Кыргызстандык дыйкандар атаандаштыкка туруштук бере албай жатабы?

Дыйкандар четтен келген жемиштерге туруштук бере албай жатканын айтышууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Би-Би-Си жергиликтүү азык-түлүк өндүрүүчүлөр чет жердик товарлар менен атаандаша албай жатканы тууралуу жазган. Бул маселеге дыйкандар да туш болууда. Чет жерден кирген жашылча-жемиштер арзан болгондуктан жергиликтүүлөр сата албай, чыгымга учураганын айтышууда.

Бишкекке жашылча-жемиш “Сары-Өзөн” дүң базарынан тарайт. Руслан базарда соода кылган сатуучулардын бири. Анын айтымында, жергиликтүү товарды сатуу оор болуп жаткан экен.

“Жергиликтүү дыйкандардын товары кыйынчылык менен өтүп жатат. Сырттан товар көп кирүүдө. Ошондуктан өзүбүздө өндүрүлгөндөрдүн баасы түшөт. Мындай көрүнүш жылда эле болот. Күзүндө Кытайдан алманы алып келип муздаткычка толтуруп коюшат. Бирок азыр көбөйдү. Эми Иран кошулду. Азыр Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Кытай менен чек ара ачык эле иштеп жатат”,-деп айтып берди Руслан.

Бекболсун Байызбековдун Бишкекте жашылча-жемиш саткан дүкөнү бар. Саткан жемиштеринин 80 пайызы чет жерден келгенин айтат.

ЖК депутаты Жанар Акаев жада калса картошка Орусиядан келип жатканын айтты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ЖК депутаты Жанар Акаев жада калса картошка Орусиядан келип жатканын айтты

“Себеби, бул товарларды Кыргызстанда өндүрүлгөн жашылча-жемиштин баасы менен бирдей эле наркта алам. Бирок көрүнүшү кыйла жакшы, эл жакшы алат. Ирандын алмасы деле 65 сом, жергиликтүү деле 65 сом. Бирок Ирандыкы кооз, катуу, суулуу болуп турат. Дүкөндө картошка, пияз, сабиз, капуста, чөп-чар эле Кыргызстандыкы болбосо, калганы баары сырттан келген товар. Анын ичинен картошка дагы азыр Өзбекстандан келип калды. Анткени биздики быша элек. Чөп-чар да Оштон келип атат, ал жерге көбүнчө Өзбекстандан кирет”, - деди сатуучу. Ал кошумчалагандай жергиликтүү дыйкандар суроо-талаптын баарын жаап бере албайт.

Демек, Кыргызстан товардын саналуу гана түрү менен камсыз кылганына карабай, ошонусун да сырткы атаандаштан коргой албай жатат. Ушул маселени депутат Жанарбек Акаев 6-майда Жогорку Кеңеште көтөрдү. Ал өкмөт өкүлдөрүнөн аткезчилик менен чек арадан кирип жаткан товарларды токтотууга чакырды.

“Аткезчилик биздин айыл-чарбаны биротоло кыйроого алып келгени калды. Казакстан аркылуу Орусиянын картошкалары кирип, же мамлекетке акча төлөбөй, көлөмүн азайтып жаздырып, бүт каптады. Андан биздин эки-үч киши гана пайдасын көрүп жатышы мүмкүн. Күнөскана бизнеси да өлдү. Сырттан келген азык-түлүк бизди каптап кетти. Чек арага барып катуу көзөмөлгө алгылачы, болбосо чогуу баралы. Өзүбүздүн дыйкандар, фермерлер ыйлап жатат”.

Базар

Агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын башчысы Темирбек Ажикулов сырттан кирген азык-түлүк жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү базардан сүрүп чыгарып жатканын Би-Би-Сиге билдирди. Ал шаардагы ири соода түйүнү жумуртканы кандай алганын айтып берди:

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Мисалы, Казакстандан арзан баада, 60-70 сомго жумуртка алышкан. Биздин өндүрүшчүлөр мындай баада жумуртка табуу мүмкүн эмес деп түшүнбөй калды. Демек, бул жерде чоң күмөн жаралат. Ал же жумуртка эмес же мөөнөтү өтүп кеткен, болбосо аткезчилик жолу менен, мамлекетке эч кандай салыктарды төлөбөй кирген. Алып келүү жол киресин, башка чыгымдарын кошкондо жергиликтүү товардан да арзан болбош керек эле”.

Бажы кызматы үчүнчү өлкөлөрдөн келген жашылча-жемиштерден бажы төлөмүн алып киргизип жатканын, ички базардагы бааны көзөмөлдөй албай турганын, ага укуктук ченемдер жок экенин билдирди. Коңшу мамлекеттер менен чек арадан аткезчилик жолу аркылуу кирген жашылча-жемиштер тууралуу ачык маалымат берип келатканын кошумчалады.

Бажы кызматы үчүнчү өлкөлөрдөн келген товарлардан бажы төлөмдөрүн алат. Ал эми ЕАЭБге кирген Казакстан менен чек арада мурдагыдай көзөмөл жок. Кыргызстанга капуста, картошка сыяктуу товарлар, андан башкалары да эң көп Казакстандан жана ал аркылуу башка тараптан кирет. Айыл чарба министри билдиргендей Кыргызстанда 400 миң чамалуу фермер бар.