Карантин маалында D витамини керек

D витамини

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Дарыгерлер карантин уланып жаткан чакта D витаминин көп колдонууга чакырды. Адатта биз аны көчөдө басып эле күн нурунан алып келгенбиз.

Муну "күн витамини" деп атап коюшкан себеби - ал биздин организмге инфекция менен күрөшүүгө жардам берет.

Сунуштар

витамин D

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Эпидемияга чейин эле британдыктарга эгерде сыртка көп чыкпаса, күн сайын (октябрдан март айларына чейин) 10 мкг D витаминин кабыл алуу сунушталган.

Бирок азыркы кырдаалда баарыбыз үйгө камалууга мажбур болуп турганда, өтө керектүү витамин жетишсиз болуп жатышы толук мүмкүн. Англиялык адистер жыл ичинде D витамин капсула же таблеткада колдонуунун төмөнкү сунушун айтып келет:

  • Эгер сиз ден-соолугуңузга байланыштуу такыр көчөгө чыкпаган болсоңуз
  • Карылар үйүндө жашаган болсоңуз
  • Көчөгө чыкканда дайыма үстү-башы жабык кийимде жүрсөңүз

D витамини тишти жана сөөк, булчуңдарды чыңайт. Иммунитетти көтөрүп, инфекция менен күрөшүүгө жардам берет. Айрым иликтөөчүлөр бул витаминдин жетишсиздигин сезондук депрессия менен дагы байланыштырат. Ал тургай D витамини жетишсиз болсо, нерв системасына жана психикалык саламаттыкка дагы таасири тийет деген маалыматтар бар.

Бирок D витаминин ашыкча дозада алганга дагы болбойт. Анын зыяны тийип калышы мүмкүн.

Коопсуз дозалары:

  • 1 жаштан 10 жашка чейинкилер - күнүнө 50 мкг
  • 12 айга чейинки ымыркайлар күнүнө 25 мкг ашпоо керек
  • Чоң кишилер күнүгө 100 мкг, биокошулмаларда күнүгө 10 мкг

Бейтапка D витамини жетишпей жатканын аныктагандан кийин гана дарыгер өзү жогорку дозаны жазып берет.

Айрым ооруларга D витаминин колдонууга болбойт. Мисалы, бөйрөк оорусу болсо.

Бул D витамини коронавирустан сактай албай турганын дагы билип алыңыз.

D2 же D3 жана канча керек?

D витамини таблетка же капсула түрүндө болот. Ымыркайлар үчүн башкача чыгарылган. Көп учурда сыртында D2 же D3 деп көрсөтүлүп турат.

Айырмасы D2 (эргокальциферол) өсүмдүктөн синтезделет, ал эми D3 (холекальциферол) - ультрафиолет нурлануусу аркылуу алынат. Изилдөөчүлөр D3 формасы натыйжалуу деп эсептейт.

Тамак-ашта жетиштүүбү?

D витамини тамак-ашта аз кездешет. Айрым өндүрүшчүлөр эрте мененки даяр азыктарга кошуп жатышат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, D витамини тамак-ашта аз кездешет. Айрым өндүрүшчүлөр эрте мененки даяр азыктарга кошуп жатышат

Өзүнүн аталышына карабастан, D витамини чынында - организмге калцийди кабыл алып, сиңирүүгө жооп берген гормон.

Балыктын айрым майлуу түрлөрүндө, жумурткада болбосо, башка эч бир азыкта жок. (AbA)