Пандемия маалында орозону коопсуз кармоо

Muslims breaking Ramadan fast with ceremonial meal

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Быйыл дүйнөгө таанымал, өмүр бою динди изилдеген молдолор ооз ачууга топтошпоого чакырды
    • Author, Рэйчел Шраэр
    • Role, Саламаттык боюнча кабарчы

Быйыл миллиондогон мусулмандар Орозо айын өзгөчө шартта өткөрүүгө аргасыз болду. Ислам дининде орозо кармоо жашы жеткен, ден-соолугу чың аял менен эркекке парыз катары саналат. Бирок пандемия шартында айрым өзгөчөлүктөргө көңүл буруу керек.

Дарыгерлер бир күн кечке наар албай жүрүү иммундук системага күч келтирет деп эскертип, Орозо айында күн батып, ооз ачылгандан кийин калорийлерди толуктоо маанилүү экенин белгилейт:

  • Макроазыктар - углеводдор, белоктор жана майлар
  • Микроазыктар - өзгөчө витамин C жана темир

Ошондой эле иммунитетти алсыздандырып албоо үчүн көп түрдүү азыктарды, анын ичинде жашылча-жемиш, буурчак жана дан азыктарын жеп туруу зарыл.

Бирок өтө эле көп тамактануу дагы иммунитетти алсыздандырат. Демек, тең салмакты кармоо, өтө аз же көп тамактануу зыян экенин эстен чыгарбайлы.

Жетиштүү уктап, көп кыймылдап жана көп түрдүү азыкты колдонуу аркылуу иммунитетке күч келтирбей орозо кармаса болот.

Man looking from balcony at praying people in mosque

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ден-соолугу начар, анын ичинде Covid-19 вирусун жуктургандарга орозо кармоого тыюу салынат

Ошондой эле социалдык аралыкты кармоо (көчөдө, дүкөн-базарда башка кишилерден эки метр аралыкта жүрүү), көчөгө өтө маанилүү учурда гана чыгуу жана колду улам самын менен жууп туруу дагы маанилүү.

Ден-соолугу начар кишилер кантет?

Диабет сыяктуу өнөкөт оорусу бар, ден-соолугу начар, анын ичинде Covid-19 вирусуна кабылган же андан жакында сакайгандарга орозо кармоого тыюу салынат.

Бул эреже карыяларга, кош бойлуу аялдарга жана бала эмизип жаткан келиндерге тийиштүү.

Андан тышкары Британиянын мусулмандар кеңеши дарыгерлерге дагы орозо кармоого тыюу салды. Себеби алар күнү-түнү бейтаптарды карап, иммунитети алсызданса, өздөрү инфекцияны жуктуруп алышы ыктымал.

Орозо кармоо ден-соолукка пайдалуубу?

Бир күн кечки оозго наар албай, өзгөчө суу ичпей жүрүү иммунитетти алсыздандырышы мүмкүн. Бирок иммунитет абдан татаал система. Андагы механизмдер организмди тең салмакта кармап турат.

Оозго наар албай жүрүү кортизол сыяктуу стресс учурунда пайда болгон гормондорду иштеп чыгат. Ал иммундук системага терс таасир этет.

Ошол эле учурда илимий изилдөөлөр орозо ден-соолукка пайда экенин аныктаган. Мындай учурда дене кайрадан калыбына келип, өлүп калган клеткалар жаңыланат. Демек, ден-соолугу чың аял менен эркекке орозо кармоо пайдалуу болушу ыктымал. (AT)