуун киши катышкан.
Оксфорд университетинин алдында иштелип чыккан RECOVERY деген аталыш алган каражатта беш дары бар, деп кабарлаган Би-Би-Синин медицина боюнча кабарчысы Фергюс Уолш.
Анын ичинде СПИД илдетин дарылоого жана безгекке каршы колдонулган дарылардын аралашмасы дагы бар. Бул дары кишинин организминдеги коронавирустун өөрчүшүн токтото алабы? Изилдөөчүлөр ушуну түшүнүүгө аракет кылууда.

Кандай гана эмдөө болбосун анын негизги тапшырмасы - организмге сезгенткен инфекцияны таанытуу жана ага иммунитет иштеп чыгаруу. Вакцина адамдын тумоого чалдыгуусунун алдын алышы керек. Эгерде коронавирустун иммунитети көп кишиде болсо, инфекция азыркыдай жайылбайт. Ооруга чалдыгуу кооптуулугу кескин төмөндөйт. Социалдык аралыкты кармоо чараларын алып салса болот.
Массалык эмдөө гана пандемияны токтотот. Ошондуктан эмдөө үчүн каражатты иштеп чыгууга дүйнө жүзү боюнча 80 компания иш алып барууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Каражаттын өзүн эле иштеп чыгуу жетишсиз. Ал натыйжалуу болуп, бир эле иммунитетти жаратпай, коопсуз дагы болушу маанилүү.
Эгерде сыноо ийгиликтүү өтүп, анын натыйжалуулугу далилдене турган болсо, аны жетиштүү санда чыгаруу маселеси жаралат. Дүйнөлүк масштабда дагы ушундай маселе бар. Планета калкы болжолу 7,4 млрд жана ар бир кишини эмдөөдөн өткөрүү зарыл. Дүйнөдө бардык вакциналар бир жылда болжолу 5 млрд дозада гана чыгарылат. Анын 1,5 млрд чамалуусу сезондук гриппке тиешелүү. (AbA)











