Дүйнөдөгү жагдай: Европа өлкөлөрү чек арасын, Түштүк Корея мектептерин ачты

Сүрөттүн булагы, EPA
Айрым өлкөлөр коронавирус пандемиясынан улам киргизген карантин чараларын алууда. Чехия, Словакия жана Венгрия бири-бирине чек арасын ачып, карым-катнаш жандана турган болду. Бул тууралуу Чехиянын премьер-министри Томаш Петршичек "Твиттер" баракчасына жазды.
Үч өлкөнүн жарандары чек арадан өтүүдө Covid-19 боюнча тесттен өткөнү тууралуу аныктамасын көрсөтүүгө тийиш же эки апталык карантинде болот.
Түштүк Кореяда 2,4 миллион окуучу мектепке кайтып келди. Өлкөдө коронавирустун тарашын алдын алуу максатында карантин чаралары киргизилип, биринчилерден болуп мектептер жабылган эле. Өлкө вирустун тарашын көзөмөлүнө алып, токтото алды. Мектеп мындан эрте ачылат деп күтүлгөн. Бирок өлкөдө кайрадан вирустун жаңы учурлары каттала баштагандыктан создугуп кетти. Мектепке келгенде окуучулардын ар биринин температурасы текшерилип, класстарда социалдык аралык сакталат. Соңку эки айда 40 кишиден жаңы учурлар аныкталды.

Кыргызстанда коронавирустун жаңы 52 учуру катталды. Ушул күнгө чейин вирус жуктургандардын жалпы саны 1520 кишиге жетип, анын ичинен 1043 бейтап айыгып чыккан. Ал эми 16 бейтап вирус алып келген оорудан көз жумган. Жаңы катталган учурлардын 17си Нарын аймагынан. Саламаттыкты сактоо адистери аймакта кырдаал курч экенин белгилеп жатышат. Вируска кабылгандар арасында медиктер, милиция кызматкерлери бар.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму карантин чаралары өтө тездик менен алынып жатканына кабатырлануусун билдирди. Оорунун экинчи толкуну капташы мүмкүн экенин эскертүүдө.
"Биз мурдагыдай эле оору активдүү жайылып жаткан баскычта турабыз. Жаңы учурлардын аз санда каттала башташы - ошол бойдон жок болуп кетет дегенди түшүндүрбөйт",-деди ДССУ өкүлү Майк Райан. Анын айтымында, бир нече айдан кийин биз вирустун экинчи толкунун көрүп калышыбыз мүмкүн.
Гонконгдо улуттук коопсуздук боюнча Бээжин сунуштаган мыйзамга каршы нааразылык жүрүштөрү улантылып жатат. Мыйзам чыгаруу кеңешинин имаратынын айланасына көп сандагы полиция күчтөрү жайгашты.
Бээжин Гонконгдо Кытайдын улуттук гимнине урмат-сый көрсөтпөгөндөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартууну көздөйт. Гонконг тургундары буга каршы болуп, нааразылыгын билдирүүдө. Кытайдын гимнине урмат-сый көрсөтпөгөндөрдү үч жылга чейин абак жазасына тартуу каралган. (AbA)








