Пандемияны жамааттык иммунитет аркылуу көзөмөлдөөгө мүмкүнбү?

Өткөн дем алыш күндөрү Британияда жүздөгөн кишилер жээкте эс алышты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өткөн дем алыш күндөрү Британияда жүздөгөн кишилер жээкте эс алышты

Пандемия башталгандан бери эле жамааттык иммунитет тууралуу көп талкуулар жүрүп келүүдө. Вирусту калк арасында канчалык көп киши жуктуруп алса, ошончолук тез жамааттык иммунитет пайда болот. Мындай болгондо вирустун коркунучу кескин азаят.

Бирок азыркы маалда дүйнө мындай жамааттык иммунитеттен өтө эле алыс. Дүйнөнүн ири мегаполистеринде антитела боюнча иликтөө жүргүзгөн New York Times журналисттери ушундай тыянак чыгарат.

Нью-Йоркто вируска кабылгандар саны калктын 20 пайызына жакындашы мүмкүн. Лондондо - 17%, Москвада - 12,5%. Мунун өзү вирус эң курч жайылган шаарлардагы абалды көрсөтөт. Демек, жамааттык иммунитет тууралуу кеп кылууга мүмкүн эмес.

Нью-Йоркто вируска кабылгандар саны калктын 20 пайызына жакындашы мүмкүн

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нью-Йоркто вируска кабылгандар саны калктын 20 пайызына жакындашы мүмкүн

Өткөн апталарда ушундай эле иликтөөнү француз окумуштуулары дагы өткөргөн. Францияда коронавирус жуктуруп алгандар саны жалпы калктын 4,4% түзөт (2,8 млн киши) дейт Пастера институту (фр. Institut Pasteur).

Окумуштуулардын пикиринде, өлкөнүн эң көп жабыр тарткан аймактары - Париж жана чыгыш региондордо бул көрсөткүч 9-10 пайызды түзөт. Жамааттык иммунитеттин жардам аркылуу пандемияны көзөмөлдөө үчүн бул көрсөткүч болжолу 65 пайыз болушу керек эле.

Жетиштүү сандагы кишилерде иммунитет иштелип чыккандан кийин, инфекциянын тарашы токтойт.

"Биз чогулткан маалыматтар вакцина болмоюнча иммунитет жетишсиз экенин көрсөттү",-дейт изилдөөчүлөр. Ошондуктан сактык чаралары күчүндө кала бериши керектиги эскертилүүдө.

Испаниядагы Саламаттык сактоо институту менен Улуттук статистика институту өткөргөн изилдөөнү дагы айта кетсек болот. Алар өлкө калкынын 5 пайызы коронавируска чалдыгып, аларда иммунитет пайда болду деп эсептейт. Изилдөөгө ар кайсыл курактагы жана социалдык абалы ар башка болгон 60 миң испаниялык катышкан. Болжолу вирусту жуктуруп алгандардын 26 пайызында оорунун эч кандай белгилери байкалган эмес.

Мадрид

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эң жогорку көрсөткүч Мадридде - 11%

Аймактарга бөлө келгенде пайыздык катыштары өзгөрөт. Маселен, Барселонада антитела калктын 7,1 пайызында. Жирондо - 2,5%. Эң жогорку көрсөткүч Мадридде - 11%.

Көпчүлүк илимий изилдөөлөр Covid-19 жоготуулары бир пайыздан ашпай турганын көрсөтөт. Испандык адистер дагы француз кесиптештери сыяктуу эле карантин чараларын алуудан сак болууга чакырды.

"Вакцина чыкканга чейин жамааттык иммунитет болбойт",-деди Испаниянын эпидемиологдор коомунун президенти Пер Годой. Ошондуктан сактануу чаралары болбосо, кыйын кырдаал жаралып калышы мүмкүн. Ушундай эле изилдөөлөрдү Британия дагы өткөрүүдө.

"Вирус канга түшкөндө температура көтөрүлөт. Организмде антитела иштеп чыгат. Алар вирусту жеңип чыгууга жардам берет. Көптөрдө иммунитет вирустун көбөйүшүнө жол бербейт. Өлкө калкынын 70 пайызы инфекция жуктуруп алганда гана вируска туруштук берүүгө мүмкүн. Ошондо жамааттык иммунитет пайда болот",-деген Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.