Кытай коронавирусту АКШ чыгарды деген идеяны жайылтууда. Бул фейк эмеспи?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытайдын бийлиги көзөмөлдөгөн Global Times басылмасы Ак үйдүн интернет баракчасында петиция жарыяланганын жазып чыкты. Англис тилинде баяндаган гезиттеги макалага ылайык, петиция АКШ бийлигинен Пентагон башкарган инфекциялык илдеттерди изилдөө лабораториялардан маалыматты ачыкка чыгарууну талап кылат.
Global Times кытайлык эксперттер жана интернет колдонуучулар Форт Детрик лаборатиясынын жаңы коронавирустун жайылышына байланышы барбы деген суроого жооп издеп жатышканын жазды.
Ак үйдүн расмий интернет баракчасында Кошмо Штаттарынын президентине жөнөтүлгөн петициялар арасында жогоруда айтылган документ жок экен. Басылма болсо, анлис тилдүү массалык маалымат каражаттарында лабораториянын жабылышы боюнча кабар өчүрүлгөнү тууралуу сөз кылат. Бул коронавирустун жайылышы менен лабораториянын байланышы бар экенин көрсөтөт, деп жазат Global Times.
Ал эми Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Чжао Лицзян жаңы коронавирус биринчи жолу Уханда катталганы менен, аны өлкөгө американын аскерлери алып кириши мүмкүн экенин айтат.


Кутум боюнча теорияны жайылтуу
Кытай Кошмо Штаттары коронавирусту саясатташтырып жатат деген айыптардан, вирустун өзү Америкадан Кытайга кирген деген далилсиз теорияларга өткөндөй.
Маалымат каражаттары дипломат Чжао Лицзяндын вирусту америкалык аскерлерге Кытайга алып келди делген пикирин (эч факттарга таянбаган көз карашын) кеңири чагылдырды.
"АКШда "алгачкы бейтап" качан пайда болду эле? Вирус канча кишиге жукту? Алар кайсыл ооруканада кармалып жатат? Балким, вирусту Американын армиясы Уханга алып келген? Түшүндүргүлө! АКШ түшүндүрүп берүүгө милдеттүү!", -деп жазат Чжао кытай жана англис тилинде "Твиттер" баракчасына.
Чжао америкалык аскерлери боюнча сөз кылганда, Дүйнөлүк аскердик оюндары тууралуу айтып жатат. Мелдеш өткөн жылы октябрь айында Уханда өткөн. Пентагон оюндарга 17 команданы же 280 спортчуну жөнөткөн. Андан бери Кошмо Штаттарынын армиясы Түштүк Корея жана Италияда жайгашкан бир нече аскерине коронавирус жукканын ырастады. Бирок алардын биринин дагы октябрда өткөн аскердик оюндарга эч тиешеси жок.
Дипломат Чжаонун билдирүүсү Кытайда кеңири колдонулган Weibo коомдук сайтка дагы жарыяланган. Жума күндөн тарта коомдук сайттагы билдирүүнү 160 миллион киши көрдү.
Бул окуялардан кийин Кытайдын АКШдагы элчиси Мамлекеттик департаментке чакырылды. Ошол эле күнү Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин апталык маалымат жыйынында мекеменин башка өкүлү Гэн Шуан коронавирус боюнча кризисти Бээжин саясатташтырып жатабы же бул коммунисттик партиянын расмий пикирин чагылдырабы деге суроолорго жооп берген жок. Дипломат АКШнын расмийлери Кытайды "каралоого жана опузалоого" аракеттенип жатат деп билдирди.
"Биз мындай ыкмага толугу менен каршыбыз. Эл аралык коомчулукта жана АКШнын өзүндө вирустун булагы тууралуу түрдүү пикир бар. Кытайдын көз карашын алсак, бул илимий суроо жана ага профессионалдык, илимий мамиле жасоо керек",-деди Гэн Шуан.











