Блог: Күттүргөн жаз да келет, жаманчылыкты аманчылык жеӊет

Сүрөттүн булагы, http://davronbek.ziyouz.com
- Author, Алмаз Кулматов,
- Role, коомдук ишмер
Коммунисттик идеология деп аталган нерсе менен кошо ыргытып жиберген бир топ оокат бар.
Анын ичинде марксизм-ленинзм аталган окуунун ата-жотосу делген ойчулдардын айрым негиздүү кептерин, акыл-оюн, теорияларын карандай танып, так кесе чанып, бирок ордуна башка омоктуу ой таппай, кайда сүзөөрүн, кай жээкке токтоорун билбеген жел кайыктай, кайда токтоорун билбей жер кезе көчкөн камгак сымал жүргөнүбүзгө чейрек кылым ашты. Биз чанган менен алар тапкан мыйзамченемдүүлүктөр жашоосун токтоткон жок, биз жашаган дүйнөнүн оош-кыйышын, биз кечирген турмуштун тигил же бул кубулуштарын түшүндүрүп келүүдө. Маркстын "Капиталын" окубаган же окубай туруп четке каккан кыргыздын кыйын бизнесмендери жана жоон топ экономисттери канчалык танбасын Маркстын экономикалык уӊгу теориясы - кошумча нарк экономиканын кыр аркасы бойдон калууда. Кошумча нарк салыгы дээрлик баардык өлкөлөрдүн салык системасындагы негизги салыктардын бири. Социалдык теӊсиздик акыры социалдык протести жаратат, социалдык нааразычылык, карама-каршылык өөрчүп отуруп, бунтка алып келет, аны бийлик күч менен басат же системаны алмаштырып, адекваттуу кадамдар менен чечет. Ал эми социалдык каршылыктын экономикалык негизинен тышкары саясий жана психологиялык жагдайын Фридрих Энгельс эӊ таамай белгилеген - "Жер кепедегилер өз жакырчылыгынын себебин байлардын заӊгыраган сарайларынан көрөт". Бийликтин колунан келбесе же бийликтин чечимине эл канааттанбаса, кыйсыпыр салган төӊкөрүш, путч, революция болушу ыктымал деген ойдун тууралыгын башынан өткөрүп ынанбаган өлкө чанда гана кезигет.
Энгельстин "Жаратылыш биздин ар бир жеӊишибизге эселеп жооп кайтарат" дегенин көбүбүз жадыбыздан чыгарып салганыбыз чын белем. Аягы жер баспай, жараткандын өзүн алка-жакадан алгысы келип калган пенделерге жаратылыш кенедей белги берди эле, алапайын таппай, шашканы мындан көп, эсин жоготуп, эӊгирегени да аз эмес. Бирок баары эмес.
Алыкул Осмонов айткандай, адам деген алсыз тура бечара. Табигат адамзатка бир илдет менен кимдин ким экенин көрсөтүп, дүйнөгө устун болгусу келгендер менен эптеп күп кечирген бечераларды сапка тизип, бир ченемге теӊеп, баарын үй-жайына камап, айды уштап көк үстүндө жүргөн адамзатты жерге түшүрүп, "мени жеӊгенди коюп, өзүӊө эбак келсе да кенебей жүргөн илдетте не кылаар экенсиӊ, тишиӊ өтөбү, байкап көрчү" дегендей ишарат кылды.
Жашоо үчүн айыгышкан тынымсыз күрөш жаратылыштын мыйзамы. Бирок ар кандай табигый мыйзам кош канат, эгиз, жуп болот. Табият бир гана жашоо үчүн айыгышкан күрөшкө негизделген эмес. Өз ара жардам, бири бирин колдоо бу тирүүлүктө жашоо үчүн күрөш менен бир бүткөн жана бир жаралган улуу мыйзамы. Болгону адамзат жеке кызыкчылыктарга биротоло ээрчиме болуп калган чакта өз ара жардам эстен чыгып бараткан эле. Бул жолку сыноодо ушул мыйзам өзүнүн бар экенин астырт билдиргендей. Жеке адамдар тургай бүтүндөй өлкөлөр ушул мыйзамга жараша иш кылды. Мисалы, грек өлкөсүнүн калкы тумоо кычап турган кезде сабырдуулуктун, өз ара колдоонун, биримдиктин айкын мисалын көрсөткөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты. Германияда миӊдеген кишилер бири бирине көмөктөштүүнүн чыныгы үлгүсүн көрсөтүүдө.
Бизде да атуулдарыбыз коронавируска каршы күрөш үчүн жардамын жалпы капчыкка сала баштады, жалпы суммасы 110 млн ашкан имиш. Буга да шүгүр. Айрымдар алынын жетишинче, колунан келген байлар көӊүлүнө жараша көмөгүн көрсөтүүдө. Өзү кыйналып жаткан өлкөлөр да бири бирине көмөгүн көрсөтүүдө. Жардам сурап да жибердик өӊгөлөрдөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жакшылыкка жакшылык, ар кишинин ишидир
Адамзат башына түшкөн мүшкүл ишти тилектештик аркылуу жеӊе алаарабыз тууралуу айрым мамлекеттердин лидерлери, мыйзамдуу бийлик ээлери да айтты. Ханыша болгондон берки 4-ирет кайрылуусунун ушул жолкусун Елизавета тилектештикке жана чыдамкайлыкка арнады. (https://www.bbc.com/kyrgyz/world-52180162.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да тилектештик менен ынтымак зарыл экендигин белгиледи. Легитимдүү улут лидерлеринин журтка кайрылуусу кыйчалыш кезде кымбат нерсе. Эл-журтту шыктандыруу зор мааниге ээ. Элдин деми сууса, коюу чаӊда калган күлүктөй артта калат. Элдин деми жоргонун жүрүшүндөй, комуз күүсүндөй, ыргагынан бузулса, күүсүнөн жанса болбойт. Биздин бийлик да элге дем бергидей иш жасап, ишенимин бекемдеп, үмүтүн улагыдай аракетин жасап, кыла турганын дайын кылууга тийиш. Ансыз элдин маанайы чөгөт, үмүтү кемийт.
Кыргыз элинин дүйнө таанымында жакшылык-жамандык дихотомиясы өзөктүү категория. Биринчиден, жакшы түшүнүгү - бул жашоо парадигмасы. Умтулган нерсесинин идеалы, көксөгөн тилеги. Өз абалынын образы. Кырдаалды баалоонунун формуласы. Кыргыз өлүм алдында жатса да жаман деген эмес. Эч качан жардам тиймек эмес. Жаман деп жар салганда эмне болмок. Тууган алыстамак, салакасы тийбесин деген күдүк ой менен. Душман кол салмак, алы кетип, абалы начарлап калыптыр деп. Анткени жакшынын шарапаты, жамандын кесепети. Жакшы түшүнүгү - этносту сактап калуу фактору. Фольклордо элдин акыл-ою, онтологиялык тажрыйбасы көркөм формада, не бир сонун образдар аркылуу кыска чагылдырылат. Тике жана каймана маанисинде. Ал эми кыргыз адабиятында жакшы категориясы анын барчылыгынын фактору. Сөз энергетикага ээ, жакшы элди көтөрмөлөйт, жаман сөз элди басынтат. Жакшы деп айтуу өзүн-өзү көтөрмөлөө, алсыздыгын билдирбөө аракети. Бөлөк эл-журтка белги. Акылман Токтогул бир сап менен таасын билдирген экен:
"Өлдүм десеӊ ким берет, Өзүӊ оокат кылбасаӊ".
Бирок чанда гана кыргыз баласы үзөӊгүлөшүн кан майданда жалгыз калтырган. Аттан оогон жолдошун учкаштыра кеткен, кокус көз жумса аманатын аткарган. Үзөӊгүлөштүн сөөгүн да таштабаган, кандай да болсо ээсине табыштаган. Бул феномен тууралуу азыркынын мыкты сүрөткери Арслан Койчиевдин "Мисмилдирик" повестинде мыкты баяндалган.
Аз сандуу, кармашкан душманы арбын кыргыз этносунун сакталып калышынын негизги факторлорунун бири - анын жакшы элем, жакшымын, жакшы болом деген идеологемасында, нравалык, философиялык системасында. Байыркы кыргыз менен азыркы кыргыздын ортосунда айырма бар. Бирок азыркы кыргыз да жакшылыкка артыкча мамиле кылат:
"Жакшылыкка жамандык, көр кишинин ишидир,
Жамандыкка жамандык, кор кишинин ишидир,
Жакшылыкка жакшылык, ар кишинин ишидир,
Жамандыкка жакшылык, эр кишинин ишидир".
Ушул философия аркылуу гана өзүн бүлөп, курчутуп, өз көӊүлүн өзү көтөрүп, сыртка сырын алдырбай, жаманын жашырып отуруп гана эл-журт эркиндигин сактап келген окшобойбу.

Сүрөттүн булагы, Rufat Ergeshov
Кыргыз элинде "адам" нравалык, социалдык статусуна жараша даана ажыратылат. Англис тилинде - "man", орус тилинде - "человек", болду бир эле сөз менен берилет, түшүндүлөт. Ал эми кыргыз тилинде адам, киши, пенде, жан, макулук, бечара, карып ж.б. экенин философтор, филологдор айтып келишет (Ж. Бөкөшов, Кыргыз философиясы). Адам онтологиясын кыргызча кайрыгын уланталыбы? Жарайт. Улгайган адамды англисе "old man", орусча "старик"("старче - А.С. Пушкин) дейт. А кыргыз "аксакал", "карыя", "абышка", "чал" деп так ажыратат.
Киши деп биз мисал кылган макалда жалпы түшүнүк гана катары берилген, бирок сапаты даана айтылган. Демек жакшылык - бул парадигма, жоопкерчилик, озуйпа (миссия), милдет, зарылдык, барчылык, сапат. Адамдык жана коомдук сапат. Коомдук милдет жана озуйпа.
Дал ошондуктан ушул кыйын кезеӊде жеке жана коомдук турмушта кыргыз философиясынын уӊгусу - жакшы түшүнүгү - биздин жүрүм-турумдун негизги эрежеси болмогу абзел.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.







