Дүйнө карантин чараларын жеңилдетти. Экономика качан калыбына келет?

"Рады видеть вас снова". Бизнес ждет не дождется возвращения клиентов. Но они не спешат: кто напуган, кто экономит

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Кайрадан көрүшкөнүбүзгө кубанып турам" деп жазылып турат кийим саткан дүкөндөрдүн биринде. Бизнес кардарларды күтүп жатат, бирок жарандар чоң соода борборлоруна баруудан кооптонууда

Дүйнөнүн булуң-бурчундагы мамлекеттер биринин артынан бири карантин чектөөлөрүн жеңилдетип, экономиканы жандандыруу аракетин көрүп жатат. Үйдөн чыкпай отурган кишилер чачтарачка, жумушуна, мурдагы турмушуна кайтып барууга шашып жаткан чагы. Ага карабастан адистер экономикалык кризисти жайгаруу татаал болорун эскертишүүдө.

Театр, ишканалар ачылганы менен, ишкердик мурдагы деңгээлине дароо кайтып барбайт, дейт экономика боюнча адистер. Буга бир нече себеп бар.

Биринчиден, вирус дагы деле тарап жаткандыктан, бардык ишканалар, дүкөндөр дароо ачылбайт. Дүйнөдөгү мамлекеттер азыр деле вирустун жайылышынын экинчи толкуну каптайт деп санааркап турушат.

Экинчиден, жарандар жана инвесторлор акчасын мурдагыдай өлчөмдө коротууга шашкан жок. Демек, талап болбосо, инвестиция дагы болбойт.

Goga Cafe в Милане

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кафе менен ресторандар жаңы шартта иштөө ыкмаларын өздөштүрүүдө

Үчүнчүдөн, карантин учурунда мамлекеттер көп каражат сарпташты. Экономиканы сактап калуу андан кийин жандантуу үчүн өкмөт тараптан көптөгөн акча бөлүндү. Мунун баарын кайтарып берүү керек. Андыктан келечекте бизнестер өскөндүн ордуна, карыздардан кутулууга умтулат, айрым мамлекеттер салыктарды көтөрүшү дагы мүмкүн.

Төртүнчүдөн, карантин чаралары жеңилдетилгенде бардык бизнестер ишин мурдагыдай улантып кете албайт. Авиация тармагындагы компаниялардан тарта ресторандар банкротко учурап, ишмердүүлүгүн токтотот. Көптөр жумушсуз калып, жаңы түзүлгөн жагдайда тиричилик кылуунун жолун табууга аргасыз болот.

Апрелдин ортосунда дүйнөлүк экономика үч пайызга төмөндөдү. Эл аралык валюта кору оптимисттик көз карашынан жазбай турат. Эгерде эле вирустун экинчи толкуну башталып, кайрадан карантин киргизилбесе, кийинки жылы 6 пайыз өсүү болушу мүмкүн. Ошону менен жоготуулардын ордун толуктаса болот.

Дүйнөнүн алдыңкы эң ири үч экономикасы артка кетти. Чейрек кылымдан бери биринчи жолу Кытайдын экономикалык активдүүлүгү кыскарды. Евробиримдик мындай жоготууларды баштан өткөрө элегине бир топ болгон эле. Ал эми АКШ экономикасынын узак жылдан берки өсүүсү токтоду. Америкада жумушсуздук жүз жылдыкта болуп көрбөгөндөй күчөдү.

Мурунку каатчылык он жылга созулган. Андан акча саясатын жумшартуу аркылуу, башкача айтканда акча басып чыгаруу менен чыгууга мүмкүн болгон. Бул жолу маселе капиталдын жетишсиздигинде эмес, вируска байланыштуу чыгымдар жана чектөөлөрдө.

Катаал жылдары каражаттын баары өнүккөн базарлардан агып чыга баштайт. Азыр дал ушундай маал. Капиталдын агымы девальвацияга алып келет. Бул жаңы алынган насыяларды эле эмес, эски карыздарды дагы көбөйтмөкчү.

Жыйынтыгында, салыштырмалуу анчалык бай эмес өлкөлөр, айталы, Орусия, Индия же Мексика сыяктуулар коронакризистен көбүрөөк жабыр тартат. БУУ бул тууралуу эскертүү жасап, антикризистик пакет үчүн 2,5 трлн доллар чогултууга чакырган.

Швециянын жолу

Дүйнөдөгү мамлекеттердин кризисти жайгаруу аракеттери ар түрдүү болуп жатат. Мындай кадамдар канчалык натыйжалуу болору дагы белгисиз. Дал ушул учурда экономиканы дагы сактап калса болот беле деген суроо жолдонууда. Көптөгөн мамлекеттер катаал карантин чараларын тандашты. Бул кадам жарандардын өмүрүн сактап калганы менен, экономиканы сазга батырды.

Шведы четко выполняют рекомендации властей. Очередь за алкоголем в государственный магазин

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Швециялыктар өкмөттүн социалдык аралыкты сактоо талабын так аткарышат

Европанын алдыңкы экономикалардын бири Швеция дүкөндөрдү, мектептерди жапкан эмес, катаал карантин чараларын дагы киргизген жок. Бир гана мүмкүн болушунча үйдө иштегиле, гигиенага көңүл бургула жана социалдык аралыкты сактагыла деген талап койгон.

Натыйжада Швецияда вирустан улам каза тапкандардын саны катаал карантин чараларын киргизген башка скандинав өлкөлөргө салыштырганда жогору болду. Мисалы, 84 миллион калкы бар Германияда 8200 киши вирустан көз жумса, 10 миллион калкы бар Швецияда 3800 адам вирустан каза тапты.

Бирок бул өлкөнүн экономикасы катуу кризиске учураган жок. Биринчи кварталда Швециянын экономикасы 0,3 пайызга кыскарды, башка Европа мамлекеттеринде 3,5 пайызга кыскарган.

Ага карабастан, адистер Швеция туура жолду тандады деп айтуу азырынча эрте экенин белгилешүүдө. Анын үстүнө дүйнөлүк экономика солгундаса, бул жагдай Швецияны айланып өтпөйт. Мисалы өлкөнүн экономикасынын жарымы экспортко байлануу, өлкөдө өндүрүлгөн Volvo үлгүсүндөгү унаага жана башка товарларга талап төмөндөсө, бул өлкөнүн экономикасына кедергисин тийгизет. Натыйжада, Швециянын каржы министри Магдалена Андерссон өлкөнүн экономикасы 2020-жылы жети пайызга төмөндөйт деп билдирди. Бул катаал карантин чараларын киргизген башка Европа мамлекеттеринен көп деле айырмаланбайт.

Швеция бийлиги өлкө "карантинге алтернативдүү жол сунуштады" деген пикирди четке кагууда. Өткөн аптада өлкөнүн премьер-министри Стефан Лёвен чет өлкөлүк журналисттерге басма сөз жыйын өткөрүп, карантинди колдобогон мамлекет деген имиджден баш тартты.

"Швецияда жашоо мурдагы нукта жүрүп жатат деген жалган маалымат. Өлкөдөгү абал андай эмес. Бизде дагы чоң өзгөрүүлөр болду",-деп билдирди Лёвен.

Швециянын модели элдин бийликке болгон ишенимине басым жасайт. Башкача айтканда бийлик кризис учурунда жоопкерчиликти мойнуна алып, өз талаптарын коет. Жарандар болсо өкмөттүн талаптарын, кеңештерин так аткарат.

"Швециянын модели узак мөөнөткө багыт алган. Карантинде үйдөн чыкпай отургандар дароо дүкөндөрдү кыдырып, акчасын коротпойт. Алар абал кандай болорун билбей, коркконунан акчасын колунда кармайт. Ал эми жеңил карантин киргизген Швециянын жарандары тезирек мурдагы жашоосуна кайтып барат деген жоромолдор бар. Бирок азырынча бул моделдин жыйынтыгы кандай болорун айтуу эрте. Менимче, жеңил карантин менен катаал карантин киргизген өлкөлөрдүн экономикалык абалы бирдей болот. Дүйнөлүк экономиканын кризиске батканы Швеция үчүн дагы оор болот",-деди экономика боюнча адис Кристина Ниман Financial Times басылмасына.