ДССУ коронавирус пандемиясы менен натыйжасыз күрөшүп жатабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус АКШнын айыптоолорун четке какты. Америка уюмду коронавирус пандемиясы менен натыйжасыз күрөштү деп айыптап жатат.
Апта башында Трамп ДСС уюумун Бээжиндин куурчагы атап, отуз күндүн ичинде кырдаалды оңдоого жетише албаса, уюмду каржылоону таптакыр токтото турганын билдирди.
Гебрейесус Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Covid-19 вирусунун тарашын алдын алуу үчүн болгон аракетин көрдү деди. Кечээ күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна мүчө өлкөлөр резолюция кабыл алып, уюмдун коронавирус пандемиясы маалындагы аракеттерине баа берүү үчүн көз карандысыз иликтөө жүргүзө турган болду. Евробиримдик Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун коронавируска каршы күрөштөгү аракетин иликтөө тууралуу маселе көтөргөн эле. Бул демилгени жүздөй өлкө колдоду.
Кытай ДССУ аракеттерин иликтөөгө макул

Сүрөттүн булагы, AFP
Виртуалдуу форматта өткөн Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Кытайдын лидери Си Цзиньпин Евробиримдиктин демилгесин колдогон.
Бээжиндин позициясы күтүүсүз жерден чукул өзгөрүп кетти. Анткени буга чейин мындай иликтөөгө каршы экенин билдирип келген. Ассамблея башталардын алдында ЕБ демилгеси Орусия, Британия, Австралия, Турция жана бир катар африкалык өлкөлөр тарабынан колдоо тапкан эле.

Сүрөттүн булагы, AFP
АКШ президенти Дональд Трамп ассамблея алдында чыгып сүйлөөдөн баш тартканын Washington Post Ак үйдөгү булактарына таянып жазып чыкты.
АКШ президенти Дональд Трамп ДССУну Бээжинге көмөк көрсөтүп, коронавирусту жаап-жашырган деп айыптап жатат. ДССУ айыптоолорду четке каккан. Өкмөттү маалыматты жашырып койгонго мажбурлаган укук анда жок экенин билдирген эле. Уюмдун жетекчиси Тедрос Аданом Гебреисустун пикиринде, аны "саясий футбол" үчүн колдонуп жатышат.
Англис тилдүү беш өлкөнүн чалгын кызматтарынын биргелешкен докладында Кытай жаңы коронавирус тууралуу маалыматтарды атайын жашырган жана жок кылган деп айтылган. Кытайдын расмийлери мындай айыптоолордун баарын четке кагып келүүдө
Ассамблеяга уюмга мүчө 194 өлкөдөн өкүлдөр катышууда. Кечээ күнү ачылышында сөз сүйлөгөн Кытай лидери Си Цзиньпин "маалыматтар ачык айкын берилип турганын" айтып, дүйнөдө пандемияны толук көзөмөлгө алганга чейин кандайдыр бир иликтөөлөрдөн карманып турууга чакырган эле. (AbA)











