Блог: От дегенден ооз күйбөйт, бирок өрт деген кабар элдин үрөйүн учурат

    • Author, Алмаз Кулматов,
    • Role, коомдук ишмер

Илгери чума күч алып турган кезде болгон имиш бул окуя. Чума Европа калкын текши каптап, элди кырып, эми Азияга салып-уруп келатып бир акылманга жолугат.

Алмаз Кулматов

Сүрөттүн булагы, Rufat Ergeshov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алмаз Кулматов, коомдук ишмер

Акылман чумадан "Бу сен, түгөт, миӊдеген кишилерди жок кылдыӊ, эми тынчыбай кайда баратасыӊ" деп сурайт. Анда чума "Планым бар, Азиядан 5000 кишини өлтүрүшүм керек. Сөз бердим эле, адамдардан айырмаланып, мен калп айтпайм, убадамды аткарам" дейт. "Мен кой дегенде коюп калмак белеӊ, кылган ишиӊ кыргын болсо, деги айткан сандагы эле кишини өлтүрүп тим болосуӊбу, сөзгө бекемдигиӊе ошондо ишенейин. Убада кыласыӊбы? Эмки жылы так ушул жерден жолугалы" деген таклипке чума макул болот. Экөө эки тарапка кетип, кийинки жылы баягы болжошкон айрылыштан жолугат. "Кесепеттиӊ артык түгөнгүр чума, сөзгө турбаптырсыӊ. 5 миӊ эле деп убада кылып, Багдад менен Мисирди он миӊдеген кишини жайлаптырсыӊ" деген акылмандын жемесине чума "Андай эмес, болгону 5 миӊди эле өз колум менен жок кылгам, калганы пендечилик кылып, дүрбөлөӊ түшүп, ызы-чуудан өлдү." сымал жооп берген экен.

Таажылуу тумоо кычап, жайыла баштаган кезде санаа тартып, убайымга батып, ойлонбогон киши калбады, бул апаат кыйгап өтпөгөн өлкө да калбады көрүнөт. Баардык нерсенин оӊ жана терс натыйжасы болмогу анык. Ааламдашуу, элдин мобилдүүлүгүнүн өсүшү, карым-катнаштын тамырлашы бул ирет адамзатка пайдасы менен катар оор зыянын да тийгизди. Маалымат кандай тез таркаса, илдет да ошондой тездик менен жайылды. Көп мамлекеттер эки-жакка абай салып, эсин жыйгыча, чек араларын жапкыча, сактануу аракеттерин ишке ашырганча, жугуштуу илдет айрым өлкөлөрдү каптап кирсе, кай бир аймактарга шашпай ат бастырып кирди. Албетте, мамлекеттер изденет, санаага батат, жол чалат, кызматташат, кеӊешет, кыскасы болгон аракетин жумшайт, дарамети жетишинче күрөшөт, акыры айласы табылат.

Адатта масштабдуу тумоо, илдет же табигый катастрофа учурунда элдин үрөйү учуп, дүрбөлөӊ баштайт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адатта масштабдуу тумоо, илдет же табигый катастрофа учурунда элдин үрөйү учуп, дүрбөлөӊ баштайт

Илим-билим, технология мынча жетише элек замандарда деле мындан жаман апаатарды, жугуштуу илдеттерди дүйнө калкы жеӊип келген, илдет менен күрөштүн аркасы менен прогресске жол салган, не бир түркүн илимий ачылыштарды жасаган, технологиялык ийгиликтерге жетишкен, көркөм өнөрдө ажайып дөөлөттөрдү жараткан. Ал тургай айрым окумуштуулар өз жанын тобокелге салып, чыныгы эрдик көрсөткөн. Буга тарыхый мисалдар жетиштүү. 1882-жылы Нобель сыйлыгынын лауреаты Илья Мечниковдун шакирти биолог Владимир Хавкин холерага каршы вакцинди өзүнө экспертмент жасап отуруп ойлоп тапкан.

Кургак учуктун, сибирь кулгунасынын жана холеранын бациллаларын да Роберт Кох жанын тобокелге салып, эч бир шарты жок жертөлөдө бир микроскобу менен көшөрүп отуруп аныктаган. Оспага каршы биринчи вакцинаны граждандык согуш убагында Кызыл Армиянын аскер врачы согуш талаасында жасаган. Өз өмүрүн, бактысын жана жыргалчылыгын курмандыкка чалып, бирок жугуштуу илдеттерди аныктап, ага каршы эм-дары тапкан ондогон каарман окумуштуулар тууралуу Поль де Крайфтын "Охотники за микробами" деген китеби орус тилинде нечен ирет басылып чыккан жана азыр да дүйнөдө эӊ атактуу китептердин бири. Кыскасы, жугуштуу илдеттин дабасы да табылат.

Рисунок

Сүрөттүн булагы, Emma Russell

Ага адамзаттын акыл-билими, күч-кубаты жетет. Таажылуу тумоо башталгандан бир нече айдан кийин Австралиялык окумуштуулар адамдын иммундук системасынын коронавирус менен күрөшө турганын изилдеп чыкканын ( ), АКШ вируска каршы вакцинаны сынап баштаганын (Коронавирус: АКШ вируска каршы вакцинаны сынап баштады). Башка мамлекеттерде да окумуштуулар тынымсыз изденип жатат. Буюрса дарттын дабасы табылат. Болгону убакыт керек.

Ал ортодо өкмөттөрдүн, мамлекеттик бийликтин аткара турган жумуштары менен катар элдин өзүнө да тике байланыштуу, эӊ башкысы эл ичинде, ичке-тышка маалымат тараткан, пикир жана маанай жараткан институттардын да эч кайда кача албай турган кымбат миссиясы жана адамдардын чоӊ жоопкерчилиги бар.

Адатта масштабдуу тумоо, илдет же табигый катастрофа учурунда элдин үрөйү учуп, дүрбөлөӊ баштайт. Ошондон пайдаланып, туйтунуп калгысы келген шылуундар да арбыйт. Бүлүк түшкөн калк алсыздайт, зыян тарткан, чыгым болгон элдин саны өсөт, бийликтин, өкмөттөрдүн шайы оойт, ошентип кырсыктын кесепети эселеп көбөйөт, запкысы оорлойт. Изилдөөчүлөр чуманын, тифтин, оспанын жана холеранын тумоосу каптап турган кезде эл илдетке караганда дүрбөлөӊдөн, санаадан, үрөйү учкандан көп жабыркаганын айтып келишет. Демек макала башындагы икая тегин жерден пайда болбогон, ошол күндөн ушул күн айтылып келет.

Азык-түлүктүн, айрым медикаменттердин жана оокаттын тартыштыгы - негизинен жасалма проблема, чайкоочулардын ойлоп тапканы. Тиешелүү бийлик органдарынын алсыздыгы. Соӊку 20 жыл ичинде эле куштумоо, сасык тумоонун бир нече түрү чыкканда көпчүлүк көрүнгөн оокатка жапырт качырып, ажиотаж жаратылып, натыйжада абийирден куржалак шылуундар туйтунган, эл бечара жабыркаган. Азык-түлүк өндүрүлбөй койбойт. Бизнес деген бизнес, азыгын да, башкасын да ташууга жол табылат.

Саясаттын сырттаны император Наполеон Англияны чөгөлөтүш үчүн чычкан жөргөлөгүс кылып туш-тарабын бууп, континенталдык блокадага алган. Бирок Англия блокада тургай, согушта утуш менен чыккан. Экинчи дүйнөлүк согуш убагында Германиянын абадан мөндүрдөй бомбалоосуна жана суу астындагы торпедаларынын чабуулуна карабастан союздаш өлкөлөр Британияга деӊиз аркылуу жардамын жеткирип турган, Америка камоого, аткылоого алынган ушул жолдор менен Ирландия менен Шотландиядан вискини, айрым өлкөлөрдөн алтын менен асылташты тынбай ташыган, аларга курал жеткирген. Жылчык издеген суудан бетер суроо-талапка жараша товар келе бермеги мыйзамченемдүү. Демек ыксыз дүрбөлөӊгө болуп, элге бүлүк салууга жол бербөөгө тийишпиз.

Тумоо баарыбызга сыноо. Ири алдыда эл-журтка маалымат жеткирүүчү жана коомдук пикирди жаратуучу гана эмес, элдин маанайын аныктоочу күчкө - медиа журтчулукка да чоӊ сыноо. Жалпыга маалымдоо каражаттары, журналисттер, блогерлер, социалдык тармактардын жигер колдонуучулары өз жоопкерчилигин сезүүгө, таажы ылаӊына каршы калайыкты бирге күрөшкө үндөп, элди агартуу, дилин тазартуу, көӊүлүн көтөрүү, чымыркантуу, тынчтандыруу, ишенимин бекемдөө, үмүтүн арттыруу сыяктуу изги, кымбат миссиясын да аткарууга тийиш. Ошондуктан журналисттер, блогерлер электрондук каражат аркылуу ушул озуйпаны ишке ашыруу маселелерин жана жолдорун видеоконференция уюштуруп, он-лайн же башка ылайыктуу режимде алыс туруп бетмаӊдай талкуулап, дурус, пайдалуу бир нече эрежени, принциптерди макулдашып алмагы абзел деп ойлойм.

Ушундай видеоконференцияны ВВС радиосунун Бишкектеги бюросу өткөрүүгө белсенгени эӊ туура. Эгер жамы журналист журтчулугу "андай эрежелерди баарыбыз беш колдой билебиз, жоопкерчиликти сезебиз, апаатты жеӊгенге изги салым кошобуз" десе, ого бетер мыкты болбойбу. Бул алардын жарандык позициясынын бийиктигинин, жоопкерчилигинин далили жана нравалык дараметинин жетиштүүлүгүнүн анык күбөсү болмокчу.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.