Коронавирусту өлтүрчү эң күчтүү курал күндүн нурубу?

Сүрөттүн булагы, Barcroft Media
АКШ президенти Трамптын администрациясы өзү баш көз болуп жүргүзүп жаткан жаңы изилдөөгө караганда, COVID-19 менен ооругандарды күн нуру менен дарылап айыктырууга мүмкүн. Илим жана технологиялар боюнча министрдин орун басары Уильям Брайан күн нуру катуу тийген жерде вирустүн күчү кетет деп айтууда. Ал эми вице-президент Майк Пенс изилдөөнүн жыйынтыгы Америкага вирусту жеңгенге жардам берет деп үмүт кылууда.

Сүрөттүн булагы, Drew Angerer
USA Today жазган маалыматтарга караганда, Брайандын брифинги өтүп жаткан учурда Трамп эгерде күн нурун оорулуу адамдын организмине алып кирүү мүмкүн болсо, анда "ал вирусту бир мүнөттө жок кылмак" деген оюн билдирип, бул изилдөөнүн маанилүү экенин баса белгиледи. Ошол эле учурда өзү дагы таза абада, күн алдында көп болушу керектигин тамашага чалып, айта кетти.
«Мен адамдар күн алдында ырахаттанат деп ойлойм. Эгер анын дабасы тийсе, анда сонун болбойбу,-деген Трамп. - Мүмкүн бул иштеп кетет, мүмкүн жок».
Брайандын сөзүнө караганда, күн нурунун таасири катуу болот, ошол себептүү ал жакшы тийген жерде вирус өлбөй койбойт. «Ал көбөйгөн сайын вирус жок болот»,-деди министрдин орун басары.

Сүрөттүн булагы, Tom Stoddart Archive
Изилдөөнүн материалдарына караганда, күн нуру жакшы тийген жерде коронавирус бир жарым мүнөттөн кийин бузулуп жок боло баштайт.
Брайан ошол эле убакта азыр изилдөөнүн натыйжалары туптуура деп ишенип, социалдык аралык эрежесинен баш тартканга болбойт деп баса белгиледи. Анын айтымында, алдыдагы «жай айлары вирусту таптакыр жок кылат деп айтуу жоопкерчиликсиз иш болмок".
Күн ысыганда вирус өлөт деп Трамп Нью-Гемпширде шайлоо алдындагы жолугушуулардын биринде айткан эле. Эми Ак үйдө 23-апрелде ал өзүнүн прогнозунун туура экенин изилдөө көрсөттү деп белгиледи.
Трамптын сөзүнө социалдык тармакта дароо эле сын пикирлер жаап баштады. Мисалы, Жорж Вашингтон университетинин медицина профессору Трамптын күн нуру жөнүндө айткан сөзүнө эч кандай медициналык негиздер жок деп билдирди. (КС)









