Lonely Planet туристтерге Кыргызстанды сунуштайт

Ысык-Көл, Кыргызстан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ысык-Көл, Кыргызстан

Lonely Planet 2020-жылдагы рейтингин жарыялады. Тизменин сап башына Улуу Жибек жолунун томундагы Борбор Азия өлкөлөрү жайгашты.

"Кайсыл бир доорлордо бул чөлкөм саякатчылардын жана дүйнөлүк сооданын эсебинен байып, дүйнөнүн көңүл борборунда турган",-деп айтылат Lonely Planet билдирүүсүндө.

"Учурда чөлкөм бир топ ачык болуп калды. Айталы, визасыз режим, аба каттамдары жана инфраструктурасы", -деп түшүндүрөт Би-Би-Сиге берген маегинде Lonely Planet адиси Меган Ивс.

Ысык-Көл, Кыргызстан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстан менен Өзбекстан ондогон өлкөлөргө визасыз режим киргизген. Ал эми Тажикстанда туристтер үчүн жеңилдетилген электрондук виза иштеп жатат.

Ивстын айтымында, акыркы беш жылда чөлкөмдөгү инфраструктура сезилерлик жакшырды. Маселен, Кыргызстандагы жаңы курулган унаа жолдору жана дүйнөнүн ондогон шаарларына түз учкан аба каттамдары. Ал эми Өзбекстандагы жаңы курулуп жаткан мейманканалар, ылдам поезддер.

Ысык-Көлдө өткөн Дүйнөлүк көмөндөр оюндары Кыргызстанды дүйнөгө таанытты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ысык-Көлдө өткөн Дүйнөлүк көмөндөр оюндары Кыргызстанды дүйнөгө таанытты

"Постсоветтик жылдарда бул аймакта туризмдин деңгээли өспөй, токтоп калган эле. Бирок өткөн доорлордо саякатчылар дал ушул жерден жолугуп, дүйнөнүн борбору болуп турганы ырас",-дейт Ивс. Эми бул аймак кайрадан дүйнөгө өзүн ача турган учуру келди деди ал.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн алдында турган чоң тапшырмалардын бири - дүйнөгө өз кереметтерин таанытуу. Самарканд менен Бухаранын тарыхый жайлары, Ысык-Көлдүн кайталангыс табияты, Памир тракты жана Бадахшандын жапайы жаратылышы. Ушуну дүйнөгө таанытууга албетте, Lonely Planet тизмесинин дагы көмөгү тийбей койбойт.

Регистан, Самарканд
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Регистан аянты, Самарканд

Туризм үчүн салынган инвестиция жана жаңы пиар-стратегиялар өзүнүн алгачкы жемиштерин берүүдө. Ушул жылдын тогуз айында Өзбекстанга 4,9 млн турист келип кетти. Бул өткөн жылга салыштырганда бир миллионго көп.

Саякатчыларга арналган AFAR журналынын эсептөөсү боюнча быйыл Тажикистанда туристтердин агымы көп болду. 2017-жылы эле 431 миң турист келген. Азыр эми 1,25 млн. кишиге жетти. Кыргызстанда дагы туристтер саны жай болсо дагы өсүп жатат. 2018-жылы болжолу 1,38 млн турист келип кеткен.

Тажикстан Ооганстан менен чек арасындагы Ямчун (Бадахшан) сыяктуу археологиялык жайлар туристтерди өзүнө тартат деп ишенет

line

Best in Travel 2020 Lonely Planet тизмеси:

line

2020-жылдагы эң мыкты чөлкөмдөр:

  • Улуу Жибек жолу (Борбор Азия)
  • Марке (Италия)
  • Тохоку (Жапония)
  • Мэн (АКШ)
  • Лорд-Хау аралы (Австралия)
  • Гуйчжоу (Кытай)
  • Баия-де-Кадис (Испания)
  • Аргентинанын түндүк-чыгышы
  • Кварнер (Хорватия)
line

2020-жылдагы эң мыкты өлкөлөр:

  • Бутан
  • Англия
  • Түндүк Македония
  • Аруба
  • Эсватини (Свазиленд)
  • Коста-Рика
  • Нидерланддар
  • Либерия
  • Марокко
  • Уругвай

2020-жылдагы эң мыкты шаарлар:

  • Зальцбург (Австрия)
  • Вашингтон (АКШ)
  • Каир (Египет)
  • Голуэй (Ирландия)
  • Бонн (Германия)
  • Ла-Пас (Боливия)
  • Кочин (Индия)
  • Ванкувер (Канада)
  • Дубай (БАЭ)
  • Денвер (АКШ)