Пандемиянын кесепетинен Орусияда жумушсуздар саны өсүүдө

Рабочий

Сүрөттүн булагы, EPA

Орусиянын эмгек министри жумушсуздар саны өлкөдө 2,5 млн кишиге чейин өсөт деп билдирди. Учурда расмий жумушсуздар саны 1,6 млн кишиге жетти. Бул көрсөткүч апрелдегиден эки эсе көп.

Эл аралык эмгек уюмунун усулу боюнча эсептегенде, жумушсуздук көрсөткүчү 5,3 млн кишиге чейин өсүшү мүмкүн.

Жумушсуздук көрсөткүчүн орус бийлиги атайын мекемелердин каттоосу жана эмгек уюмунун усулу менен эсептеп жатат.

Орусиядагы бул жагдай мигранттар аркылуу Кыргызстанга дагы түз таасирин тийгизет дейт эксперттер. Кыргызстандыктардын дээрлик 13% чет өлкөдө жашап, эмгектенет. Мигранттардын чоң бөлүгү Орусияда. Кыргызстанда өткөн жылдары жумушсуздук алты пайыздын тегерегинде деп айтылып келген. Өкмөт быйыл ал сегиз пайызга чейин жетет деп божомолдойт. Орусиядагы мигранттардын бир тобу өлкөгө кайтып келди. Ал эми көбүнчө тейлөө тармагында иштеген мигранттардын көпчүлүгү убактылуу жумушу жок олтурат. Мигранттар кыргыз экономикасын кармап турган негизги күч катары эсептелет. Ички дүң өндүрүмдүн үчтөн бирин мигранттар тапкан каржаттар түзөт.

Рисунок: вокзал
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандыктардын дээрлик 13% чет өлкөдө жашап, эмгектенет

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы Эл аралык эмгек уюму келишими жок жумушка киргендер, тейлөө тармагы менен азык-түлүк чыгарган компанияларда иштегендер коркунучта деп эскерткен. Пандемия башталганда эле бул тармакта иштегендер орточо эсеп менен 60 пайыз маянасынан айрылган.

"Миллиондогондор жумушсуз калса, алар азык-түлүк ала албай, келечеги коркунучта болот. Учурда дүйнөдө миллиондогон компаниялар жабылуу алдында турат. Аларга эң негизгиси арзан насыя алууга мүмкүнчүлүк берүү керек. Бул багытта жардам бербесек, алар жабылат",-деген эле Эл аралык эмгек уюмунун башчысы Гай Райдер.

Коронавирус жараткан оор кырдаалдан салыштырмалуу анчалык бай эмес өлкөлөр, айталы, Орусия, Индия же Мексика көбүрөөк жабыр тартат. БУУ бул тууралуу эскертүү жасап, антикризистик пакет үчүн каражат чогултууга чакырган эле. (AbA)