Карантинде камчыланган туризм

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Британияда өлкөгө келген жүргүнчүлөрдү 14 күнгө карантинде кармоо боюнча маселе саясатчылар ортосундагы талаш-талкууну жаратты. Өкмөт чет жерлик болобу, британиялык жарандар болобу сырттан келгендерди 14 күнгө чейин изоляцияда кармоо керек деп жатат. Ошол эле маалда бул канчалык максаттуу деген суроо койгондор болууда.
Өкмөт ушундай чара менен гана эпидемиянын экинчи толкунун токтотууга мүмкүн дейт. Сурамжылоого ылайык, британдыктардын 68 пайызы бул чараны колдогон.
Бирок башкаруучу Консервативдик партиянын көпчүлүк депутаттары мындай чарага каршы. Алар бизнес үчүн чоң жоготуулар болушу мүмкүн деп чоочулап турушат.
Эгерде эс алууга башка өлкөгө барып, кайра кайткан британдыктар эки апта үйүнөн чыкпай, изоляцияда кармалса, көпчүлүгү бул жайда эч кайда барбайт. Туризм тармагы мындан жабыр тартышы турган кеп.
Ошондуктан бул жерде эпидемияны көзөмөлүнө алган өлкөлөр менен Британия ортосунда "аба көпүрөсү" болсо, кырдаалдан чыгуунун мыкты жолу болмок дегендер бар. Мындай сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Португалиянын тышкы иштер министри Аугушту Сантуш Силва Би-Би-Сиге берген маегинде ырастады. Ал карантинди туризмдин душманы деп атады.
Буга чейин мындай сунушту Британияга Греция өкмөтү сунуштаган экен.
Өткөн айда Европа комиссиясы Евробиримдиктеги өлкөлөрдү этияттык жана макулдашылган шартта чек араларын ачууну, туризм тармагынын кирешесинин бир бөлүгүн сактап калууну сунуштаган эле. Европа мурда туризмден жылына 200 млрд евро киреше таап келген.
Бул жылы жай мезгилинде саякатчылар келет деген үмүт үзүлө элек. Еврокомиссия жайкы туристтик сезондун маанилүүлүгү тууралуу айтканы менен ЕБ өлкөлөрүнө "июль же августта чек араңарды ачкыла" деп түз кайрылган жок. Макулдашып, карап көргүлө деди.
Европалык өлкөлөр чек араларында текшерүүлөрдү өз алдынча жүргүзүүдө. Март айында ЕБ жана Шенген зонасы чек араларын жапканда, ар кимиси өз алдынча аракеттенген. Шенген эрежелери өзгөчө кырдаал шартында мындайга жол берет.
Көптөгөн европалык өлкөлөрдүн экономикасы пандемияга чейин туризмден көз каранды болуп келген. Алсак, Кипр, Хорватия жана Грециянын туризм тармагы ички дүң өндүрүмдүн 20 пайызынан көбүн түзгөн. Португалияда - 19%, Испания - 15%, Италия - 13%, Франция менен Германияда 10 пайыздай.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Чек аралар жабык болуп, аба каттамдары токтогондуктан, Кыргызстан сыяктуу тоолуу өлкөлөр дагы туризм тармагындагы кирешесинен кол жууду. Жайкы сезон кандай болоору белгисиз болуп турат. Кыргызстандын экономикасынын 5 пайыз үлүшү туризмге туура келет. 2018-жылы Кыргызстанга болжолу 1,38 млн турист келип кеткен.
Кыргызстан дагы башка мамлекеттердей эле карантин чектөөлөрүн жеңилдетип жатат. 5-июндан тарта ички каттамдар кайрадан жанданат.
"Каттамдар алгач бир жумада төрт жолу, кийинчерээк жумасына бир жолу ишке ашырылышы пландалууда",- деди Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акишев.
Ал эми эл аралык аба каттамдары 15-июндан тарта жандана турган болду.
Өткөн жылы Lonely Planet 2020-жылдагы рейтингин жарыялап, тизменин сап башына Улуу Жибек жолунун томундагы Борбор Азия өлкөлөрү - Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстанды жайгаштырган эле. Ошентип жакыш болот деп күтүлгөн туристтик сезон быйыл олку-солку абалда калды.
Көп өлкөлөр карантин чараларын жеңилдеткени менен сырттан келгендерди эки апта милдеттүү түрдө карантинде кармап жатышат. Ошондуктан жагдай коронавирус боюнча абалдан көз каранды болуп турат.
Европа өлкөлөрүнүн ичинен эң эле оптимисттик маанайда турган бул - Греция. Бул өлкө 1-июлдан тарта туристтерди кабыл ала баштайбыз деп үмүттөнүүдө. Албетте, баарын эмес. Учакка олтурганда коронавирус жок экенин тастыктаган аныктамасы бар саякатчыларды гана кабыл алат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Греция Евробиримдиктеги өлкөлөр 15-июнга чейин чек араларын ачса деген сунушун айтты. Евробиримдиктеги коңшу өлкөлөр Брюсселдин катыштыгы жок эле чек араларды ачуу боюнча бири-бири менен макулдашууга барууда.
Литва, Латвия жана Эстония чек араларын ачты. Андан сырткары коңшулары Финляндия жана Польша менен дагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Чехия болсо коңшулары Австрия, Германия, Словакия жана Польша менен июлда чек араларын ачуу тууралуу макулдашууда.
Британия чек арасын жапкан эмес. Бирок майдын аягынан тарта сырттан келгендерди эки күн карантинде кармоону чечти. (AbA)












