Окумуштуулар коронавируска каршы эффективдүү дарыны аныкташты

Флакон с ремдесивиром в руке

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Николай Воронин
    • Role, Илимий изилдөөлөр боюнча кабарчы

Клиникалык сыноолор ремдесивир препараты Covid-19 инфекциясына каршы эффективдүү күрөшкөнүн тастыктады.

Сыноолор дагы деле уланып жатат. Азырынча окумуштуулар сыноолордун алгачкы жыйынтыктарын жарыялады. Буга карабастан АКШнын Аллергия жана инфекциялык ооруларга каршы Улуттук институту препарат тууралуу атайын билдирүү таратты.

"Изилдөөлөр көрсөткөндөй, ремдесивир Covid-19 вирусуна каршы натыйжалуу күрөшүп, бейтаптын айыгып кетүүсүн тездетет",-деди институттун башчысы Энтони Фаучи.

Эки ай мурун, 21-февралда башталган сыноого АКШ, Азия жана Европадагы Covid-19 инфекциясын жуктурган бир миңден ашуун бейтап катышты. Окумуштуулар бейтаптарды экиге бөлүп, бирине кадыресе дарылар менен кошо ремдесивир препараты берилген, экинчи топко плацебо колдонушкан.

Ремдесивир препараты берилген бейтаптар бир жарым эсе тез же 11 күндүн ичинде сакайган. Плацебону алган бейтаптар 15 күндөн кийин гана вирустан айыккан. Ремдесивир дарыны ичкендер арасында көз жумган бейтаптар дагы азырак катталды.

Сыноолор жыйынтыкталгандан кийин көрсөткүчтөр өзгөрбөсө, ремдесивир Covid-19 вирусуна каршы колдонулган эң негизги дарыга айланат. 200 миң кишинин өмүрүн алган вируска каршы азыркыга чейин эч кандай препарат жок. Дарыгерлер инфекциянын симптомдоруна каршы күрөшүп жатат.

"Азыр бул препаратты [ремдесивирди] тез арада ооруканаларга жеткирүү боюнча жетиштүү маалымат бар",-деп айтты АКШнын санитардык көзөмөл мекемесинин башчысы Скотт Готлиб.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

Кызыгы, дал ушул ремдесивир препараты тууралуу Lancet журналы дагы жазып чыккан. Анда Кытайда жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, препарат коронавируска каршы эффективдүү эмес экени айтылат. Бирок кытайлык окумуштуулар 237 бейтапка гана препаратты беришкен. Эксперттер бул жетиштүү эмес экенин белгилешүүдө. Андан тышкары Кытайдын изилдөөсү бейтаптар жетишсиз болгондуктан эрте жыйынтыкталган.

Вирусту кантип алдап кетсе болот?

Антивирустук саналган ремдесивир дарысы иммунитетти күчтөндүрүү эмес, инфекцияны козгогон бактерия менен күрөшөт. Covid-19 вирусун жуктурган бейтаптардын иммунитети инфекцияга каршы күрөштө тескерисинче зыян кылып жатканы аныкталган.

Препарат 2015-жылы Эбола вирусуна каршы иштелип чыгарылган. Дары инфекциянын көбөйүшүн токтотууга аракеттенет. Мындай препарат чыгаруу идеясы MERS вирусу жайылып жатканда чыккан.

Ошондо ремдесивир вирусту алдап, көбөйүшүнө бөгөт коет. Бара-бара инфекция алсызданат.

Бул препарат Африкада Эболага каршы колдонулган жана бейтаптын ден-соолугуна зыяны жок экени тастыкталган. Бирок Эбола вирусуна каршы күчтүрөк дары пайда болгондо, дарыгерлер ремдесивир препаратын колдонуудан баш тартышкан. (AT)