Жайылган коронавирус, жакадан алган жакырчылык

Бразилиядагы оорукана

Сүрөттүн булагы, AFP

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму акыркы суткада коронавирус жуктургандар саны кескин өсүп кеткенине тынчсызданууда. 106 миң кишиге жаңы диагноз коюлду.

Коронавируска кабылгандар саны беш миллиондук чекке жакындап баратат. 327 миң киши вирустан каза тапты. Уюмдун жетекчиси Тедрос Гебреисус орточо киришеси бар өлкөлөрдөгү абал өзгөчө курч болуп жатканын билдирди.

Буга чейин вирустун очогу Европа жана АКШ болуп жатса, азыр Бразилия сыяктуу өлкөлөргө тездик менен жайылууда. Бир суткада Бразилияда 1179 бейтап каза тапты. Өлкөдө пандемиядан каза тапкандардын жалпы саны 18 миң кишиге жетти.

Вирус жуктургандар саны күчөп, өлүм-житим көбөйүп жатканына карабай Бразилия бийлиги карантин чараларын киргизген жок. Президент Жаир Болсонару мындай чарага каршы болуп жатат. Өлкөнүн 12 млн. киши жашаган эң ири шаары Сан-Паулудагы абал өтө курч. Шаршембиде шаарда беш күнгө жумушка чыкпоо чарасын киргизишти.

Бразилиянын Манаус шаарындагы көрүстөндө пандемиядан каза тапкандар үчүн өзүнчө жай бөлүп коюшту

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бразилиянын Манаус шаарындагы көрүстөндө пандемиядан каза тапкандар үчүн өзүнчө жай бөлүп коюшту

Эксперттер инфекциянын тароо масштабы азыркы абалдан дагы оор болушу мүмкүн деп болжоп жатышат. Анткени көп өлкөлөрдө жетиштүү сандагы тесттер өткөрүлгөн жок. Ошондой эле айрым өкмөттөр абалды так көрсөтпөй жатышы мүмкүн.

Коронавирус пандемиясы жумушсуздук менен кирешенин азайышына дагы алып келди. Дүйнөлүк Банктын президенти Дэвид Малпасс дүйнөлүк экономика оор абалда калышы мүмкүн экенин айтып чыкты.

"Биздин эсебибизде 60 миллион кишинин турмушу өтө жакырданат. Муну менен акыркы үч жылдагы жакырчылык менен күрөштөгү аткарылган иштердин баары жокко чыгат",-деди Дэвид Малпасс.

индия улица

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйнөлүк Банк жакыр өлкөлөрдүн карызын кечүүгө чакырды

Дүйнөлүк Банктын терминологиясында "өтө жакыр" деп күнүнө 1,9 доллардан аз киришеси барлар саналат.

Дүйнөлүк Банк пандемиядан экономикасы катуу жабыр тарткан өлкөлөргө 160 млрд доллар грант жана арзандатылган насыяларды сунуштады. Малпасстын айтымында, жардам сурап кайрылган өлкөлөр саны жүзгө чукул жана ал өлкөлөрдө дүйнө калкынын 70 пайызы жашайт. Албетте, бул каражат жетишсиз деди Малпасс. Ал жакыр өлкөлөрдүн насыяларын кечпей тырышып жатканы үчүн коммерциялык банктарды сынга алды. (AbA)