Трамп коронавирус Кытайдын лабораториясында жасалганын жарыялады. Чалгын кызматы макул эмес

Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, AFP

АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирус Ухандагы вирусология институтунда жасалганы боюнча далилдерди көргөнүн билдирди. Ак үйдөгү басма сөз жыйында президент Трамп Кытай бийлиги вирустун жайылышын токтото албай койгон же токтотуунун зарылчылыгы жок деп чечкен болушу мүмкүн экенин айтты.

Журналисттердин коронавирус Ухандагы вирусология институтунда жасалганы боюнча далилдер тууралуу суроосуна президент Трамп "ооба, мен көрдүм" деп жооп берген.

"Балким алар [Кытай] ката кетирип алышты же башында туура эмес жасап алышып, андан кийин катанын үстүнөн ката кетире беришкен. Ошол эле учурда муну бирөө атайын жасады",-деп кошумчалады Трамп.

Кытай болсо Трамптын сөзүн четке кагып, АКШ Covid-19 вирусуна даярдыгы чабал болгонун жашыруу үчүн башка мамлекеттерди күнөөлөп жатканын айтып чыкты

Ал тапта АКШнын Улуттук чалгын кызматы коронавирус лабораторияда жасалбаганын же вирустун генетикасы модификацияланбаганын аныктады. АКШнын атайын кызматынын билдирүүсүндө вирус жаратылыш шартында чыгып, кийин адамга жукканы айтылат. Дүйнөдөгү окумуштуулардын басымдуу бөлүгү дал ушул пикирди ырастап келишет.

Метро в Пекине

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытай карантин чектөөлөрүн женилдетти

Учурда вирус Кытайдагы лабораторияда жасалып, дүйнөгө жайылды деген ар түрдүү ушак-айың тарады. АКШнын чалгын кызматы дал ушул ушактар боюнча биринчи жолу жооп кайтарып жатат.

Буга чейин Кытайдын бийлиги көзөмөлдөгөн Global Times басылмасы кытайлык эксперттер жана интернет колдонуучулар АКШдагы Форт Детрик лабораториясынын жаңы коронавирустун жайылышына байланышы барбы деген суроого жооп издеп жатышканын жазган. Ал эми Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Чжао Лицзян коронавирус биринчи жолу Уханда катталганы менен, аны өлкөгө америкалык аскерлер алып кириши мүмкүн экенин билдирген.

Эки мамлекет бир нече аптадан бери коронавирус боюнча кайым айтышып жатат.

короткая линейка

Кыргызстандагы абал

карта

Сүрөттүн булагы, Official

Кыргызстанда 1-майга карата коронавирусту жуктурган он жаңы учур катталды. Өлкөдө толугу менен 756 киши вирусту жуктуруп, 504 киши айыгып чыккан. Расмий маалыматтар боюнча 8 адам көз жумду.

Өкмөт өзгөчө абалдын айрым чектөөлөрүн жеңилдетип жатканына карабастан, калкты санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана гигиенаны сактоого чакырды. 1-майдан тарта өлкөдө айрым тармактагы компаниялар ишин жандантууга уруксат алды: толук тизмени шилтеме аркылуу караңыз.

короткая линейка

Covid-19 Орусия өкмөтүнө жетти

Мишустин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин коронавируска кабылганы кабарланып, ал өзүн изоляцияда кармап жатат. Буга чейин Британиянын премьери Борис Жонсон дагы вирусту жуктурган. Мишустин вирустун кайсыл түрүнө кабылганы азырынча белгисиз.

Мишустин дарыланып жатканда, анын милдетин биринчи вице-премьер Андрей Белоусов аткарат. Саясатчы январь айына чейин президент Путиндин жардамчысы катары иштеген.

Орусия дагы Кыргызстандай эле май айындагы майрамдарды карантин шартында өткөрөт. Москва шаарынын тургундары болсо өткөрмө кагаздарды интернет аркылуу узартуу мүмкүн болбой жатканына нааразы болушууда. Орусияда карантин 11-майга чейин узартылган.

Борис Джонсон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Британия демекчи, премьер-министр Борис Жонсон өлкө коронавирустун жайылышынын туу чокусуна жеткенин жарыялады. Бул сөзүн Жонсон Covid-19 вирусунан сакайгандан кийинки биринчи жыйында айтты.

Жонсон эмдиги жумада карантин чараларын жеңилдетүү жана экономиканы калыбына келтирүү боюнча долбоорун жарыялайт. Британ лидеринин негизги максаты экономиканы жандандыруу, мектеп жана ишканаларды ачуу. (AT)