Кытай коронавирус тууралуу чындыкты жашырганбы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Англис тилдүү беш өлкөнүн чалгын кызматтарынын биргелешкен докладында Кытай жаңы коронавирус тууралуу маалыматтарды атайын жашырган жана жок кылган деп айтылды.
Бул тууралуу австралиялык Sunday Telegraph басылмасы жазып чыкты. Басылма докладдын көчүрмөсү бар экенин айтууда.
Расмий булактар муну ырастай элек. Бирок австралиялык басылмадагы маалымат Батыш менен Кытай ортосундагы маалымат согушунун кезектеги соккусу болду.
Sunday Telegraph кабарлагандай, АКШ, Британия, Канада, Австралия жана Жаңы Зеландиянын "Беш көз" (Five Eye) деп аталган биргелешкен чалгындоо альянсы 15 барактан турган доклад даярдаган. Анда Кытай коронавирус тууралуу маалыматты жашырып, башка өлкөлөрдү кооптуу абалга кептегени айтылат. Маселен, кытайлык бийлик дарыгерлердин оорунун кооптуу экенин дүйнөгө кабарлоосуна мүмкүнчүлүк берген эмес. Лабораториялык эксперименттерди жок кылып, вакцинанын үстүнөн иштеп жаткан чет өлкөлүк окумуштууларга эч кандай үлгүлөрүн берген эмес деп айтылат.
Буга чейин АКШ президенти жана мамлекеттик катчысы Кытай коронавирусту Ухандагы Вирусология институтунун лабораториясынан таратты деп айыптады. Мындай шектенүүлөр пандемия башталгандан бери эле дүйнөлүк медиада талкууланып келүүдө.
Бирок Sunday Telegraph ырастагандай, "Беш көздүн" докладында вирусту кытайлык лабораторияда жасашканы тууралуу маалымат жок.
Кытайдын расмийлери мындай айыптоолордун баарын четке кагууда. Британиянын коргоо министри Бен Уоллес Sunday Telegraph басылмасына комментарий берүүдөн баш тарткан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШ президенти Дональд Трамп 30-апрелде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, вирус Ухандагы лабораториядан тараганын айтты. Бирок АКШнын Улуттук чалгын кызматы ошол эле күнү билдирүү жасап, көпчүлүк окумуштуулар айтып жаткан вирус адамдын катыштыгы жок эле, табигый булактан чыккан деген версияга ыктап турганын билдирген эле.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жекшембиде Эй-Би-Си телекомпаниясына интервью берип, "вирустун булагы Кытайдагы лаборатория болгону тууралуу көптөгөн далилдер бар экенин" айтты.
Ошол эле маалда алып баруучу Улуттук чалгын кызматынын билдирүүсүн Помпеонун эсине сала кетти. "Ооба, туура. Мен муну менен макулмун",- деди мамлекеттик катчы.
Британдык Telegraph басылмасы чалгын кызматындагы булактарына шилтеме берип, Covid-19 тууралуу кырдаалды жана анын масштабын Кытай бийлиги жаап-жашырганы тууралуу өкмөткө мурда эле маалымат берилгенин жазды. (AbA)








